ГЕПАТИТ: ӨЗ СТАТУСУҢДУ БИЛ  — ДЕН СООЛУГУҢДУ КОРГО

  • 04.08.2026
  • 0

Жыл сайын 28-июлда Гепатитке каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет. Анын максаты — вирустук гепатиттер көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу, алдын алуу чаралары, өз убагында текшерүүдөн өтүүнүн жана дарылоонун жеткиликтүүлүгүнүн маанилүүлүгү тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу.

ГЕПАТИТ: ӨЗ СТАТУСУҢДУ БИЛ  — ДЕН СООЛУГУҢДУ КОРГО

В жана С вирустук гепатиттери узак убакытка чейин эч кандай белгилерсиз өтүшү мүмкүн. Бирок өз убагында аныкталып, дарыланбаса, боордун циррозу жана боор рагы сыяктуу оор кесепеттерге алып келиши ыктымал. Ооруну эрте аныктоо дарылоону өз убагында баштоого жана татаалдашуулардын алдын алууга мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз Республикасында В жана С вирустук гепатиттерине текшерүү, В вирустук гепатитине каршы эмдөө, ошондой эле өнөкөт вирустук гепатит менен ооруган бейтаптарды дарылоо республикалык бюджеттин эсебинен акысыз жүргүзүлөт.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер