ГҮЛМИРА КУДАЙБЕРДИЕВА: «ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН БЮДЖЕТТИК КОЛДООСУ БИЛИМ САПАТЫН КӨТӨРҮҮГӨ ЧОҢ ӨБӨЛГӨ ТҮЗДҮ»

  • 31.10.2018
  • 0

 

ГҮЛМИРА КУДАЙБЕРДИЕВА: «ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН БЮДЖЕТТИК КОЛДООСУ БИЛИМ САПАТЫН КӨТӨРҮҮГӨ ЧОҢ ӨБӨЛГӨ ТҮЗДҮ»

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Европа биримдигинин билим берүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Адриан Шарлот менен бирге Нарын облусунун Кочкор районундагы Калыгул Бай уулу, Нинакан Жүндүбаева атындагы мектептерге барды. Андан соң Нарын шаарындагы №8 Арстанбек Буйлаш уулу, №2 В.Чкалов атындагы мектептерде болуп, жалпы окуу иштери, кышка камылгасы менен жакындан таанышып кайтты.

Иш-сапары кадимки кар жатпаган Кочкор районундагы Теңдик айылындагы Калыгул Бай уулу атындагы мектептен башталды. Бул мектептин мугалимдери Кыргызстанды совет мезгилинде чейрек кылымга чейин башкарган Т. Усубалиевдин, азыркы олимпиада чемпиону А.Тыныбекованын жердеши болуп калышканы менен сыймыктанышарын айтышты. Мектеп босогосун аттап эле, алгач мугалимдер менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда министр мугалимдерге карата өз сөзүндө Европа биримдиги тарабынан эки жылдан бери Республикабыздын билим берүү системасына 36 млн. евро акча каражаты бюджеттик колдоо форматында каралганын, анын 6 млн. евросу техникалык жана гранттык колдоого, 20 млн. евросу мектептердин жалпы муктаждыгына жумшалганын айттып өттү.

ГҮЛМИРА КУДАЙБЕРДИЕВА: «ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН БЮДЖЕТТИК КОЛДООСУ БИЛИМ САПАТЫН КӨТӨРҮҮГӨ ЧОҢ ӨБӨЛГӨ ТҮЗДҮ»

– Акыркы эки жылдан бери Европа биримдиги тарабынан Кыргызстан бюджеттик олуттуу колдоо алып келе жатат. Ушундай форматта берилген жардам эң туура деп эсептейбиз. Анткени өкмөт билим берүү системасында кайсы багыттарын биринчи кезекте колдоо керек экенин карап чыгып, тиешелүү каражат бөлөт. Бизде билим берүү тармагы эң жооптуу тармак. Аны өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттын көлөмү да ошого жараша өсүп жатат десем болот. Мисалы, 2010-11-жылдары 11-12 млрд. болсо, бүгүнкү күндө ал 28 млрд. жетти. Мында курулуш иштерине бөлүнгөн каражаттарды кошуп эсептегенде 30 млрд. ашык болуп кетет. Мына акыркы беш жылда эле 282 жаңы типтүү, бардык шарттары бар мектептер курулду. Өткөн 2017-жылда Өкмөттүн чечими менен 875 мектеп Интернет менен камсыз кылынды. Дагы 693 мектепке Интернет киргизүү боюнча каражат чечилген. Буйруса, алар дагы Интернет менен камсыз болушат, -деди Г.Кудайбердиева.

ГҮЛМИРА КУДАЙБЕРДИЕВА: «ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН БЮДЖЕТТИК КОЛДООСУ БИЛИМ САПАТЫН КӨТӨРҮҮГӨ ЧОҢ ӨБӨЛГӨ ТҮЗДҮ»

Андан ары министр айым ушул эле Кочкор районунда 33 мектеп болсо, анын 30 Интернетке кошулганын, жолугушуу өтүп жаткан Калыгул бай уулу атындагы орто мектебине эле бюджеттен 22 млн. сом каралганын, анын эки млн. акча каражатына ремонт иштери жүргүзүлгөнүн, калган каражат да кийинки жылы толугу менен мектептин капиталдык ремонтуна жумшаларын айтып өттү.

– Европа биримдигинин колдоосу менен бөлүнүп жаткан каражат окуучулардын билиминин сапатын көтөрүүгө зор өбөлгө түзүп жатат десем жаңылышпайм. Былтыртан баштап мектептерди баалоо системасы башталып, андан 2000ге жакын мектеп аккредитациядан өтүштү. Бул биз үчүн маанилүү чара. Анткени бюджеттен бөлүнүп жаткан каражат канчалык эффективдүү иштелип жатканын аккредитация аркылуу аныктай алдык деп ойлойм. Мына ушундай биртоп маанилүү иштердин бүткөрүлүшүнө Европа биримдигинин көмөгү чоң экендигин дагы бир жолу белгилеп кетким келет, — деди министр сөзүн аяктап жатып.

Аталган уюмдун өкүлү Адриан Шарлот сөз кезегинде аталган программа дагы үч жылга узартыларын, калган 10 млн. евро акча каражаты Европа биримдиги тарабынан бюджеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Өкмөтүнө берилерин айтты. Аталган уюмдун өкүлү мектептердеги аткарылып жаткан иштерди өз көзү менен көрүп кубанганын, адам капиталын өнүктүрүүдө билимге өзгөчө көңүл бурулушун эске салып, кызматташуунун натыйжалуу болуп жатканын баса белгиледи. Министр Г.Кудайбердиева Европа биримдигинин бюджеттик форматта билим берүү системасына көрсөтүп келе жаткан колдоосу үчүн аталган уюмга терең ыраазычылыгын билдирди.

ГҮЛМИРА КУДАЙБЕРДИЕВА: «ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН БЮДЖЕТТИК КОЛДООСУ БИЛИМ САПАТЫН КӨТӨРҮҮГӨ ЧОҢ ӨБӨЛГӨ ТҮЗДҮ»

Андан ары сөз алган мектептин директору З.Табалдиев бул мектепте жалпысынан 115 миң окуучу, 63 мугалим бар экендигин, ага карата бюджеттен бөлүнүп жаткан каражаттарга мугалимдердин атынан ыраазылыгын билдирди.

-Европа биримдигинин жардамы менен 30 мугалимибиз өздөрүнүн билимин жогорулатып келишти. Мектептин чатырын жаап алдык. Мерсико уюму эмеректерибизди жабдыса, ПРООНдун көмөгү менен 12-ноябрдан тартып 1-4-класстарга ысык тамак уюштурганы жатабыз. Бул боюнча бардык шарттар түзүлдү,-дейт мектеп директору.

46 жылдан бери капиталдык ремонт көрбөгөн мектеп эми эмки жылы капиталдык ремонттон толук өткөрүлөрүнө директор терең ишенерин билдирди. Бул тууралуу ата-энелер комитети да министрге атайын кат тапшырганын мектеп директору айта кетти.

Андан ары Н.Жүндү-баева атындагы орто мектепте да алгылыктуу иштер жүрүп жатканына күбө болдук. Бул мектепте да ысык тамак уюштурулган. Ага жергиликтүү бийлик ар бир балага он сом төлөсө, ата-энелер беш сомдон кошуп беришет. Окуучулардын ысык тамакты кандай шартта ичишерин министр өз көзү менен көрүп, таанышып, бир күндүк менюсуна да кызыкты.

Бул жерден айрым мугалимдер министрге жаңы муундун китептери жөнүндө, анын жазылышы, мазмунуна байланышкан суроолорду беришти. Министр жаңы жазылып жаткан китептер апробациядан өтүп жатканда ар бир мугалим ага өз пикирлерин айта ала турган мүмкүнчүлүгүн түзүү каралганын, эч кандай сапатсыз китептердин чыгып кетүү шарты болбостугун, бул боюнча эң компетенттүү адистер иштеп жатканын баса белгиледи. Андан ары министр мектептерде окуу китебинин жетиштүүлүгүнө кызыгып, мугалимдердин өздөрүнөн сурап жатты. Бир катар мугалимдердин сабактарына кирип, ахыбалдарын сурап, айлык маяналарын тактады.

ГҮЛМИРА КУДАЙБЕРДИЕВА: «ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН БЮДЖЕТТИК КОЛДООСУ БИЛИМ САПАТЫН КӨТӨРҮҮГӨ ЧОҢ ӨБӨЛГӨ ТҮЗДҮ»

Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №8 мектепте 817 бала окуйт экен. Бул жакта да окуучуларга ысык тамак берилет. Аталган мектепте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын ресурстук борбор иштеп жатканына күбө болдук. Бул жерде 16 бала окуса, үчөөсүн мугалимдер үйүнө барып окутуп келишет. Мектептин директору Нарын шаары үчүн түзүлгөн бул ресурстук борбордун иши менен кеңири тааныштырып өттү. Министр мындай борборлордун ачылыш максаттары туурасында журналисттерге өзү айтып берди.

– Европа биримдиги бюджеттик колдоо көрсөтүп жатканда бизге бир катар шарттарды коюшкан. Ошолордун бири — инклюзивдик билим берүү, ага бардык шарттарды түзүү каралган. Шаарларда мындай борборлор иштеп жатат. Бирок аймактарда жокко эсе болчу. Азыр мындай борборлор ар бир аймакта ачылып, иштеп жатат. Ошол эле Европа биримдигинин көмөгүндө мугалимдер атайын курстардан өтүп, даярдалышты. Министрликте ушул эле инклюзивдик билим берүүнүн кеңири программасын түзүү боюнча эксперттик топ түзүп, иштеп жатабыз. Муну жакында өкмөттүн кароосуна сунуштайбыз,-деди министр мугалимдерге.

Андан ары министр Москвадагы онкология борборуна атайын барып келишим түзүп, көп мөөнөттө ооруканада жаткан балдарды окутуу программаларын алып келгенин, ал боюнча бир нече мугалим даярдалып, алардын ыкмалары менен Бишкектеги онкология бөлүмүндө окуу борбору ачылып иштеп жатканын кабарлады.

Нарында туруп Кыргызстанга атагы чыккан №2 айтылуу В.Чкалов атындагы мектеби да бизди жылуу кабыл алды. Журналисттер аталган мектептин тарыхы, жетишкендиктери боюнча тартылган тасманы көрүшүп, мектептин ийгиликтерине кубанышты. Мектептин жетишкендигин аныктаган көз жоосун алган стенддерди окуучулар өздөрү көрсөтүп, бизге кыскача түшүндүрмөлөрдү беришти.

Мектептин директору А.Самакова 1916-жылы капиталдык ремонтко бюджеттен 16 млн. сом акча каражаты бөлүнгөнүн, ал мектептин ички, тышкы ремонтуна жумшалганын айтты.

– Бизде бардык шарттар түзүлгөн. Туалет ичинде, жылуу суу бар. Бир гана имаратыбыз тар болуп жатат, — дейт ал. Азыркы учурда 2042 окуучу окуп, 96 мугалим иштеп жатат. Балдар көп болгондуктан үч сменде окушат. Бир класска 40тан ашык окуучу туура келет экен. Аталган мектепке окуучулар 5-класстан тартып тандалып келишет. Мектеп Россиядагы алдыңкы заманбап билим берүү мекемелери менен бекем байланыш түзүп, өз ара тажрыйба алмашып турушат.

Ошентип, кыш башталар алдындагы алгачкы суук кардын илеби каптаган алыскы Нарын облусундагы жылуу мектептерди, андагы мугалимдер менен окуучулардын көңүлдүү, жигердүү маанайларын көрүп, кубанып кайттык.

Майрамбек Токторов,

«Кут Билим», Бишкек-Нарын

 

Бөлүшүү

Комментарийлер