ФУТБОЛДУН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

  • 11.12.2024
  • 0

ФУТБОЛДУН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ10-декабрда  Бишкекте өткөн  Кыргыз Футбол Биримдиги тарабынан KFU Awards-2024 деп аталган иш-чара уюштурулуп, жылдын мыкты футболчулары, калыстары, футбол клубдары, стадиондору жана футбол ишмерлери  12 номинация боюнча  аныктады.

ФУТБОЛДУН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫЭң башкы  номинацияда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Кожо Жоэл «Жылдын мыкты футболчусу» деп таанылды. Бул наам үчүн улуттук кураманын оюнчулары Кайрат Жыргалбек уулу менен Одилжон Абдурахманов да ат салышып, талапкер болушту.  Кыргызстандык футбол күйөрмандарына «Кара кыргыз» каймана аты менен таанылган Кожо Жоэл Улуттук кураманын катарында быйыл январь айында Катарда өткөн Азия Кубогуна катышып, Оман курамасынын дарбазасына бир гол киргизди. Бул гол футболчуну Азия чөлкөмүндө таанымал кылып, адистердин көңүлүн бурган.

ФУТБОЛДУН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫАл эми «Жылдын мыкты футболчу айымы» наамы футбол боюнча кыз-келиндердин улуттук курама командасынын капитаны Айжан Боронбековага ыйгарылды. Ал быйыл литвалык «Жальгирис» клубу менен Литванын кыз-келиндер футбол чемпионатынын күмүш байгесин уткан. Бул наам үчүн улуттук курама командасынын оюнчулары Аяна Каратаева жана Акылай Садыкова дагы талапкер болушкан эле. Келечегинен үмүткөр кылган Айжан Боронбекова бул наамды экинчи ирет утуп алды. Ал 2018-жылы да «мыкты футболчу айым» наамына ээ болгон.

ФУТБОЛДУН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ“Жылдын мыкты футбол калысы” наамы  быйыл Парижде өткөн Олимпиада оюндарындагы футболдук беттештерде калыстык кылган эл аралык даражадагы калыс Вероника Бернацкая ыйгарылды. Ал бул наамды алган экинчи калыс кыз  катары таанылды. Ошондой эле Кыргызстандын 2024-жылдагы футзал боюнча мыкты калысы деп Талантбек Раимбердиев таанылды.

Мурдакы жылдардан айырмалынып, быйыл кыз-келиндер футболунун мыкты машыктыруучу номинациясы киргизилип, бул наам өлкөбүздүн айымдар футболунун өнүгүшүнө зор салым кошкон Гүлбара Уматалиевага берилди.

ФУТБОЛДУН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫСалтанаттуу кырдаалда “Жылдын мыкты машыктыруучусу” болуп, Кант шаарынын «Абдыш-Ата» футбол клубунун башкы машыктыруучусу Ислом Ахмедов табылып,

Футзал боюнча “Мыкты машыктыруучу” наамы» быйыл Мирланбек Абдыкадыровго ыйгарылды.

Ошондой эле  Оштун «Алай» футзал клубунун оюнчусу Кайрат Кубанычов “Мыкты футзал оюнчусу”,  “Дордой” футбол клубунун мурдакы оюнчусу Эрмек Кенжебаев «Жылдын мыкты жаш оюнчусу»  наамдарына ээ болушту.

ФУТБОЛДУН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ«Жылдын мыкты футбол клубу» наамы  Канттын»Абдыш-Ата» командасына ыйгарылды. Аталган клуб үч жыл катары менен Кыргызстандын чемпиондугун жеңип алуу менен көч башында турат.

Футболдун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Жалал-Абад облусунун футбол федерациясына “Жылдын мыкты федерациясы” наамы берилди. “Жылдын мыкты спорттук уюм” номинациясына – «Барселона» футбол академиясы ээ болду.

Ошондой эле быйылкы иш-чаранын башкы жаңылыгы катары «Жылдын мыкты футболчусу» жана «Жылдын мыкты машыктыруучусу» наамдар боюнча президенттин «2024-2034-жылдары Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгына ылайык 500 миң сом өлчөмүндөгү атайын сыйлыктар  Жоэл Кожо менен машыктыруучу Ислом Ахмедов салтанаттуу кырдаалда тапшырылды. Бул мамлекет башчыбыздын демилгеси кыргыз футболунун өнүгүшүнө шык, дем-күч берген мыкты саамалык болмокчу,-деди Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев.

ФУТБОЛДУН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ-Быйылкы жыл мен үчүн абдан чоң мааниге ээ жыл болду деп айта алам. Сыйлыкка ээ болгонум үчүн абдан кубанычтамын. Анткени бул жылы мен өзүмдү толугу менен футболго арнадым. Бул жыл эле эмес, мен ар дайым болгон күчүмдү жумшайм. Бирок ушул жыл мен үчүн өзгөчө болду. Абдан кубанычтамын. Бул жерде болуу мен үчүн оңой болгон жок. Ушул сыйлыкты алып ушул жерде турганыма кубанычтамын”, — деди «Жылдын мыкты футболчусу» аталган Жоэл Кожо.

Football Awards сыйлыгы 2015-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Футбол биримдиги тарабынан жыл сайын өткөрүлүп, мыктылар аныкталып келет.  Бул аралыкта кыргыз футболунун жылдыздары атыккан Валерий Кичин, Гүлжигит Алыкулов, Алимардон Шукуров, Кайрат Жыргалбек уулу баштаган бир нече футболчулар «мыкты футболчу» наамына ээ болушкан.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, “Кут Билим”  

Бөлүшүү

Комментарийлер