ФОТОРЕПОРТАЖ — СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ӨЗ ЫКТЫЯРЫ МЕНЕН ПРЕЗИДЕНТТИК КЫЗМАТТАН КЕТТИ

  • 16.10.2020
  • 0

 16-октябрда, Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен тапшырып жаткандыгын расмий жарыялады. Өз сөзүндө ал Мамлекет башчысы болуп иштеген үч жылдык мезгил ичиндеги ишмердүүлүгү жөнүндө кыскача айтып берди.

ФОТОРЕПОРТАЖ — СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ӨЗ ЫКТЫЯРЫ МЕНЕН ПРЕЗИДЕНТТИК КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Төмөндө экс-президент Сооронбай Жээнбековдун сүйлөгөн сөзү:

«Урматтуу мекендештерим!

Урматтуу депутаттар!

Президенттик кызматка шайланганыма кече үч жыл болду.

Кудайдын буйругу экен, элдин колдоосуна таянып, мамлекеттик бийликтин баардык бутактары менен биргеликте ички жана тышкы саясатта бир топ иштерди аткардык.

2017-жылы президентке аттанганда берген негизги убадаларымды аткаруу — ушул үч жылдык эмгегимдин өзөгүн түздү.

ФОТОРЕПОРТАЖ — СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ӨЗ ЫКТЫЯРЫ МЕНЕН ПРЕЗИДЕНТТИК КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Президенттик мөөнөтүмдүн алгачкы жылын тышкы саясатты жолго коюуга жумшадым.

Бул көзгө көрүнбөгөн, бирок көп убакытты жана күч-аракетти талап кылган түйшүктүү иш болду.

Тышкы саясатты улуттук кызыкчылыктарыбызга толук жооп бергидей жүргүздүк.

Мамилебиз солгундап калган мамлекеттер менен өнөктөштүгүбүздү бекемдедик.

Өлкөнү санариптештирүү, калкты таза суу менен камсыздоо, жаңы жерлерди өздөштүрүү, калкты турак жай менен камсыз кылуу — бул менин президенттик ишимдин негизги багыттары болду.

Ички миграцияны токтотуу максатында аймактарды өнүктүрүү саясатына өзгөчө басым жасадым. Бюджеттик жана өлкөнүн финансы институттарынын каражатын элетке бура алдык.

Өлкөбүздүн экспорттук потенциалын көтөрүү максатында аймактардагы ишкерлер, өзгөчө кайра иштетүү тармагы сезилерлик каржылык колдоо алышты.

ФОТОРЕПОРТАЖ — СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ӨЗ ЫКТЫЯРЫ МЕНЕН ПРЕЗИДЕНТТИК КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Сот-укуктук реформасын ордунан жылдырдык.

Коррупцияга каршы күрөш жүрдү.

Көп жылдар бою талашка түшүп келген „Коопсуз шаар“ долбоорун ордунан жылдырдык. Патрулдук милиция өлкө борборунда ишин баштап, Ош шаарында даярдалууда.

Мына ушул жана башка иштердин баары эң биринчи кезекте — ар бир жарандын жашоосун жакшыртуу максатында жасалды.

Урматтуу мекендештерим,

Өлкөбүздүн тарыхы 6-октябрга чейин жана андан кийинки учуру деп өлчөнүп калды. Бул факт.

Бул бурулуш бизге эмне алып келет — тарых жана убакыт өз баасын берет.

Бул күндөр ар бир кыргызстандык үчүн эң оор күндөр болду.

Менин дарегиме колдоо айтуу менен бирге, мамлекет башчысы катары тез арада кырдаалды жөнгө салуу талаптары, катуу сын пикирлер айтылды.

Кыйчалыш учурда эмнелер жасалганын азыр кайрадан айтып отурбайын. Болгон күч-аракетимди өлкөнү укуктук талаага кайтарууга жумшадым.

Мамлекетибиздеги журт тааныган ишмерлер жана өнөктөштөрүбүз менен консультацияларды жүргүздүм.

Жүздөгөн мекендештерим тынчсыздануусун билдирип, кеңештерин айтышты.

Баарыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок экендигине дагы бир ирет ынандым.

Биздин жарандык коом күчтүү жана ачык деп буга чейин айтып келгем.

ФОТОРЕПОРТАЖ — СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ӨЗ ЫКТЫЯРЫ МЕНЕН ПРЕЗИДЕНТТИК КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Жарандык коом менен массалык маалымат каражаттарынын ушул күндөрдөгү аракеттери, „Кыргызстан — укуктук өлкө“ экендигин далилдөөгө багытталды.

Мына ушундай жарандык позицияңар үчүн баарыңарга ыраазылыгымды билдирем.

Опурталдуу күндөрү коомдук тартипти сактаган элдик дружиналар — чыныгы каармандарыбыз болуп калды.

Алар Бишкек шаарынын тургундарынын терең сый-урматына татыктуу.

Учурдан пайдаланып,  Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабаган өнөктөштөрүбүздүн, анын ичинде Россия Федерациясынын, Казакстандын, Америка Кошмо Штаттарынын, Великобританиянын, Бириккен улуттар уюмунун, Евробиримдиктин жана ТүркПАнын жетекчилигине ыраазылык  билдирем.

ФОТОРЕПОРТАЖ — СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ӨЗ ЫКТЫЯРЫ МЕНЕН ПРЕЗИДЕНТТИК КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Урматтуу мекендештерим!

»Мамлекеттин башына эң кыйын учур келгенде, жоопкерчиликти таштап кетип калууга акысы жок« деген элдин үнүн угуп, бул күндөрү болгон аракетимди жумшадым.

Мен үчүн — өлкөбүздүн бүтүндүгү, элибиздин биримдиги, коомубуздун ынтымагы баардык кызмат ордунан бийик.

Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү — баарынан кымбат.

Өлкөбүздө тынчтыкты сактап калуу, элди бөлүп жарбоо максатында Президенттик кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым.

Албетте, бул чечим коомчулук тарабынан ар кандай кабыл алынууда.

Бул туура чечимби же жокпу — тарых жана убакыт таразалайт.

Кудай алдында, кадырлуу журтумдун алдында жүзүм жарык.

Ушул курак, ушул кызматка жеткенге чейинки топтогон тажрыйбамды мындан ары да элим үчүн колдон келишинче жумшайм.

Албетте, бүтпөй калган иштер калды. Буга ичим ачышпай койбойт.

Аткарылчу дагы милдеттер көп эле.

Ар бир президенттин чоң кыялы, максаты болот экен.

ФОТОРЕПОРТАЖ — СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ӨЗ ЫКТЫЯРЫ МЕНЕН ПРЕЗИДЕНТТИК КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Менин амбициялуу максатым — Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору эле.

Бул долбоор боюнча жогорку денгээлдеги сүйлөшүүлөр болуп, саясий чечим кабыл алынган.

Эксперттер ишке киришип, маселе ордунан жылган.

Билесиздер, бул долбоор Кыргызстандын келечеги үчүн аба менен суудай зарыл.

Бийликке келе жаткан азаматтарга ушул ишти улантуу аманатын калтырып, кетип жатам.

Кудайдын колдоосу менен ушул долбоордун ишке ашуусун тилейм. Ийгилик каалайм.

Урматтуу мекендештерим!

Иш болгон жерде кемчиликтер болду.

Алар үчүн, кадырман элим, сиздерден кечирим сурайм.

Ар бир мекендешиме ден-соолук жана бакыт-таалай тилейм.

Ар бир үйдө жакшылыктар көп болсун.

Үч жылдык ишимде мага ишеним көрсөтүп келген мекендештериме, чогуу иштешкен бардык бийлик бутактарына, мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга, өзүмдүн аппаратыма, жарандык коомго жана медиа тармагына терең ыраазылыгымды билдирем.

»Эки тизгин, бир чылбырды колго алып жаткан« жаңы бийликтин ишине ийгиликтерди каалайм.

Баарыбыздын тагдырыбыз жалгыз гана Кудайдын амиринде.

Мээримдүү, ырайымдуу Жараткан Кудайым Өзү колдоп, элибизде  аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!

Аман болуңуздар, урматтуу мекендештерим!»

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү    

Бөлүшүү

Комментарийлер