Финансылык автономия: университеттердин ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНӨ ӨБӨЛГӨ
- 14.02.2025
- 0
2022-жылдын ноябрь айынан баштап Кыргызстанда европалык Эразмус+ долбоорунун “Кыргызстан университеттеринин финансылык автономиясын өнүктүрүү” (DEFA) долбоору ишке ашырылып келет. 7-февралда ушул долбоордун алкагында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Финансылык автономия моделин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу” темасында семинар болуп өттү.
Семинар Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде финансылык автономия концепциясын жайылтууга жана тереңдетүүгө багытталган. Иш-чарага университеттин жетекчилери, финансы боюнча менеджерлери, факультеттердин, кафедралардын башчылары жана Каракол шаарында жайгашкан колледждердин, кесиптик лицейлердин финансы менеджерлери катышты.
DEFA долбоорунун алкагында иштелип чыккан финансылык автономия модели билим берүү мекемелерине коомдун жана рыноктун өзгөрүп жаткан муктаждыктарын канааттандыруу үчүн ресурстарды мобилизациялоого, башкарууга жана оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин DEFA долбоорунун изилдөөчүлөрү Б.Таштобаеванын, Н.Курманованын баяндамаларында Кыргыз Республикасынын окуу жайларынын финансылык автономиясынын стратегиясы жана модели, ага тиешелүү ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасынын окуу жайларынын өзгөчө статусуна тиешелүү ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу боюнча кеңири маалымат беришти. Ошондой эле К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин башкы бухгалтери М.Токтогулов окуу жайда финансылык автономия моделин ишке ашырууда жетишкендиктери жана көйгөйлөрү менен тааныштырып, катышуучулар үчүн баалуу үлгү болду.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар Европалык Биримдик университеттеринин финансылык автономиясынын ийгиликтүү тажрыйбалары менен таанышып, талдап чыгышты. Топторго бөлүнгөн катышуучулар өз мекемелеринин муктаждыктарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө шайкеш келген моделдерин түзүүгө басым жасап, жеке иштердин үстүндө иштешти. Катышуучулар жогорку окуу жайлардын финансылык көз карандысыздыгын жана туруктуулугун жогорулатуу боюнча пикир алмашып, чечимдерди сунушташты.
Бул семинар 2024-жылдын 29-октябрында Ош мамлекеттик университетинде да өткөрүлгөн. Иш-чарага Ош техникалык университетинин, Ош педагогикалык университетинин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Баткен мамлекеттик университетинин, Кыргыз-Өзбек университетинин жетекчилери жана финансы менеджерлери катышкан.
Мындай семинарлар Кыргызстандагы жогорку билим берүүнү реформалоонун алкагында финансылык автономияга өтүүгө көмөктөшүүдөгү маанилүү кадам болду. DEFA долбоору эл аралык стандарттарга ылайык университеттердин стратегиялык өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү инновациялык финансылык башкаруу системасын өнүктүрүүнү жана долбоордун планына ылайык мындай семинарларды Бишкек шаарынын, башка региондордун окуу жайлары үчүн да уюштурууну улантат.
М.Чыныбаев. Б.Таштобаева, А.Чокморова.
И.Раззаков атындагы КМТУ
Комментарийлер