“ЭСИМДЕ”: МАҢКУРТТУН ТҮШҮ

  • 02.11.2020
  • 0

Кыргызстанда 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Ушул күндү утурлап, “Эсимде” долбоору «Маңкурттун түшү» II эл аралык конференцияда —  «Маӊкурт жана эс тутум»; пост/де-колониалдык теория; долбоорлордун презентациялары; тарыхый эс тутум;  «Үркүн» -1916; “Саясий куугунтуктар”: Кулакка тартуу процесси, саясий кугунтуктоолор (1937-1953); «Экинчи дүйнөлүк согуш туткундары»; «Эгемендүүлүк» жана эс тутум образдары тууралуу кызыктуу докладдар окулуп, талаш-тартыштуу талкуулар катышуучулардын бүйүрүн кызытты. Конференция «Маңкурттун түшү» көргөзмөсү менен коштолду.

“ЭСИМДЕ”: МАҢКУРТТУН ТҮШҮ

Уюштуруучулар «Полис Азия» Аналитикалык борбору менен «Эсимде» долбоору «Маңкурттун түшү» метафорасы конференциянын концептуалдык негизи катары тандалганын белгилешти.

  • Маӊкурт — бул өткөнүн унуткан, эс тутумун жоготкон, өзүнүн тарыхын унуткан, аны туура талдап биле албаган, өзүнүн тамырларынан ажыраган колониалдык мезгилде дүйнөнүн кайсы бир географиялык бурчунун идеологиялык үстөмдүгүндө калган киши. Маӊкурт жашайт. Ал бардык нерсеге ыраазы болуп көрүнгөндөй, бирок түшүндө аӊ-сезими өткөндүн белгилерин жибергендей. Ал түшүндө өзүн түшүнүүгө жана өзүнүн ким экендигин түшүнүүгө аракет кылып жаткандай. «Маңкурттун түшү» метафорасын азыркы Борбордук Азиянын пост/де-колониалдык дискурсунун бир түрү катары эсептеп, memory studies призмасы аркылуу ой жүгүртүүгө чакырдык, — дейт уюштуруучулардын бири Эльмира Ногойбаева.
  • “ЭСИМДЕ”: МАҢКУРТТУН ТҮШҮ

Анын айтуусуна караганда, өткөнгө кайрылууда ириде адамдардын акыл-эсинде калгандар иликтенет. Memory studies  —  учурдагы социалдык-гуманитардык билимдердин ушу тапта ургаалдуу өнүгүп жаткан багыттарынын бири.

— Буга чейин ак-карага гана ажыратылган тарыхынын ачылбаган барактарын иликтөөгө, мамлекет саясаты менен аео билбес мезгил бүктөмүндө унутулуп кеткен барактарын кайрадан ачууну көздөп  жатабыз. “Эсимде” долбоору унутта калгандарды эстеп, аларды жашоо-тиричилигин иликтеп, тарыхта айтылбай, жазылбай калгандарды алып чыгуу милдети мойнубузда турат. Маселен, репрессия, депортация, басмачылар жөнүндө көп нерселер көмүскөдө жатат. Мындан сырткары согуш туткундары тууралуу тема ачылбай турат. Кезегинде И.Сталин: “Бизде согуш туткундары жок, саткындар бар” деп айткан эле. Булар тууралуу эмнегедир унчукпайбыз. Окуу китептеринде көп нерселер жазылбай, айтылбай калган. Анткени окуу китептерин мамлекеттик кызматтта иштеген адамдар жазат. Бүгүнкү күнгө келсек, 2005-, 2010- жана 2020-жылдагы окуяларга азыркыга чейин революциябы же төнкөрүшпү деп так аныктай элекпиз. “Чиеш тагдырлар” китебимде 12 адамдын тагдыры тууралуу жазылат. Тарыхта булар тууралуу бир дагы сөз жок. Бизге мектеп мугалимдери көп кайрылышат, басмачылар темасын кантип беребиз, класстын жарымы басмачылардын неберелери. Алар душмандар деп, кантип айтабыз? – деген суроолорду беришет, — дейт Эльмира айым.

Конференциянын катышуучусу, И.Арабаев атындагы КМУнун доценти, т.и.к. Жумагул Байдилдеевдин пикиринде, конференциянын аталышы туура эмес болгону менен, коюлган маселелер абдан актуалдуу экен.

  • “Эсимде” долбоорунун жетекчилерине өзүмдүн сын-пикиримди билдиргем. “Маңкурттун түшү” деген бул кыргыздын баласын кемсинткенине барабар. Маңкурт —  акыл-эсинен айныган, өзүнүн эси жок, улутун, тарыхын унуткан адам деп билебиз. Азыр кыйчалыш абалда, мамлекетибиз бычактын изинде турса, өзүбүздү маңкурт деп айтканыбыз туура эмес. Бирок негизги темалары 1916-жылкы Үркүндөн баштап, андан берки кулакка тартуу, репрессия, 1950-жылдагы куугунтуктоолор, бүгүнкү эгемендик учурундагы көйгөйлөрдү, тарыхтын кара тактары тууралуу козголгон көйгөйлүү темалар экен. Мен “Репрессия курмандыктардын мисалында мамлекеттүүлүктү сактоо” деген доклад жасадым. Тарыхка кылчайып карап, баа берип, келечекке кадам жасашыбыз керек, — дейт тарыхчы.

Конференциянын аталышын кабыл албаган дагы бир окумуштуу, И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучусу Гүлзада Абдалиева да “Маңкурттун түшү” деген аталышка каршы экенин билдирди.

  • Негизи тарых талаш-тартыштан такталат эмеспи. Ошондуктан тарыхчылар кенен талкуулап жатабыз. Менин изилдөөм 1916-1934-жылга чейин кыргыз элинин аргасыз Кытайга миграцияланышы. Биз бул аянтчаны пайдаланып, өзүбүздүн оюбузду айтуу үчүн келдик. Негизинен бул конференцияда айтылгандардын баары окуу китептеринде бар, — дейт окутуучу.

Дагы бир жаңылык, “1916-жылдагы Көтөрүлүштү изилдөө максатында Борбор Азиядагы илимий коомчулуктарды бириктирүү жана саясый жана улуттук жагынан этияттыкты талап кылган маселелерди изилдөө максатында жалпы илимий чөйрө түзүү” долбоорунун алкагында биринчилерден болуп доктор  Катрин Пужоль 1916-жылдагы каргашалуу окуя боюнча карта түзүү идеясын көтөрүп чыккан эле. Бул долбоор Ачык коомду алдыга жылдыруу фондунун колдоосунда Айгине маданий-изилдөө борбору ишке ашырып жатат.

  • 2018-жылдын октябрь айында Айгине МИБдин алдында түзүлгөн жумушчу топтун ичине долбоордун катышуучулары жана башка адистер кирген. Иш төмөндөгү беш картаны түзүү менен жыйынтыкталууда: 1916-жылдын 4-июлдан 23-августка чейинки Пишпек уездиндеги окуялардын картасы; 1916-жылдын 4-июлдан 23-августка чейинки Пржевальск уездиндеги окуялардын картасы; Көтөрүлүштөгү кол башчылардын картасы;1916-жылдын август-октябрь айларындагы Үркүндүн (аргасыз качуу жолдорунун) картасы жана 1916-жылдагы көтөрүлүштү эскерүү жеринин картасы.  Картаны түзүү иши бир нече тепкичтен турду: Семиреченск облусунун Пишпек жана Пржевальск уездиндеги окуялардын хроникасын түзүүдө ар түрлүү документалдык далилдөөлөргө таянуу; Google Карталардын негизинде окуялардын картасын түзүү; Көтөрүлүштүн кол башчылары тууралуу, аргасыздан көчүп кетүү жана эскерүү жерлери боюнча  маалымат чогултуу жана талдоо;  Картанын белгилерин жана мазмунун түшүнүктүү кылуу, көрүп кабыл алууну жакшыртуу; Карталарды кыргыз, орус жана англис тилдерине которуу жана  Интерактивдүү карталарды түзүү, — дейт Айгине МИБнин директору, ф.и.д., профессор  Гүлнара Айтпаева.

Нарын мамлекеттик университетинин окутуучусу Гүлжамал Эсеналиеванын айтымында, Үркүндүн  жүрүшү, катышуучулары тууралуу иштелип чыккан  үч чоң карта тууралуу  учурда студенттерге маалымат берилүүдө.

“Эсимде” долбоору менен иштешип келаткан Кочкор районундагы Рысмендеев атындагы мектептин директору Болот Бообек уулунун айтымында, тарыхты терең түшүнүү жана анын сабактарын эске алуу менен гана Кыргызстан келечектеги өнүгүүнүн багыттарын туура аныктап, болочок муун үчүн бекем негиз түзүп, азыркы дүйнөдө өзүнүн татыктуу ордун ээлей алат. Өткөн жолун унуткан эл келечекке жол таппайт.

  • Бул долбоордун изилдөө ыкмасына ынанып, тарыхый жайлар боюнча кызыгуу башталды. Эки теманын үстүндө изилдөө жүргүзүп жатам. Тарыхты изилдегенге чоң салым кошушубуз керек. Маселен, 20-кылымдын тарыхы боюнча жөнөкөй инсандардын тарыхта орду бааланбай калган. Ошол эле Улуу Үркүн деген элдик аталыш же улуттук боштондук үчүн көтөрүлүштөгү эл оозунда калган маалыматтар, өз кезинде педагогикалык багытта дагы, кийинки муунду тарбиялаганга дагы чоң сабак болот. Алардын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө кошкон салымы, көп кыйынчылыктар менен келген эгемендүүлүгүбүздүн баркын кийинки муунга жеткирүүдө баарын ачык көрсөтүлүп жатат. Андан кийинки изилдеп жаткан темам: “Улуу ата мекендик согуш”.  Согуштан кайтып келген жана кайтпай калган жоокерлердин тагдыры. Кайтпай калгандардын ысымы эки сөз менен тарыхта берилиши мүмкүн, бирок ошол эле мезгилде алардын чоң эрдиктери жөнүндө маалымат жок. Маселен, Токтоматов Садырбек деген атанын каты колума тийип калып, аны изилдеп чыктым. Менин колума анын  жыйырмадай каты тийди, аны жоокердин үй-бүлөсү мурас катары сактап жүрүшүптүр. Анын жашоосу Ч.Айтматовдун Майсалбегинин образына окшоп кетет. Мугалим болуп иштеп жаткан учурда согушка аттанган экен. Тилекке каршы, согуштан келбей калган. Анын кайсы жерге көмүлгөнүн тактадык. Белгилей кетчү нерсе, мектепке музей уюштурганбыз, согуш майданынан келген каттардын оригиналдарын койдук. 2017-жылы мектептин бүтүрүүчүлөрү демилге көтөрүп,  согуштан келбей калган аталардын эстеликтерин жаңылатып, оңдотуп, кийинки урпактарга жеткирели дедик, — дейт директор.

Ошентип, үч күндүк конференция катышуучуларды М.В.Фрунзе менен О.М.Мануйлованын мемориалдык үй-музейлерине экскурсияга алып баруу менен жыйынтыкталды.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер