ЭР ЖИГИТ ЭЛ ЧЕТИНДЕ, ЖОО БЕТИНДЕ!
- 05.12.2025
- 0
2025-жылдын 5-декабрь күнү Кызыл-Кыя шаарында Испан Абдрахманов атындагы мектепте майор Дилмурат Шамшиев атындагы аскерге чейинки даярдоо каанасында иш -чара өттү. Бул АЧД каанасы «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин төрагасы Жайлообай Эшанкуловдун демилгеси менен 2024-жылы «Мекенди коргоочулар коомдук бирикмеси тарабынан ачылган. Демөөрчү полковник Абылмажин Шадыбеков.
“
Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” аталышындагы шаардык семинарга Кызыл-Кыя шаарынын вице мери Илязбек Бабаев,Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жыпаргүл Дуйшобаева катышып Мекенди коргоочулар коомдук бирикмесинин төрагасы Ж Эшанкуловго ыраазычылык катын тапшырышты.

Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары милициянын подполковниги Арслан Турсунов менен бирге милиция кызматкерлери катышып, аскердик куралдарды чачып-жыйноонун эрежелерин практикалык түрдө окуучуларга көрсөттү. Жолдо жүрүү, жол эрежелерин сактоо жөнүндө толук маалымат беришти. Ошондой эле жарандык коргонуу боюнча окуучулар медициналык жардам көрсөтүүнүн ыкмаларын практика жүзүндө көрсөтүп беришти.
Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары подполковник Арслан Турсунов сөзүндө майор Дилмурат Шамшиевдин басып өткөн жолун, 2010-ж, 2021-2022 жылдары Баткен коогалаңына катышканын жана Төө-Ашууда күйүп жаткан бензин ташуучу машинанын айдоочусун куткарууда көрсөткөн эрдигин сыймыктануу айтып өттү.

.»Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин төш белгилери менен Испан Абдрхманов атындагы орто мектептин мугалимдери Маматисман кызы Айзирек жана Давляева Нуржамал сыйланды.
Комментарийлер