МЕКТЕПКЕ «ТҮНДҮК» ТИРКЕМЕСИ АРКЫЛУУ КАТТАЛУУ МҮМКҮН
- 26.03.2025
- 0
26-мартта Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз борборунда журналисттер үчүн болуп өткөн жыйында санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Рахат Жусумамбетова мындан ары биринчи, экинчи класстарга окуучуларды «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу каттоого мүмкүн экенин белгиледи.
— Бүгүн биз сиздерди «Түндүк» мобилдик тиркемесиндеги жаңы кызмат менен тааныштырууну эп көрдүк. Маалым болгондой, Билим берүү жана илим министрлиги, Санариптик окутуу борбору жана «Түндүк» мамлекеттик мекемеси биргеликте мектепке электрондук жазылуу боюнча жаңы кызматты иштеп чыгышты. Бул кызматтын негизги максаты жарандардын мектепке жазылуусун жакшыртуу болуп саналат. Катталуу кандай тартипте жүрөт? Ата-эне «Түндүк» тиркемесиндеги өзүнүн каттоосу боюнча системага кирип, мектеп жашына жеткен баласынын кайсыл мектепке жазылганын биле алат. Эң маанилүүсү, ата-эне окутуу тилин туура тандашы керек. Эгерде ата-эне система сунуштаган мектептен баш тартып жатса, анда анын себептерин так көрсөтүп бериши керек. Эгерде баласы системадан чыкпаса, анда анын күбөлүгүн «Түндүк» тиркемесине киргизиши зарыл. Система сунуштаган мектептен баш тарткандар үчүн электрондук каттоонун экинчи этабы сунушталып, башка мектептердеги бош орундарга ылайык окуучу мектепке катталат, — деп санариптик өнүктүрүү министринин орун басары.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер