ЭМГЕК АКЫ ЖАНА КОЭФФИЦИЕНТ МАСЕЛЕСИ КҮН ТАРТИБИНДЕ
- 18.03.2026
- 0
Кыргызстанда мугалимдердин эмгек акысы 1-апрелден тарта жүз пайызга жогорулайт деген билдирүү жазгы көктөмдөгү кубанычка бөлөгөн эң жакшы кабар болуп турат. Ошол эле учурда мугалимдердин бир бөлүгү эмгек акыдагы айырмачылыкты теңдөө жөнүндө маселе коюуда.
Агартуу министри бул аптада Ысык-Көл облусундагы мектептерди кыдырып, Ак-Суу, Түп райондорунда, Балыкчы шаарында мугалимдер менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө мектептеги билим берүүнүн актуалдуу маселелери менен катар мугалимдердин эмгек акысын төлөөдөгү айырмачылыкты жоюу маселеси дагы көтөрүлдү.
“Бул жерде бир суроо болуп атат. Химия, биология, физика мугалимдери эмнеге 20% жогору алат, а биз STEMге киребиз, бирок эмнеге аз алабыз деп география мугалимдери айтып жатат. Бүгүн Кыргызстанда эң жетишпеген кыргыз жана орус тилдеринде табигый, так илим сабактарын берген мугалимдер экенин түшүндүрдүк”, — деди Догдуркүл Кендирбаева.
STEM сабактарынын мугалимдерин колдоо иретинде колдонулган коэффициент убагында мектептерде табигый илимдер — физика, химия, биология боюнча мугалимдердин тартыштыгы курч болгон көйгөйдү чечүүнүн аргасы болгон эле.
Министр ошондой эле эмгек акынын жогорулашы бардык категориядагы билим берүү кызматкерлерине бирдей тиешелүү экенин барган жеринин баарында айтууда. Анын ичинде бала бакча тарбиячылары, кесиптик окуу жайлардын мугалимдери, методисттер жана техникалык кызматкерлер да бар. Мисалы, мурда 5–7 миң сом алган айрым кызматкерлердин айлыгы эми 18 миң сомго чейин көтөрүлөт.
Мугалимдердин эмгек акысындагы коэффициенттерди кайра карап чыгуу өтүнүчү менен Министрлер Кабинетине билим берүү кызматкерлеринин профсоюздары дагы кайрылды. Анда ар кайсы предметти окуткан мугалимдердин айлык акысындагы айырмачылык көрсөтүлгөн.
“Учурдагы жана сунушталып жаткан моделге ылайык, айрым сабак мугалимдери — айрыкча математика, физика, химия жана биология боюнча — башкаларга салыштырмалуу жогору айлык алышат. Мисалы, базалык айлык 23 миң сомдон башталса, айрым предметтер боюнча ал 27 миң сомдон ашат. Эмгек стажы кошулганда айырма 6,9 миңден 11,5 миң сомго чейин жетет”, — деп айтылат кайрылууда.
Мугалимдер өз кезегинде алардын баарынын аткарган ишинин көлөмү дээрлик бирдей деп жүйө коюшууда: сабак өтүү, даярдануу, дептер текшерүү, тарбиялык жана методикалык иштер, ата-энелер менен байланыш — бул милдеттер бардык предмет мугалимдерине тиешелүү.
Ошондуктан алар “бирдей эмгекке — бирдей акы” принцибин негиз кылып, коэффициенттерди кайра карап чыгуу талабын коюшууда.
Ошентип бир жагынан мамлекет конкреттүү тармактардагы кадр тартыштыгын чечүүгө аракет кылып жатканын да түшүнүү керек. Чынында эле STEM багытындагы мугалимдердин жетишсиздиги көйгөйлүү маселе.
Экинчи жагынан, бул мектеп ичиндеги социалдык адилеттүүлүк маселесин козгоп койду. Бир эле мектепте иштеген, жүктөмү окшош мугалимдердин айлыгындагы айырмачылык жөнүндө коомчулукка жогортон негиздүү түшүндүрмө керек болууда.
Мугалимдердин эмгек акысын 100% көтөрүү президент Садыр Жапаровдун өзүнүн түздөн түз демилгеси жана колдоосу менен болуп жаткандыктан, педагогдор коюп жаткан талап көңүл сыртында калбайт деп ишеничтүү айтсак болот. Агартуу жана Финансы министрлиги биргелешип, педагогикалык коомчулуктун өкүлдөрү, профсоюздар менен кеңешип, бир мунаса чечимге келет деп жакшы үмүт арталы. Анткени, билим берүүдөгү башталган заманбап жаңылануунун өзөгү болгон мугалимдер президенттин саясатында артыкчылыктуу багыт болуп келатканы белгилүү.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер