Элеттик медиа-борбор — калк кызматында

  • 05.03.2026
  • 0

Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин “Шапак” жамааттык мультимедиа борбору 2020-жылы негизделип, бүгүнкү күнгө чейин үзүрлүү иштеп келүүдө. Кыска убакыт аралыгында медиаборбор айыл турмушунун үнүн коомчулукка жеткирген маанилүү маалымат булагына айланды.

Жаш журналисттердин мектеби

“Шапак” медиаборборунда 6–11-класстарда окуган 10 окуучу ыктыярчы катары эмгектенет. Алар жаңылык жазуу, аудио жана видео материалдарды даярдоо багытында тажрыйба топтоп, практикалык көндүмдөргө ээ болушууда.

Бишкек шаарындагы “Жамааттык медиа” тармагынын журналисттери тарабынан үзгүлтүксүз өткөрүлгөн тренингдер жаш кабарчылардын чеберчилигин арттырууга чоң салым кошууда. Медиаборборду демилгелүү жетекчи Кожокматов Бактыбек Рыскулович жетектеп, окуучуларга туура багыт берип келет.

Элеттик медиа-борбор — калк кызматында

Коомдун көйгөйүн көтөргөн борбор

Медиаборбор Кара-Суу айылынын гана эмес, жалпы Кочкор районунун жаңылыктарын социалдык тармактар аркылуу коомчулукка жеткирүүдө. Жетишкендиктер менен катар көйгөйлөр да чагылдырылып, коомдук пикир жаратууга өбөлгө болууда. Билим берүү, саламаттык сактоо, айыл чарба, спорт, ишкерлик, экономика, экология жана айыл өкмөттөрүнүн ишмердүүлүгү — даярдалган макалалардын жана аудио-видео материалдардын негизги багыттары.

Мындан тышкары, журналистикага кызыккан окуучуларга кесиптик багыт берүү, элеттеги таланттуу жаштарды, кол өнөрчүлөрдү жана өзгөчө шыгы бар инсандарды коомчулукка таанытуу иштерин активдүү жүргүзүп келет. Бул аракеттер айыл тургундарынын медиасабаттуулугун жогорулатууга да көмөк көрсөтүүдө.

Медиаборбордун ыктыярчылары учурда элет тургундары менен катар белгилүү саясатчылардан да маек алып, кесиптик жактан такшалып жатышат.

Элеттик медиа-борбор — калк кызматында

“Текшердим” кампаниясы —маалыматтык сабаттуулукка кадам

2025-жылы “Шапак” медиаборбору “Текшердим” маалыматтык кампаниясынын алкагында Ормон Хан айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, мугалимдер, айылдык кеңештин депутаттары жана окуучулар арасында Квиз оюнун уюштурду. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылып, иш-чаранын негизги максаты — калктын маалыматтык сабаттуулугун жогорулатуу болду.

“Жылдын мыкты медиаборбору”

2023-жылдын жыйынтыгы менен “Шапак” медиаборбору Кыргыз Республикасындагы жамааттык медиалар арасында “Жылдын мыкты медиаборбору” номинациясына ээ болгон. Бул — борбордун үзүрлүү эмгегинин жана жамааттык маалымат мейкиндигине кошкон салымынын жогорку баасы.

Медиаборбордун ишмердүүлүгүн кеңейтүү максатында мектеп директору Болот Бообек уулу 2025–2026-окуу жылында пайдаланууга берилген 375 орундуу, эки кабаттуу заманбап кошумча имараттан өзүнчө кабинет бөлүп берген. Бул шарт жаш журналисттердин ишин дагы да жандандырууга өбөлгө түзөт.

Нурлан Кыдыков,

«Кут билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер