ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО АТА-ЭНЕЛЕРДИ ЧОҢ ТҮЙШҮКТӨН АРЫЛТАТ

  • 04.04.2025
  • 0

Учурда 1-2-класстарга каттоо жүрүп жатат. Бул жылы ата-эне мурдагыдай көптөгөн документтерди топтоп убара болбойт. Болгону 1-июнга чейин туруктуу жашаган жери боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан сунушталган мектепке баласынын барар же барбасын тастыкташы керек. Ал үчүн 1-июнга чейин Түндүк, MegaPay, МБанк, МойО!+Банк тиркемелери аркылуу «Билим берүү» бөлүмүнө өтүп, Жарандык абалдын актыларын жазуу органына (ЗАГС) байланган тизмеден мектепке каттоого тийиш болгон баланы тандап алат.

ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО АТА-ЭНЕЛЕРДИ ЧОҢ ТҮЙШҮКТӨН АРЫЛТАТ

Система автоматтык түрдө катталган жери боюнча (микроучасток) жайгашкан мектепти сунуштайт. Кээ бир учурда бир нече мектеп сунушталышы ыктымал. Сунушталган мектепте кайсы тилде окууну каалай тургандыгын тандап, “Жазылуу” дегенди басканда “Кабыл алынды” деген маалымат чыкса, каттоо ийгиликтүү өткөн болот.

Сунушталган мектептен башка мектепке баргысы келгендер 1-июндан кийин гана каалаган мектебин тандай алат. Бирок орундар толуп калган мектептер ал тизмеде көрсөтүлбөйт.

 

 

Сунушталган мектеп толуп калса ата-эне кантет?

Эгер автоматтык түрдө катталган жери боюнча сунушталган мектеп толуп калса, өз аймагындагы үйгө жакын жайгашкан кийинки мектепти (мындай учурларда бир нече мектеп сунушталат) тандоо керек.

Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү көрсөтүлбөсөчү?

Ата-эне Кыргызстандын жараны болуп, бирок системада балдары көрсөтүлбөй калса, жакынкы Калкка кызмат көрсөтүү борборуна (ЦОН) кайрылып, баласын тиркөө зарыл. Тиркөө жүргүзүлгөндөн кийин ата-эне жеке кабинетинен маалыматты жаңыртуусу кажет.

Эгер баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү башка өлкөдөн болсо, анда да ата-эне Калкка кызмат көрсөтүү борборуна (ЦОН) барып, Кыргыз Республикасынан ИЖН алып, 1mektep.edu.gov.kg порталында жеке кабинетте баланы кошот. «Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген жери» деген жерде «Башка өлкө» деп жазып, ал жакка баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн (PDF форматында) тиркейт.

Жеңилдиктери бар ата-энелерчи?

Жеңилдиктери бар ата-энелер 1mektep.edu.gov.kg порталы аркылуу катталып, “Мен жөнүндө маалымат” деген жерден “кошумча маалыматты” басып (тиешелүү маалымкаттарды тиркеп), жеңилдик түрүн өзгөртүп алат.

Каттоодо кимдер жеңилдикке ээ?

* Жалпы билим берүү мекемелеринде иштеген мугалимдердин жана штаттык кызматкерлердин балдары (жумуш ордунан маалымкат);

* Аскер кызматкерлеринин балдары, үй-бүлөсүнүн жашаган жери боюнча (жумуш ордунан маалымкат);

* Кыргыз Республикасына көчүп келген этникалык кыргыздардын балдары, кайрылман статусуна ээ болгондор (кайрылман күбөлүгү).

Балдарды 1- же 2-класска кабыл алуу үчүн ата-энелердин/мыйзамдуу өкүлдөрдүн арызы райондук/шаардык билим берүү бөлүмүнө берилип, чечимди комиссия кабыл алат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кандай тартипте катталат?

Мындай балдарды көмөкчү жалпы билим берүү мекемелерине жана коррекциялык класстарга кабыл алуу санитардык нормаларга жана эрежелерге, ошондой эле жалпы билим берүү мекемесинин уставына ылайык өткөрүлөт. Каттоо психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссиянын чечими менен гана жүргүзүлөт. Онлайн каттоонун бул жерге тиешеси жок.

Дарегин өзгөрткөн жаран кантип катталат?

Чукул арада жашаган дарегин өзгөрткөн жаран 1mektep.edu.gov.kg порталына кирип, жеке кабинеттен “Мен жөнүндө маалымат” бөлүгүнөн даректи жаңылоо кнопкасын басып, маалыматтарын жаңылап алуусу кажет. Ошондо гана ал дарекке жакын жайгашкан мектептердин тизмеси чыгат.

Мындан сырткары, чет элдик жарандар, катталган жерине (микроучастоктон сырткары) карабаган башка мектепти тандоону каалаган ата-энелер 2-июндан 15-августка чейин каттала алат. Бирок анда тизмеде бош орундары бар мектептер гана көрсөтүлөт.

Быйыл 2019-жылы туулган балдар 1-класска, ал эми 2018-жылы төрөлгөндөр жана мектепке чейинки даярдыктан өткөн 2019-жылы туулган балдар 2-класска барышат. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча жалпы 56484 бала катталды. Алардын 21924ү 1-класска, 35009у 2-класска барат.

Эскерте кетсек, келерки окуу жылынан баштап Кыргызстанда 12 жылдык окуу системасынын алгачкы этабы иштей баштайт. Ага ылайык, 1-6-класстар — башталгыч, 7-9-класстар — негизги, ал эми10-12-класстар – орто билим деп бөлүнөт.

 

Эльвира Какиева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер