ЭЛДИК КУРУЛТАЙДА БИЛИМ БЕРҮҮ КӨЙГӨЙЛӨРҮ ДА АЙТЫЛУУДА

  • 15.12.2023
  • 0

Экинчи элдик курултайда билим берүү тармагындагы маселелер да  унутта калган жок.

ЭЛДИК КУРУЛТАЙДА БИЛИМ БЕРҮҮ КӨЙГӨЙЛӨРҮ ДА АЙТЫЛУУДА

Чүй облусунан келген Ахунова Гульнур Токмок шаарында бир да жаңы мектеп курулбаганын белгилеп, ошонун айынан класстарга окуучулар толуп кеткенин, бул өз кезегинде окуучулардын билим сапатына таасир этип жатканын билдирди. Анын сөзүнө караганда шаарда авариялык абалдагы билим берүү мекемелери да жок эмес. Нарын облусунда эмгектенген мектеп мугалими, курултайдын делегаты Байгазиева Назира тартипсиз окуучулардан, тарбиясыз ата-энелерден коргоо боюнча атайын мыйзам зарыл деп эсептейт. Нарындык делегат мектептерде «Кыргыз наркы» предметин окутууну да сунуштады. Ал эми Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Красное-Речка айылынын тургуну Байрамкулова Динар айыл аймагына караштуу калктуу конуштарга 11 бала бакча салуу зарылдыгы бардыгын белгиледи. Токтогул районунун өкүлү Бегматова Гүлзинат мугалимдик кесипке ЖРТдан эң жогорку балл алгандар келсе  деген тилегин билдирди. Чүй облусунан шайланган Далбаев Бекташ окуучулардын мекенчилдик сезимин курчуткан География предметине зарыл карталарды Орусиядан эмес, өз мекенибизде кыргыз тилинде басып  чыгарууга чакырды. Аламүдүн районунун тургуну Джолдубаев Шайдулла президенттин мектептерде акча жыйноого тыюу салган мыйзамы убагында чыкканга карабай, азыр деле ар кандай шылтоолорду айтып, жаны түзүлгөн байкоочу кеңештерге шылтап, айрым мектептердин акча жыйноону улантып жатканына каршы болду. Ал мектептерде техникалык кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу боюнча да өзүнүн орундуу  сунушун айтты.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер