ЭЛ АРАЛЫК ПРОГРАММАЛЫК АККРЕДИТАЦИЯДАН СЕРТИФИКАТЫ БАР МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙЛАР ЧЕТ ЭЛДИК СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛА АЛАТ

  • 22.11.2022
  • 0

2022-жылдын 21-ноябрында Министрлер Кабинетинин “Жогорку кесиптик медициналык билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарында чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуунун айрым маселелери жөнүндө” токтому чыккан. Ага ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк медициналык билим берүү федерациясы тарабынан аккредитацияланган чет өлкөлүк агенттиктерде үч жылдан кем эмес мөөнөткө эл аралык программалык аккредитациядан өткөн медициналык жогорку окуу жайларында гана чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу планын бекитет.

ЭЛ АРАЛЫК ПРОГРАММАЛЫК АККРЕДИТАЦИЯДАН СЕРТИФИКАТЫ БАР МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙЛАР ЧЕТ ЭЛДИК СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛА АЛАТ

Токтом медициналык кадрларды даярдоонун жана чыгаруунун сапатын жогорулатууга, Кыргызстандын жогорку окуу жайларына дипломдорун чет өлкөлөрдө таанууга дем берүүгө багытталган.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Шилтеме: https://www.gov.kg/ky/npa/s/4231

Бөлүшүү

Комментарийлер