ЭЛ АРАЛЫК «НАРИСТЕ» ФЕСТИВАЛЫ-ДОСТУККА КӨПҮРӨ
- 03.06.2025
- 0
3-июнда эл аралык «Наристе» балдар фольклордук V фестивалынын катышуучулары Бишкек шаарындагы мектептерде болуп, чыгармачыл жамааттардын достугуна көпүрө болду.
Бишкектин Биринчи-Май районундагы №69 Токтогул Сатылганов атындагы жалпы билим берүү орто мектебине Кытай, Казакстан, Орусия өлкөлөрүнүн жана Талас, Нарын, Чүй облустарынын өкүлдөрү барып, эл достугуна данакер болгон маданий иш-чараларга катышты.
Борбор шаардын Ленин районундагы №102 Ишеналы Арабаев атындагы орто мектептин жамааты Түркия, Монголия өлкөлөрүнүн, Татарстан республикасынын жана Баткен, Ысык-Көл облустарынын делегация мүчөлөрүн кабыл алышты.
Октябрь районундагы №103 Низами Гянджеви атындагы орто мектепке Болгария, Казакстан, Орусия мамлекеттеринин жана Жалал-Абад облусунун өкүлдөрү барышты.
Свердлов районундагы №38 Райкан Шүкүрбеков атындагы орто мектептин жамааты Венгрия, Индия, Орусия, Казакстан өлкөлөрүнүн жана Ош, Ысык-Көл облусунун делегацияларын тосуп алышып, майрамдык иш-чара уюштурушту.
Эл аралык «Наристе» балдар фольклордук V фестивалынын катышуучуларын №69 Токтогул Сатылганов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин жамааты кубанычтуу маанайда бүтүрүүчүлөрдүн вальсы менен тосуп алышты.
Мектептин босогосун аттаган меймандарга темир ооз комузчулар ансамбли Кутман Султанбековдун “Кыялдануу” күүсүн аткарып, комузчулар ансамбли Токтогул Сатылгановдун “Кербезим”күүсүн чертип беришти.
Фестивалдын катышуучулары үчүн “Кыргызстан-ынтымактын, достуктун өлкөсү” деген демилге менен ачык сабактар, мастер-класстар уюштурулду.
Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан келген делегация мүчөлөрүнө маданиятынын мыкты кызматкери Д. Рысбаев “Көчмөн маданияты-кийиз дүйнө”деген темада кыргыз элинин улуттук буюмдары тууралуу айтып, мастер-класс өткөрдү.
Кытай мамлекетинен келген меймандарга мектептин кытай тили мугалими В. Тойгожоева “Кыргызстандын керемет жерлери” тууралуу баяндама жасап, видео тасма көрсөтүп, кеңири түшүндүрүп берди.
Ошондой эле фестивалдын катышуучуларына башталгыч класстын мугалими А. Мааткеримова “Сүйүктүү, Кыргызстаным” деген темада баяндама жасап, маданияттын мыкты кызматкери, дүйнөлүк виртуоз комузчу К. Султанбеков “Салттык өнөрдөн чеберчилиги” тууралуу көрсөтмөлүү сабак өттү.
Мектептин залында “Муз чырак” фольклордук ансамбли өнөрүн көрсөтүп, Т. Бейшеевдин “Мустанг” чыгармасын аткарып беришти.
Мектептин директору, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим Сайрагүл Атаева фестивалдын меймандарын куттуктоо сөзүндө, эл аралык “Наристе” фестивалы- эл достугуна көпүрө болуп, балдардын чын ыкластуулугу менен элдик өнөрдүн кылымдарды карыткан даанышмандыгы, улуттук аң-сезим менен эл аралык өз ара түшүнүү менен жуурулушкан өзгөчө мейкиндик, ынтымактын данакери экенин белгиледи.
Фестивалдын катышуучуларына жана меймандарга мектептин 36 жылдык тарыхы, билим берүүдөгү ийгиликтери, учурдагы жетишкендиктери жөнүндө кино баян көрсөтүлдү. 11-В класстын окуучулары “Бакыт келди” бийин бийлеп беришти.
Иш-чаранын алкагында Кытай, Казакстан, Орусия өлкөлөрүнүн жана Талас, Нарын, Чүй облустарынан келген фестивалдын катышуучулары да ар кандай балдар фольклордук бий жана аспаптык ансамблдеринин өнөрлөрү тартууланды.
Жолугушуунун соңунда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти Дмитрий Турусбеков “Кыргызстан” аттуу ырды ырдап берди.
-Балдардын «Наристе» эл аралык фестивалы – бул балалыктын дүйнөсүндөгү өзгөчө фестиваль, эл достугуна данакер болгон керемет иш-чара. Наристе курак баарыбызга жылмаюу менен балалыгыбызды эске салып, өзүнчө бир жылуу сезимди тартуулайт. Бул фестиваль ар бир катышуучунун жашоосундагы эң маанилүү окуя. Караңызчы, ар кайсы өлкөнүн балдары бири-бири менен таанышып, достошуп, аларды чыгармачылыкка, искусствого, музыкага болгон кызыгуу жана актердук чеберчилик менен өзгөчө талант бириктирип турат. Мен экинчи ирет Санкт-Петербург шаарынын окуучуларынын ыр-бий ансамблин жетектеп келдим. Кыргызстандын меймандос эли, шаарлары менен тааныштым. Мага айрыкча керемет Ысык-Көл жакты. Эртең фестивалдын катышуучулары Ысык-Көлгө барабыз, Кырчын жайлоосун дагы көрүп, Рух-Ордодо жыйынтыктоочу концерт беребиз,-деди Орусиянын делегация жетекчиси Ирина Поликарпова.
-Эл аралык «Наристе» фестивалына катышуу бул-балдардын чыгармачылыктын жана искусство жолуна шилтеген маанилүү кадамы болуп саналат. Ушундай көркөм өнөр, маданий мурас жана руханий байлык гана балдардын дүйнө таанымын кеңештип, адам болуп калыптанышына зор салым кошот. Кыргызстанда өтүп жаткан бул фестиваль- окуучулардын келечекке койгон максаттарына жетүүгө шыктандырган эң маанилүү иш-чара болуп саналат. Кытайдын Шэньчжэнь шаарынан фестивалга катышып жаткан мектеп окуучулары, өспүрүмдөр №69 орто мектепте кытай тилинде Кыргызстан, Бишкек шаары, кыргыз эл аспаптары тууралуу кеңири маалымат алышканына абдан ыраазы болушту, -деди делегация жетекчиси Цзиньинг Се мырза.
-Жыл сайын кучагын кеңири жайып бараткан «Наристе» эл аралык фестивалынын катышуучулары биздин мектепке келиши жакшы саамалык, эл достугунун үлгүсү. Президентибиз Садыр Жапаров дагы мындан үч жыл мурда II эл аралык фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышына катышып, балдар – ар бир улуттун, ар бир мамлекеттин келечеги, ой-кыялы, үмүт-тилеги экенин айтып, бийик максаттарга жетүүгө шыктандырган эле. Ошондуктан биздин мектептин жамааты окуучулардын эстетикалык таалим-тарбия алышы үчүн улуттук баалуулуктарга басым жасап, алардын жаркын келечеги,терең билим алуусу, өсүп өнүгүүсү үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап келебиз. Быйылкы фестивалдын программасы өтө кызыктуу жана мазмундуу өтүп, биздин мектеп дагы иш-чарага кошулганы кубандырат,-дейт мектеп директору Сайрагүл Токтосуновна.
-Быйылкы фестивалдын программасы фольклордук бий жана аспаптык ансамблдердин чыгууларын, мастер-класстар, эл аралык конференцияларды, элдик колдонмо искусство көргөзмөлөрдү, маданий долбоорлордун презентацияларын жана Бишкектин тарыхый-маданий объектилерине экскурсияларды камтып жатат. Бүгүн Бишкек шаарындагы мектептерде болсок, эртең Ысык-Көлгө сапар тартабыз. Фестивалдын негизги максаты – Кыргызстандын салттуу элдик маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн элдик искусствосу менен тааныштыруу, -деди фестивалдын уюштуруу тобунун мүчөсү, Бишкек шаарындагы №1 музыкалык мектептин директору Алмазбек Тилегенов.
-Кезинде «жашыл шаар» деп аты алыска таанылган Бишкек калаасы бизге меймандостугун көрсөтүп, эл аралык достукту чыңдоочу фестивалды өткөрүү менен кубанычка бөлөп жатат. Казак-кыргыз бир тууган дегендей мындай иш-чаралар ынтымагыбызды тереңдете бермекчи. Мен жетектеп келген Казакстандын Талды-Коргон облусунун “Тумар” фольклордук ансамблинин окуучулары абдан ыраазы болуп жатышат. Жан дүйнөнүн, жакшылыктын, келечекке болгон үмүттүн эң сонун майрамы болгон фестивалына катышып жатканыбыз биз үчүн чоң бакыт, чоң сүйүнүч, -дейт ансамблдин жетекчиси Карлыгаш Кумарбекова.
Иш-чарага катышкан Биринчи май районунун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Самара Шербаева да, өсүп келе жаткан жаш муунду маданияттардын көп түрдүүлүгүн барктап жана фольклордук мурастарын сыйлоого тарбиялоо үчүн мындай фестивалдардын маанилүүлүгүн белгиледи.
Бешинчи жолу өтүп жаткан “Наристе” фестивалы Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн салттуу элдик маданиятын сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган.
Иш-чаранын соңунда фестивалдын бардык катышуучуларына жана делегация жетекчилерине №69 орто мектебинин окуучулары тарткан Кыргызстандын жаратылышын, шаарларын, тарыхый эстеликтерин, баалуулуктарын чагылдырган сүрөттөрү кооз рамкага салынып, мектеп директору Сайрагүл Атаева белекке берди. Фестивалдын катышуучулары жана меймандар мектептин ашканасынан улуттук тамак-аш, азыктарынан даам сызып, кыргыздын меймандостугуна күбө болушту.
Фестивалдын катышуучуларынын жана мектептин чыгармачыл жамааттарынын концерти көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары кыргыз элинин “Кара жорго” бийин баары чогуу бийлешти.
Быйылкы фестивалга Венгрия, Кытай, Монголия, Болгария, Индия, Казакстан, Түркия мамлекеттеринин, Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск шаарларынын, Тыва, Татарстандын мектеп окуучуларынын чыгармачыл жамааттары катышууда. Ошондой эле Кыргызстандын жети облусунан келген эл аралык жана Бишкек Дельфи оюндарынын жеңүүчүлөрү катышып жатат. Фестиваль 8-июнда жыйынтыкталат.
Кабыл Макешов, “Кут Билим”
Комментарийлер