Эл аралык конференция өттү

  • 16.10.2024
  • 0

15-октябрда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Кыргыз милициясынын жана билим берүүнүн түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, КӨЭАУнун 30 жылдык маарекесине карата «Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түптөлүшүнө ички иштер органдарынын жана билим берүү мекемелеринин кошкон салымы» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Эл аралык конференция өттү

Аталган конференцияны Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы филиалы менен КӨЭАУнун юридика-экономика факультети биргеликте уюштурду. Эл аралык конференцияга Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын илимпоз окумуштуулары, Кытайдан, Америкадан келген коноктор онлайн жана офлайн форматта катышты. Коноктордун куттуктоо сөзүнөн кийин, пленардык жыйындын ишин баяндамачылар улантты.

Эл аралык конференция өттү

Түшкү тыныгуудан кийин конференция секциялык иштерде жүргүзүлдү. Конференциянын соңунда катышуучулар пленардык жыйынга чогулуп секция башчылары маалымат берип, жалпы катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, бир добуштан резолюция кабыл алынып, конференция өз ишин жыйынтыктады.

Бөлүшүү

Комментарийлер