ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ӨМҮР ТИРИЧИЛИК КООПСУЗДУГУ

  • 21.10.2024
  • 0

ОшТУнун Технология жана жаратылышты пайдалануу институтунда Экология жана өмүр тиричилик коопсуздугу аталышындагы илимий практикалык форум өткөрүлдү. 

ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ӨМҮР ТИРИЧИЛИК КООПСУЗДУГУ

Форумдун негизги максаты — экологиялык маалымдуулукту жогорулатуу, коомчулуктун көңүлүн шаарыбыздагы экологиялык көйгөйлөргө буруу, ал көйгөйлөрдү ар тараптан  изилдөө жана шаардын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча туруктуу чечимдерди иштеп чыгуу, ошондой эле экологиялык илимге болгон кызыгууну арттыруу, илимий–изилдөө иштеринин жыйынтыктарын жарыкка чыгаруу. Мына ушул аталган маселелердин баары республикабыздагы жогорку окуу жайлар, илимий изилдөө институттар, өндүрүш мекемелер менен кызматташтыкты кеңейтүү, илимий изилдөө иштеринин жыйынтыктары менен алмашуу, ааламдашуу шартындагы илимий маалыматтуулукту жогорулатуу, илимпоздор жана студенттер жүргүзгөн изилдөөлөрү боюнча илимий аянтча түзүү зарылдыгын пайда кылууда.

“Экология жана өмүр тиричилик коопсуздугу” илимий практикалык форумдун алкагында Технология жана жаратылыштуу пайдалануу институтунун «Экостан» экологиялык клиниканын бет ачары болду. Клиниканын негиздөөчүсү биология илимдерин кандидаты, доцент Зулумкан Тешебаеванын айтымында экологиялык клиника илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, билим берүү программалары жана экосистеманы калыбына келтирүү демилгелери аркылуу, жергиликтүү калкты экологиялык практикага жана жаратылыш ресурстарын сактоого активдүү тартуу аркылуу Кыргызстанда туруктуу өнүгүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоого көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.

Форумга ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамы, студенттер, жогорку окуу жайлардын илимпоздору, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош башкармалыгынын кызматкерлери, КР Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин экологиялык-техникалык көзөмөл кызматынын Ош облустук башкармалыгынын өкүлдөрү, Эдвокаси борборунун кызматкерлери, экоактивисттер катышты.

Технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун окумуштуулары жана студенттери тарабынан Ош шаарынын экологиялык абалын изилдөө илимий  жыл ичинде жүргүзүлүп, изилдөөлөрдүн жыйынтыгы форумда талкууланды. Өмүр тиричилик коопсуздугу кафедрасынын доценти, т.и.к. Т.Токтогуловдун “Ош шаарындагы өзгөчө кырдаалдар жана чечүү жолдору”,  б.и.к., доцент З.Тешебаеванын “Суу, топурак жана өсүмдүктөргө экологиялык баа берүү”,  Авазбек уулу Акбууранын “Абанын экологиялык абалы”,  б.и.к., доц. В.Эрматованын “Өсүмдүк өстүрүүнүн климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайланышуусу: көйгөйлөр жана чечүү жолдору” аттуу баяндамалары окулуп, кеңири талкууну жаратты. Экологиялык изилдөөлөр “Аракет” долбоорунун каржылоосу менен жүргүзүлдү.

Форумдун жыйынтыгында активдүү катышуучулар үчүн экологиялык Экоквиз викторина уюштурулуп, жеңүүчүлөр белектерге ээ болушту.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер