ЭКОБИЛИМ: “АК ИЛБИРС ЭКОФЕСТ 2026”

  • 14.07.2026
  • 0

Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Шабдан айылында «Илбирс: экологиялык билим берүү – Кыргызстандын туруктуу келечегинин негизи» аттуу экологиялык фестиваль болуп өттү.

Фестивалды Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу жана Таалайбек Мамбеталиевдин демилгеси менен “Илбирс – Жашыл Муун” коомдук фонду уюштурду.ЭКОБИЛИМ: “АК ИЛБИРС ЭКОФЕСТ 2026”Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо маселелери боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов, БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү, коомдук уюмдардын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, жаштар, фольклордук топтор жана жергиликтүү тургундар катышты.

Фестивалдын ачылышында сөз сүйлөгөн Динара Кемелова ак илбирс мамлекет башчысынын Жарлыгы менен өлкөнүн улуттук символу катары аныкталганын жана ал тоо экосистемаларынын абалынын башкы көрсөткүчү экенин белгиледи. Ошондой эле ал 2023–2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгынын алкагында аткарылып жаткан иштерге жана 2027-жылы өтө турган «Бишкек+25» Экинчи Глобалдык тоо саммитине көрүлүп жаткан даярдыктарга токтолду. Бул саммиттин бир күнү атайын Эл аралык ак илбирс күнүнө арналмакчы.ЭКОБИЛИМ: “АК ИЛБИРС ЭКОФЕСТ 2026”Жаш муундун экологиялык маданиятын калыптандыруу жана жаратылышка аяр мамиле жасоону жайылтуу максатын көздөгөн бул иш-чаранын алкагында түрдүү арт-зоналар уюштурулуп, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, мастер-класстар, кызыктуу сынактар, мелдештер жана маданий программалар тартууланды.

Иш-чаранын соңунда экологиялык акциянын алкагында Кемин районунда клён дарагынын көчөттөрү отургузулду.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер