“Эко Хакатон-2024” сынагында ОшМУ жеңүүчү

  • 15.11.2024
  • 0

13-14-ноябрда Бишкекте өткөн “Эко Хакатон-2024” сынагында Ош мамлекеттик университетинин “Энактус” командасы 1-орунду камсыздады.

“Эко Хакатон-2024” сынагында ОшМУ жеңүүчү

ЮНИСЕФ уюму тарабынан уюштурулган «Илимдеги кыздар» долбоорунун алкагында Кыргызстандын 17 жогорку окуу жайынан келген студенттик командалар экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган жашыл жана санариптик стартаптарды сунушташты.

 Жыйынтыгында, ОшМУнун Enactus командасы өзүнүн «Eco Трубы» долбоору менен грант утуп, 1000 доллардык каржылоого ээ болду.

Эске салсак, ОшМУнун “Энактус” командасы 2023-жылдагы Эко Хакатон-2023 сынагына да катышып, «ReTire» долбоору менен 1000 доллар грант утуп алган.

Бөлүшүү

Комментарийлер