ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК МАЙРАМЫНДАГЫ БИШКЕКТЕГИ ЖАНА ОШТОГУ ИШ-ЧАРАЛАР
- 30.08.2024
- 0
Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чаралар үчүн жаңы сахна орнотулду. Өлкөбүздүн эгемендүүлүк күнүнүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында демөөрчүлөрдүн эсебинен майрамдык концерт уюштурулат. Бул тууралуу “Кут Билим” гезитине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 31-августта Бишкектин Ала-Тоо аянтында кыргызстандык жана чет элдик өнөрпоздордун катышуусунда гала-концерт өтөт. Чоң концертке Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, Боссон (миллиондо бирөө хитинин автору) жана италиялык ырчы жана композитор IN-GRID катышат.
Бишкектин ар бир районунда сүрөт көргөзмөсү, концерттер уюштурулат.
Бишкек шаарынын мэриясы Эгемендүүлүк майрамына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Бишкекте өтчү иш-чаралардын тизмесин жарыялады.
Свердлов району:
30-август күнү саат 17:00дөн 18:00гө чейин Чыгыш-5 кичи районундагы Арбат аллеясында сүрөт көргөзмөсү болот;
31-августа саат 08:00дөн баштап Кара-Жыгач токоюнда ачык асман алдында сүрөт көргөзмөсү, спорттук оюндар жана тамактануу зоналары уюштурулат.
Октябрь району:
31-августта Көк-Жар айылында майрамдык концерт болуп, спорттук оюндар уюштурулат.
Биринчи май району:
31-августта Ак-Босого жаңы конушунда этникалык шаарча уюштурулуп, боз үйдүн жасалгасы, анын ички жасалгасы жана концерттик программа, улуттук тамак-аш, оюн-зоок, спорттук мелдештер өткөрүлөт.
Ленин районунда 31-августта өтчү иш-чаралар:
Саат 16:00дө Фучик көчөсү, 18А үйүнүн жашоочулары үчүн бөлүнгөн оюн аянтчада иш-чара өткөрүлөт. Ар кандай оюндар уюштурулуп, майрамдык концерт менен коштолот;
Саат 10:00дө «Люкс» эс алуу скверинде өспүрүмдөр арасында спорттук иш-чаралар өтөт;
Саат 15:00дө Ала-Тоо конушундагы балдар аянтчасында мектеп жашындагы балдар арасында футбол боюнча мелдеш болот;
Саат 10:00дө №79 мектепте Арча-Бешик конушунун тургундарына концерт тартууланып, улуттук оюндар уюштурулат;
Саат 17:00дөн 22:00гө чейин «Азия Молл» соода борборунун алдында орус жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт болот;
Саат 11:00дө Ынтымак жаңы конушунда концерт тартууланат;
Саат 14:00дө Жаш Гвардия менен Чүй проспектинин кесилишинде шаардык «Диалог» маданият үйү Бишкек шаарынын тургундарына майрамдык концерт уюштурат.
Ош шаарында 31-августта боло турчу иш-чаралар
Ош шаарынын мэриясы калаада 31-август күнү өткөрүлө турган иш-чаралардын тизмесин жарыялады.
Бул күнү Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленмекчи.
«Күндүзгү иш-чаралар саат 9:00дө Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында башталат. Мында жайкы театрдын ачылыш аземи, концерттик программалар, сүрөтчүлөр көргөзмөсү өтөт. 33 баланын тушоосу кесилип, улуттук спорт оюндары уюштурулат. Ошондой эле «Күз фест 2024″ мөмө-жемиштер жарманкеси да болот», — деп айтылат мэриянын маалыматында.
Майрамдык салтанаттын негизги бөлүгү кечки саат 20:00дө Кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда Ош шаарынын борбордук аянтында чоң программадагы гала-концерт менен жыйынтыкталары кошумчаланды.
Кабыл Макешов, “Кут Билим”
Комментарийлер