ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБдин 2026-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын долбоорун жактырды
- 09.03.2026
- 0
Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясы Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) 2026-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча документтин долбоорун жактырды.

Аталган документ келерки жылга карата Биримдиктин тышкы кызматташтыгынын негизги артыкчылыктарын, багыттарын жана практикалык милдеттерин аныктайт. Анда эл аралык ишмердүүлүктүн учурдагы приоритеттери жана жаңы өнүгүү факторлору каралган.
Бул багыттар “Евразия экономикалык жолу” деп аталган, 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде ЕАЭБ алкагында экономикалык процесстерди мындан ары өнүктүрүү тууралуу Декларацияда белгиленген стратегиялык максаттарды ишке ашырууга багытталган. Анын негизги максаты — ЕАЭБди эл аралык аренада экономикалык тартылуу борборлорунун бири катары калыптандыруу.
Документте Биримдиктин эл аралык күн тартибиндеги негизги маселелери кеңири камтылган. Бул күн тартиби жыл сайын кеңейип, жаңы багыттар менен толукталып келет.
Айрыкча төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулган:
- интеграциялык бирикмелер жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты кеңейтүү;
- үчүнчү өлкөлөр менен диалогду өнүктүрүү;
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин кызыкчылыктарын дүйнөлүк экономикалык аянтчаларда илгерилетүү.
ЕАЭБдин 2026-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары кийинчерээк Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш тарабынан бекитилет.
Нурлан Кыдыков, «Кут билим»
Комментарийлер