ЭДИЛБЕК МОЛДОЕВДИН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА САЛЫМЫ ТООДОЙ ЭЛЕ

  • 17.01.2025
  • 0

Оомал төкмөлүү дүйнө деген ушул экен. Өткөн жылдын ноябрь айында өлкөбүздүн билим берүү тармагы орду толгус жоготууга учурап, 65 жаш курагында өлкөбүздөгү билим берүү тармагына зор салым кошкон Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Административдик, финансылык жана маалыматтык укук кафедрасынын башчысы, профессор, юридика илимдеринин доктору, тарых илимдеринин кандидаты Молдоев Эдилбек Эсенович каза болгон эле. Ал учурунда Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси, министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы лицензиялоо жана аттестациялоо (аккредитациялоо) боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы болуп да эмгектенген. Эдилбек Эсенович менен бирге окуган жана бирге иштеген замандаштарынын, курбуларынын эскерүүсүнө кезек берели.

ЭДИЛБЕК МОЛДОЕВДИН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА САЛЫМЫ ТООДОЙ ЭЛЕЭдилбек менен бирге окусам, кийин студентим болгон

Чолпонкул Арабаев,

КР Улуттук Илимдер Академиясынын вице-президенти, академик, юридика илимдеринин доктору, профессор:

-Эдилбек Эсеновичти эскерүү мен үчүн бир жагынан өтө жеңил болгону менен абдан оор. Себеби, биз студенттик курактан бери бирге катарлаш окудук. Мен Кыргыз улуттук университеттин юридикалык факультетинде, ал тарых факультетинде бир имаратта окуп жүргөндө эле коомдук иштерге активдүү катышып, жалаң бешке окуган студенттердин катарында болдук. Мен анда Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, коммунисттик партиянын мүчөсү болуп келип окуган студент элем. Биздин жолдор дайыма кездешүүчү жол болуп, беш жыл бирге окуп, экөөбүздүн жылдызыбыз келишип, коомдук иштерге бирге катышып, жайкысын студенттик курулуш отрядына бирге барып, ынак курбу болдук. Экинчи курста аскердик даярдык кафедрасында бирге окудук. Комсомолдук, профсоюздук иштерде, студенттик конференцияларда, студенттик фестивалдарда, ишембиликтерде бирге жүрдүк.

ЭДИЛБЕК МОЛДОЕВДИН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА САЛЫМЫ ТООДОЙ ЭЛЕБешинчи курсту бүтүп жатканда  Ала-Тоо айылындагы аскердик бөлүктө даярдыкта бирге болуп, лейтенант деген наам алдык. Тагдырдын буйругу менен окууну бүткөндө өзүбүз окуган университетте ал тарых факультетинде, мен юридикалык факультетте мугалим болуп калып, кесиптеш болуп, бирге иштеп калдык. Анда дагы студенттик курулуш отряддардын көзөмөлдөгөн жаш мугалимдер катары Россиянын Ярославль облусунда, Казакстандын жана Кыргызстандын аймактарында бирге үзөңгүлөш болуп иштедик. Анан Советтер союзу таркап, эгемендүү өлкө болгон учурда мен мамлекеттик кызматтарда иштеп калдым. Эдилбек Эсенович болсо билим берүү тармагына зор салым кошту. Студенттик кездеги достук байланышыбыз үзүлбөй, кабарлашып, катташып турдук. Кийин университетте сабак берип жүрсөм, Эдилбек кайрадан юридикалык факультетте сырттан окуп жатыптыр. Аны менен кошо өлкөгө таанымал Роман Оморов, Алмаз Акматалиев, Болот Жанузаков жана башкалар юридикалык билим алууга дилгир болуп чогуу окуп жүрүштү. Мен аларга кайрадан мугалим болуп калдым. Эдилбек Улуттук университеттин активдүү мугалими, окуу бөлүмүнүн башчысы, адистерди максаттуу даярдоо институтунун директору, Евразия инновациялык технологиялар институтунун директору катары ысык-суугуна күйүп, ден соолугуна карабай мыкты иштерди жасап, ишмердиги, уюштуруучулугу менен таанылган азаматтардын бири эле. Алгач ал тарых илимдеринин кандидаты болсо, кийин юридика илимдеринин доктору болуу үчүн диссертация жазды. Колумдан келишинче кеп-кеңештерди бердим.

ЭДИЛБЕК МОЛДОЕВДИН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА САЛЫМЫ ТООДОЙ ЭЛЕМен ачкан диссертациялык кеңеште докторлук даражасын ийгиликтүү коргогон. Ар кандай иш-чараларда бирге болуп жүрдүк. Кийин КУУнун юридикалык факультетинин конституциялык-административдик укук кафедрасынын башчысы болуп жигердүү иштеди. Ал абдан билимдүү, таланттуу, маданияттуу, кыргыздын каада-салттын мыкты билген нарктуу мекенчил инсан эле. Кыргызстанда юридикалык илимдеринин доктору саналуу болсо, жаңы замандын талабына ылайык адистерди даярдоодо, мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгууда, Жогорку Кеңеш, өкмөттүн аппараты, тийиштүү министрликтер менен укуктук-нормативдик актыларды биргелешип иштеп жүрүп, чоң тажрыйбага ээ болуп, зор салым кошуп жаткан учурда Эдилбек Эсенович оорунун айынан арабыздан эрте кетип калганы эң өкүнүчтүү. Анын жаркылдаган элесин, эмгегин эч убакта унутууга акыбыз жок.

                  Эдо-комсомолдук мектепте, коомдук иштерде такшалган

Бакыт Ашыралиев,

Э.Молдоевдин курсташ-досу, жеке ишкер

Мен Молдоев Эдилбекти 1978-жылдан бери жакшы билем. Анткени экөөбүз 1978-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетине окууга өтүп, 5 жыл  чогуу окудук. Окуп жүргөн жылдары эле Эдилбек курстун, факультеттин коомдук иштерине активдүү катышчу. Экөөбүз окуп жүргөн убакта курсташ гана болбостон, коомдук иштерде да чогуу болуп, «коомдук ишмерлер» элек. Чогуу болгон учурларды эстесем, Эдилбектин адамдык жакшы сапаттары эске түшөт: жайдары мүнөз, орду менен тамашакөй, өзү билген нерселерди «курсташтарым да билсе» деп, группалаш, курсташтарга да көп жардам берчү эле. Биз окуп жүргөн мезгилде студенттик курулуш отряддары уюшулуп, эл чарбасына, колхоз, совхоздорго көп жардам беришчү.

ЭДИЛБЕК МОЛДОЕВДИН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА САЛЫМЫ ТООДОЙ ЭЛЕЭдилбек факультеттин курулуш отряддарын уюштуруу менен жалпы Университеттин курулуш отряддар штабында да үзүрлүү эмгектенип жүрдү. Эдилдин жогорку уюштуруучулук жөндөмү,  улуу-кичүү, кыз-эркек дебей, баарына бирдей сылык, адамгерчилик мамилеси ага окуп жүргөндө эле жакшы аброй алып келген. Аны баарыбыз атынан айтпай, тергеп: «Эдо» деп атачубуз. Биздин курсташыбыз окууну ийгиликтүү аяктап, университетте калып иштеп калганына абдан кубанып, сыймыктанганбыз.

Ал жерде иштеп гана тим болбостон илимдердин кандидаты, доктору да болду. Заманга жараша жаңы жогорку окуу жайларды уюштурууга активдүү катышып,  аларды ийгиликтүү жетектеп да жүрдү. Эдил досубуз аяшыбыз Таалайгүл менен баш кошушуп,  төрт балалуу болушту, аларды жакшы тарбиялап чоңойтушту. Досубуз үйдө  камкор өмүрлүк жар, мээримдүү ата болгонун да чогуу жүрүп, билебиз. Улуу баласын үйлөнтүп, тоюнда да бирге болдук эле. Неберелүү болуп, чоң ата-чоң энелик бактыга да туш болушту.

ЭДИЛБЕК МОЛДОЕВДИН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА САЛЫМЫ ТООДОЙ ЭЛЕБиз, КМУнун тарых факультетинин 1983-жылкы бүтүрүүчүлөрү кеңири форматта ар 10 жыл сайын жолугушуп турабыз. Акыркы, КМУну бүткөнүбүздүн 40 жылдык жолугушуубуз 2023-жылы Чоң-Кеминде Улан Сокеев курсташыбыздын жана Салима аяшыбыздын үйүндө болгон. Ал жерде баарыбыз абдан жакшы баарлашып, ойноп-бийлеп, студенттик жылдарды эстеп, ар кимибиз канча балалуу,  неберелүү болгонубуз менен курсташтар менен бөлүшүп, 2 күн абдан жакшы, эсте калаарлык эс алдык эле. Ойлоп көрсөм, ошондо жалпыбыз Эдил курсташ-досубузду акыркы ирет көргөн экенбиз… Шум ажал досубузду арабыздан алып кетти…Айла жок экен, «жоктоп» кала бердик… Эдил досубуздун жаркын элеси, биздин — курсташтарынын жүрөгүндө түбөлүк сакталып кала бермекчи…

Билим берүү реформасын колдогон

 Учурунда Эдилбек мырза Кыргызстанда гимназиялар жана лицейлер жөнөкөй мектептерден анчалык айырмаланбаганын сынга алып, таланттуу балдар үчүн атайын мектептерди ачуу зарылдыгын билдирип, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча да демилге көтөрүп, сунуш-пикирлерин айтып жүргөн. Ошондой эле Эдилбек Молдоевдин жаны тынбаган мээнеткечтигин, жөнөкөйлүгүн, адамкерчилигин мындан билиңиз. Иши чачтан көп болсо дагы убакыт таап, Улуттук Кызыл Ай коомунун ыктыярчысы катары дагы таанылып,  жайлоо бала бакчаларына чейин барганын дагы уктум эле. Жайлоо өнүгүү борборлорун уюштуруу «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан өнөктөштөр менен бирге ишке ашып, Улуттук Кызыл Ай коомунун ыктыярчысы да бул демилгени колдоого алышкан.

ЭДИЛБЕК МОЛДОЕВДИН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА САЛЫМЫ ТООДОЙ ЭЛЕ-Мен ар дайым балдарга кубаныч тартуулагым келет. Себеби азыркы кээ бир жаштардын өзүлөрүн пассивдүү алып жүрүшкөнү капа кылаар эле. Ошондуктан, балалык позитивдүү эмоцияларга толсо, коомдо жакшы таасир берген муун тарбияланат эмеспи. Ошол себептүү жайлоо бала бакчаларына бардым. Бирок тескерисинче Жайлоо өнүгүү борборлорунда жеткинчектер мени шыктандырып, кубаныч тартуулашты. Аймактагы балдар аябай боорукердиги жана камкордугу менен айырмаланат экен,- деген Эдилбек Молдоев.

Мен дагы студент кезимде курулуш отряддарынын республикалык штабында басма сөз кызматында иштеп калып, Эдилбек Эсенович менен жакындан таанышып, анын ишмердигине жогору баа бердим эле. Анын билим берүү тармагына кошкон салымдары, бул тармакты реформалоо боюнча сунуштары тууралуу экс-министрлер Канат Садыков менен Болот Купешов дагы жылуу пикирлерин айтышты.

“Эл эмгектен эскерет”,-демекчи Эдилбек Эсеновичтин жаркын элеси кесиптештеринин, шакирттеринин, жакындарынын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер