Эдил Байсалов БУУда: «Кыргызстан исламофобияга жана диний жек көрүүнүн бардык түрүнө каршы»

  • 17.03.2026
  • 0
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун жогорку деңгээлдеги иш-чарасында сөз сүйлөдү. Жыйын Исламофобияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналды.
Эдил Байсалов БУУда: «Кыргызстан исламофобияга жана диний жек көрүүнүн бардык түрүнө каршы»

Мамлекеттик модель жана диний эркиндик

Өз сөзүндө Эдил Байсалов Кыргызстандын уникалдуу мамлекеттик моделине токтолду. Ал белгилегендей, өлкө исламий маданий мурастарды сактоо менен бирге, плюрализмсветтик түзүлүш жана дин тутуу эркиндиги принциптерин ийгиликтүү айкалыштырып келет.
«Эгемендүүлүк жылдарында өлкөдө диний турмуштун жанданышы байкалды. Мамлекет бул процессти коомдук ынтымакты чыңдоонун куралы катары колдонууга өзгөчө көңүл буруп жатат», — деди МинКаб Төрагасынын орун басары.

Сабырдуулук — туруктуулуктун кепилдиги

Эдил Байсалов Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан саясатка токтолуп, диндер аралык диалогду жана маданий көп түрдүүлүктү сыйлоо өкмөттүн артыкчылыктуу багыты экенин айтты.
Анын пикиринде, исламофобия менен күрөшүү башка диндердин өкүлдөрүнө карата басмырлоого каршы туруу менен ажырагыс байланышта:
«Мусулмандарды басмырлоого жол берилбеши керек. Ошол эле учурда, христиандарга, иудейлерге же башка ишенимдегилерге карата да жек көрүүгө орун жок. Биздин милдет — жөн гана сабырдуу болуу эмес, ар түрдүүлүктүн байлыгын кабыл алуу жана баалоо».

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга тынчсыздануу

Иш-чаранын алкагында Эдил Байсалов дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Жакынкы Чыгыштагы курчуп жаткан абалга бурду. Ал Президент Садыр Жапаровдун атынан өзгөчө ыйык Рамазан айында болуп жаткан куралдуу кагылышууларга терең тынчсыздануусун билдирди.
Кыргыз Республикасы бардык тараптарды:
  • Максималдуу сабырдуулукка;
  • Согуштук аракеттерди токтотууга;
  • БУУнун Уставына ылайык конструктивдүү диалогду баштоого чакырат.
Бөлүшүү

Комментарийлер