Эдил Байсалов: Бириккен Улуттар Уюмун аял киши жетектөөгө убакыт келди

  • 10.03.2026
  • 0

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында өтүп жаткан Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясында сөз сүйлөдү.

Эдил Байсалов: Бириккен Улуттар Уюмун аял киши жетектөөгө убакыт келди

Өз сөзүндө ал Кыргыз Республикасынын гендердик теңчиликти илгерилетүүгө, аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоого жана эл аралык милдеттенмелерди аткарууга туруктуу берилгендигин белгиледи. Анын ичинде Пекин декларациясы жана иш-аракеттер платформасы, Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенция (CEDAW) жана 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүү күн тартиби сыяктуу эл аралык документтердин алкагындагы милдеттенмелер өзгөчө белгиленди.

Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстан мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана аялдарга карата зомбулукка каршы чечкиндүү күрөшүү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүп жатканы айтылды. Эдил Байсалов өлкө мындай кылмыштарга карата “нөлдүк сабырдуулук” принциптерин карманып, мыйзамдарды жана коргоо механизмдерин мындан ары да өркүндөтүп жатканын баса белгиледи.

Ал ошондой эле эл аралык укуктун ченемдерин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставындагы принциптерди сактоо зарылдыгын белгилеп, өзгөчө азыркы чыр-чатактар шартында жарандык калкты, биринчи кезекте аялдар менен балдарды коргоо маселесине токтолду.

«Дүйнө чыр-чатак аймактарындагы аялдардын азап-тозогуна көздү жуумп, анан аялдардын укуктарын коргоо жөнүндө ишенимдүү сөз айта албайт. Аялдарды коргоо – эл аралык коопсуздуктун ажырагыс бөлүгү болушу керек», — деди Эдил Байсалов.

Мындан тышкары ал Бириккен Улуттар Уюму гендердик теңчилик жаатында дүйнөгө үлгү болушу керек экендигине токтолуп: «Биздин Уюмдун дээрлик сегиз он жылдык тарыхында Бириккен Улуттар Уюмун Башкы катчысы болуп аял киши жетектөөгө убакыт келди. Бул чечим эбак эле бышып жетилген», — деп баса белгиледи.

Учурда комиссиянын 70-сессиясынын ишине Кыргызстандын өкүлчүлүктүү делегациясы катышууда. Анын курамында Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, бир катар министрликтердин жана Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун өкүлдөрү бар.

Делегация пленардык жыйындарга, тематикалык талкууларга жана кошумча иш-чараларга активдүү катышууда. Сессиянын алкагында Кыргызстан аялдардын укуктарын илгерилетүүгө, сот адилеттигин чыңдоого жана аялдар менен кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган бир катар улуттук иш-чараларды жана презентацияларды өткөрүүнү да пландаштырууда.

Нурлан Кыдыков, “Кут билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер