Эдил Байсалов: Билим берүүнү трансформациялоо – жалпы улуттук иш

  • 23.12.2025
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун 22-декабрда Бишкекте болгон “Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер, көйгөйлөр, мүмкүнчүлүктөр” деп аталган республикалык педагогикалык кеңешмеде сүйлөгөн сөзү.

Эдил Байсалов: Билим берүүнү трансформациялоо – жалпы улуттук иш

 

Урматтуу кесиптештер!

Кеңешменин катышуучулары жана бизди түз эфирден көрүп жаткан бардык көрөрмандар! Кымбаттуу мугалимдер!

Бүгүнкү республикалык педагогикалык кеңешме өлкөбүз үчүн өзгөчө маанилүү мезгилде өтүп жатат. Бул жөн гана кесиптик жолугушуу эмес. Бул – улуттук масштабдагы сүйлөшүү, Кыргызстандын келечеги тууралуу маектешүү.

Акыркы төрт жыл республиканын тарыхында улуттук консолидациянын жана чечкиндүү өзгөрүүлөрдүн мезгили болду. Мамлекет кризистерге жооп кайтарып, көйгөйлөрдү өз убагында чечип, «өрт өчүрүү» режими менен иштөөгө аргасыз болгон этаптан өттүк. Мындай учур да болбойт койбойт эле, бирок ал узакка созулбаш керек болчу.

Бүгүн биз ишенимдүү түрдө айта алабыз: биз рефлекс кыймылды токтотуп, системаларды кура баштадык.

Кыргызстан жаш мамлекет бойдон калууда, бирок азыр тажрыйбасыз мамлекет эмес. Биз татаал чечимдерди кабыл алууну, жоопкерчиликти өз мойнубузга алууну жана шайлоодон шайлоого эмес, муундан муунга ой жүгүртүүнү үйрөндүк.

Ошондуктан бүгүн биз абстракттуу реформалар же ведомстволук программалар жөнүндө эмес, өлкөнүн келечектеги архитектурасы жөнүндө сөз кылып жатабыз.

Акыркы жылдары мамлекет олуттуу түрдө бекемделди. Макроэкономикалык туруктуулук калыбына келди, экономикалык өсүш жана финансылык туруктуулук бар. Мамлекеттик финансылар тартипке келип, ачык жана башкарууга ыңгайлуу боло баштады.

Ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда, санариптештирүү активдүү алга жылууда, социалдык программалар жакшырып, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо тармактарына инвестициялар ырааттуу көбөйүүдө. Мамлекет – мурдагыдай улам бир маселеге чуркабай, пландаштырууга жөндөмдүү болду.

Мен сөзүмдү атайын эле сандар же отчеттор менен оорлоткум келген жок. Ага муктаждык жок. Кеп статистикада эмес, бул жерде маселе ишеним жана чечкиндүүлүк жөнүндө.

Акыркы жылдардын жыйынтыгын карап көрсөк – мамлекет кайрадан чечкиндүү иштей турган дараметке ээ болду. Бирок биз өзүбүзгө дагы бир суроону бергенди унутпашбыз керек: бул биздин келечек үчүн жетиштүүбү?

Жолдорду, ооруканаларды, заводдорду курууга болот. Санарип платформаларды жана инфраструктураны өнүктүрүүгө болот. Бирок, мындай иштерди улантууга билимдүү, терең ой жүгүрткөн, жоопкерчиликтүү адам болбосо, анын баарынын мааниси болбойт.

Бардык реформалар – экономикалык, социалдык, институционалдык – акыры адам капиталына барып такалат.

Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров мектептик билим берүүнүн бүткүл системасын түп-тамырынан өзгөртүү маселесине өзгөчө стратегиялык маани берип келет.

Бул жерде мен өзгөчө маанилүү бир ойду белгилегим келет: мектеп реформасы – бул жөн гана билим берүү реформасы эмес,

бул цивилизациялык реформа.

Эдил Байсалов: Билим берүүнү трансформациялоо – жалпы улуттук иш

Бул реформа жыйырма, отуз жылдан кийин биздин жарандар кандай болорун, коом кандай болорун, мамлекет кандай болорун аныктайт. Ал кесиптик көндүмдөрдү гана эмес, жарандык жетилгендикти, жоопкерчиликти, кызматташтык менен ишенимге жараган сапаттарды калыптандырат.

Мектептик билим берүүнү трансформациялоо программасын «Алтын Казык» деп атадык. Бул ураан же кооз образ катарында эмес, бүтүндөй өлкөнүн өнүгүү багытын аныктаган чыныгы багыт катары тандалган.

Бүгүнкү сүйлөшүүнүн контекстин туура түшүнүү абдан маанилүү. Эртең жана бүрсүгүнү Министрлер Кабинети Жогорку Кеңеште отчет берет. Бейшемби жана жума күндөрү курултай өтөт. Бул аянтчалар саясий жана коомдук диалог үчүн маанилүү. Булар менен катар улуттук телеканалдан түз берилип жаткан ушул кеңешменин мааниси да терең. Бул кеңешмеде мугалимдер армиясына жана ар бир баланын ата-энесине тиешелүү маселелер айтылат. Биз үчүн бул реформанын маанисин бүтүндөй улут түшүнүшү өтө зарыл. Ошондуктан бүгүн биз мектеп менен чогуу Кыргызстандын келечегин – 20–30 жылдан кийинки эле эмес, алдыдагы бүтүндөй кылымдагы орду кандай болорун талкуулап жатабыз.

Мектеп реформасы жөнүндө сөз кылганда, биз так билишибиз керек: кеп ким тууралуу болуп жатат. Бул – быйыл өлкөбүздүн бардык аймактарында биринчи жана экинчи класска отурган, 2019–2020-жылдары төрөлгөн балдар жөнүндө.

Дал ушул балдар мектеп реформасын толук көлөмдө – жаңыланган, трансформацияланган мектепте басып өтүшөт. Алар эски менен жаңынын кесилишинде эмес, жаңы билим берүү логикасынын ичинде толугу менен окуп чыгышат.

Бул балдар мектепти болжол менен 2036–2037-жылдары аякташат. Ал кезде булар таптакыр башкача дүйнөгө кадам таштаган жаштардан болот. Ошондуктан биз бул муунду «Алтын Казык мууну» деп атайбыз.

Бул балдар азыртадан тартып биз өскөн өлкөдөн айырмаланган Кыргызстанда чоңоёт. Биздин Кыргызстан – институттары бекем, мамлекеттиги күчтүү, инфраструктурасы өнүккөн жана дүйнө менен карым-катышы чырмалышкан өлкө болот.

Алар окуу китепти жаттата берген формалдуулукту таштап, өз алдынча ой жүгүртүүгө, түшүнүүгө, жоопкерчиликке багыт алган мектепте билим алышат. Башкысы – алар биз көнүп калган дүйнөдөн алда канча талапчыл дүйнөдө жашашат.

Бүгүнкү окуучуларды катаал глобалдык жана жеке атаандаштык күчөгөн дүйнө күтүп турат. Бул атаандаштык өлкөлөрдүн ортосунда гана эмес, адамдардын ортосунда да жүрөт. Технологиялар жашоонун табигый бөлүгүнө айланган, жасалма интеллект жана автоматташтыруу кадимки көрүнүш болгон, кесиптер тез өзгөргөн, ал эми тынымсыз үйрөнүү – ийгиликтин негизги шартына айланган дүйнө болот.

Мындай шартта жөн гана билимге жана дипломго ээ болуу жетишсиз. Фактыларды билүү да жетишсиз. Чечүүчү мааниге ээ боло турган көндүмдөр – талдай билүү, кызматташа алуу жана ар бир кылган иш үчүн жоопкерчилик көтөрүү.

Дагы бир чындыкты ачык айтышыбыз керек. Бул балдар ата-энелерине жана улуу муунга караганда материалдык жактан кыйла камсыз чөйрөдө өсөт. Алардын мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк, шарттары ыңгайлуураак, маалыматка жана технологияларга жеткиликтүүлүгү жогору болот. Бирок бул алардын автоматтык түрдө ийгиликтүү болушун камсыздабайт!

Тарых көрсөткөндөй, материалдык жетишкендик ийгиликке кепилдик бербейт, көп учурда алсыздыктын булагына айланат. Ошондуктан бүгүнкү мектептин милдети – балдарды ыңгайлуу дүйнөдө жашоого гана даярдоо эмес, ошол ыңгайлуулук аларды бузуп албашына жол бербөө.

Биз барчылыкта жашоонун баркын билген, эмгекке болгон сый-урматын жоготпогон, ар бир ийгиликтин артында аракет жана мээнет турганын түшүнгөн муунду тарбиялашыбыз керек. Бул ошол муундун турмуштук адатына айланышы керек.

Талант жарыштын башталышында артыкчылык берет, бирок аралыкты аягына чейин басып өтүүгө – чыдамкайлык керек. Аракет жана чыдамкайлык – бул моралдык тандоо.

Биз өтмө мезгилдин канчалык оор болгонун жакшы билебиз. Алдамчылык, кара мүртөздүк, оңой жол издөө көнүмүшкө айланган. Ийгилик башкалардын эсебинен жетишилген учурлар да болгон. Биз муну моюнга алышыбыз керек: мындай илдетке айланган тажрыйба кайталанбашы керек.

«Алтын Казык» мууну башка багыттар менен өсүшү зарыл. Чынчылдык – күч экенин, ишеним – ресурс экенин, жакшылык – алсыздык эмес экенин, диалогго жөндөмдүүлүк – заманбап коомдун негизги шарты экенин түшүнгөн муун болушу керек.

Ишенимге негизделген коомдор ылдам жана туруктуу өнүгөт. Алар кризистерге жакшы туруштук берип, узак мөөнөттүү келечекте күчтүү болот. Бул муундун өзгөчө миссиясы – биз кандай коомду кургубуз келгенине да байланыштуу. Кыргызстан – көп улуттуу өлкө, аймактык ар түрдүүлүгү бар, тарыхый жактан – жолдордун, маданияттардын жана идеялардын кесилишинде турган өлкө. 2036–2037-жылдары мектептен чыккан муун бөлүнүүнүн эмес, биримдиктин мууну болушу керек.

Биз өзүбүзгө ишенген, өлкөсүн сыйлаган, тарыхын жана маданиятын билген, ошол эле учурда дүйнөгө ачык муунду көргүбүз келет. Эмгекке жана тартипке болгон урматты, заманбап ой жүгүртүүнү жана системалуулукту, салттуу баалуулуктарды – ар-намыс, меймандостук, улууларды сыйлоо, жамааттык сезимди айкалыштыра алган муунду көргүбүз келет.

Бул балдар тууралуу сөз кылып жатып, дагы бир нерсени түшүнүшүбүз керек. Алар – кандайдыр бир эксперимент эмес. Булар – 15–20 жылдан кийин бүгүнкү чечимдерибизге баа бере турган келечектеги чоңдор.

Дал ушул себептен мектеп реформасын артка жылдырууга, өзгөрүүлөрдү ондогон жылдарга созууга же ашыкча этият болуп убакыт жоготууга акыбыз жок.

Бул балдар мектепке келди, азыр алар партада отурушат. Реформа дал ушул балдар үчүн азыр жана ушул жерден тартып иштеши керек.

Бирок мен дагы бир принципиалдуу ойду баса белгилегим келет. Биз сөздү биринчи жана экинчи класстагылар жөнүндө гана кылып жаткан жокпуз. Биз бүгүн мектепте окуп жаткан бардык балдар жөнүндө айтып жатабыз.

Эч бир муун жоголбошу керек. Эч бир бала «эсептен чыгарылбашы» керек.

Ошондуктан мектеп реформасы – тандалгандар үчүн эмес, бардыгы үчүн жүргүзүлүп жаткан реформа.

Урматтуу кесиптештер!

Балдар жана өлкөнүн келечеги жөнүндө сөз кылганда, биз сөзсүз эң негизги маселеге – мектеп жана ошол келечекти күн сайын куруп жаткан адамдарга келип такалабыз. Билимдин деңгээли гана эмес, жаңы муундун мүнөзү, дүйнө таанымы жана жарандык жетилгендиги кимдин сөзүнө, чечимине жана жеке үлгүсүнө байланыштуу экенин баарыбыз жакшы билебиз.

Кыргызстандын келечеги кабинеттерден жана стратегиялардан башталбайт. Ал мектептен – класстан башталат. Ал класстын жүрөгү – мугалим.

Кыргыз Республикасынын Президенти мугалимдерди улуттун авангарды деп атаганы бекеринен эмес. Бул аныктамада ашыра айтылган эч нерсе жок. Мугалимдер коомдун өнүгүүсүнүн алдыңкы сабы болуп келген жана боло берет. Дал мектеп аркылуу улут жаңы доорду, жаңы маанилерди жана заманбап талаптарды өздөштүрөт.

Өлкөбүздүн тарыхы муну жакшы далилдейт. Жүз жыл мурда кыргыз коому кыска убакытта цивилизациялык секирик жасоого аргасыз болгон. Элди жөн гана окуп-жазууга үйрөтүү жетишсиз эле. Заманбап ой жүгүртүүнүн, мамлекеттүүлүктүн жана маданияттын негиздерин калыптандыруу зарыл болчу. Бул миссияны алгачкы Дүйшөндөр – Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев жана алардын замандаштары өз мойнуна алышкан. Алардын эмгеги кызмат болчу – оор шарттарда, кепилдиги жок, көбүнчө бааланбаган, бирок элдин келечегине болгон терең ишеним менен аткарылган кызмат болгон.

Ушул эле жогорку моралдык маанай Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестиндеги Устаттын образында да таамай чагылдырылган. Ал жерде мугалим – бул кызмат же функция эмес, балдардын тагдыры жана бүтүндөй коомдун өнүгүү багыты үчүн жоопкерчилик алган адам болгон.

Бүгүнкү мугалимдин миссиясы да масштабы боюнча кенен. Эгер анда негизги максат сабатсыздыкты жоюу болсо, бүгүн кеп татаал, тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө жашап, аракет кыла алган инсанды калыптандыруу жөнүндө болуп жатат. XXI кылымдын мугалими баланы жөн гана билим алууга эмес, ой жүгүртүүгө, негиз менен кошумчаны ажырата билүүгө, аң-сезимдүү тандоо жасап, чечимдери үчүн жоопкерчилик алууга үйрөтүшү керек.

Биз жакшы билебиз: эч кандай окуу китептери, стандарттар же санарип платформалар өзүнөн-өзү иштебейт. Баары адам аркылуу иштейт. Мугалимдин кесипкөйлүгү, ички маданияты жана жарандык позициясы аркылуу иштейт.

Ошондуктан биз мектепте өзүн тынымсыз өнүктүрүп турган мугалимди –тагыраагы өзүн-өзү үйрөткөндөн тажабаган, жаңы ыкмаларга ачык, өзгөрүүдөн коркпогон мугалимди көргүбүз келет. Кесипти – милдеттердин жыйындысы катары эмес, жандуу жана өсүп турган миссия катары кабыл алган мугалимди көргүбүз келет.

Заманбап мугалим – маалыматты жөн гана жеткирүүчү же формалдуу көзөмөлчү эмес. Ал – насаатчы, маектеш жана багыт берүүчү. Баланын ички компасын калыптандырууга, өзүнө ишеним табуусуна жардам берген адам.

Жаңы мектеп жөнүндө биз принципиалдуу түрдө айтчу сөз: мектеп ар бир окуучуга багытталышы керек. Жаңы мектеп – бул баланын инсандыгын, анын өнүгүү темпин, суроолорун, күмөндөрүн жана издөөсүн сыйлоо. Бул – кемсинтүүдөн, формализмден жана кайдыгерликтен баш тартуу дегенди билдирет.

Бирок баланы негизги өзөккө койгубуз келсе, анда баарына уруксат берүү, же чеги жок эркелетүү дегенге жол бербешибиз керек. Жаңы мектеп – бул тартиптин жана так эрежелердин мектеби. Бул эмгек сыйланган, жоопкерчилик бааланган жана мугалимдин авторитети талашсыз болгон мектеп.

Мугалимге болгон сый-урмат коркуу же коркутуу аркылуу эмес, анын кесиптик жана моралдык ролун таануу аркылуу түзүлөт. Мындай мектепте бала өзүн корголгонун сезет, уруксаттын чегин түшүнөт жана жоопкерчиликке үйрөнөт.

Муну менен катар мектепти башкаруу маданиятын да өзгөртүшүбүз керек. Биз директордун культунан, мектептин бүт жашоосу бир адамга көз каранды болгон моделден аң-сезимдүү түрдө баш тартабыз. Күчтүү мектеп – бул авторитардык вертикаль эмес, бул – бирдиктүү миссия, ишеним жана жоопкерчилик менен бириккен кесипкөй мугалимдердин жамааты.

Жаңы мектептеги директор – бул команда лидери, чөйрөнү уюштуруучу, педагогдордун иштешине жана мектептин өнүгүшүнө шарт түзгөн адам. Ал билим берүү процессин өзү алмаштырган адам эмес.

Мектеп менен мугалимдин ишинин сапатын баалоо маселеси да өзүнчө олуттуу талкууну талап кылат. Биз узак убакыт бою мектептин ийгилигин сырткы көрсөткүчтөрдүн тар чөйрөсү менен – олимпиадалар, конкурстар жана эң күчтүү аз сандагы окуучулардын жетишкендиктери менен өлчөп келдик. Бул ийгиликтер маанилүү жана колдоого алынат.

Бирок алар жалгыз критерий боло албайт. Мугалимдин чыныгы кесипкөйлүгү көпчүлүк балдар менен кантип иштегени аркылуу билинет. Кыйынчылыкка туш болгондорго, старттык мүмкүнчүлүгү азыраак болгондорго, үй-бүлөлүк колдоосу же кошумча ресурстары жок балдарга кандай жардам көрсөткөнү аркылуу бааланат.

Биз ар бир баланын өсүшү бааланган система тарапка өтөбүз. Мында бир жолку натыйжа эмес, алдыга жылуу, аракет жана прогресс негизги мааниге ээ болот. Чыныгы педагогикалык чеберчилик дал ушул жерде көрүнөт.

Бул тууралуу айтып жатып, мамлекет мугалимдин статусун мындан ары да ырааттуу жогорулата берерин баса белгилегим келет. Эмгек шарттарын жакшыртабыз, квалификацияны жогорулатууга, кайра даярдоого жана жаш педагогдорду колдоого инвестиция салабыз. Бул – биздин түз милдетибиз жана стратегиялык максатыбыз.

Бирок сый-урмат жана колдоо менен бирге талап да болот. Мугалимдик – жөн гана кесип эмес. Бул – жогорку коомдук мааниге ээ, моралдык жоопкерчиликти талап кылган кызмат. Ошондуктан ал формалдуу боло албайт.

Биз кесиптик баалоону ишенбөөчүлүк катары кабыл алган жалган түшүнүктөн баш тартабыз. Тескерисинче, кесипке болгон чыныгы сый-урмат жогорку талап, өнүгүү жана сапат тууралуу чынчыл маек болгон жерде көрүнөт.

Мектеп кесиптик өсүүнүн орду болушу керек, күйүп кетүүнүн эмес. Маанилүү иштердин орду болушу керек, формалдуу отчеттордун эмес. Мугалим мамлекеттин колдоосун жана коомдун ишенимин сезип, ошол эле учурда балдар жана өлкө алдында жоопкерчилигин аңдаган мейкиндик болушу зарыл.

Эгер биз күчтүү Кыргызстанды кааласак, бизге күчтүү мектеп керек. Ал эми күчтүү мектеп күчтүү, сыйланган, кесипкөй жана ой-чабыты эркин мугалимден башталат.

Дал ушул себептен мектеп реформасы – эң оболу мугалимге, мектепке жана улуттун келечеги үчүн жоопкерчиликке болгон мамиленин реформасы.

Кымбаттуу кесиптештер!

Мектеп, балдар жана мугалимдер жөнүндө сөз кылып жатып, билим берүү мекемелеринин дубалдары менен гана чектелүүгө болбойт жана чектелүүгө акыбыз да жок. Мектеп коомдон өзүнчө жашабайт. Ал үй-бүлөдөн, социалдык чөйрөдөн, бала күн сайын өзүнө сиңирип келген баалуулуктардан жана адаттардан обочолонгон арал боло албайт.

Билим берүү – бул ар дайым биргелешкен эмгек. Бул – мамлекеттин, мектептин жана үй-бүлөнүн аракеттери кесилишкен мейкиндик. Эгер бул үч звенонун бири үзүлсө, система сөзсүз аксай баштайт.

Коомдук талкууларда көп учурда суроо коюлат: баланын тарбиясы жана өнүгүшү үчүн ким көбүрөөк жоопкерчилик тартат – ата-энеби же мугалимби? Бул суроо түшүнүктүү жана ар бир коомго тааныш. Бирок чындык – бул жалган дилемма. Жоопкерчилик бөлүнбөйт, аны бирге көтөрүш керек.

Албетте, баштапкы жоопкерчилик үй-бүлөгө таандык. Дал үй-бүлөдө бала биринчи жолу ишенимди, чынчылдыкты, сый-урматты, эмгекти жана башкаларга кам көрүүнү үйрөнөт. Дал үй-бүлөдө кийин мектепке жардам берген же, тескерисинче, анын ишин кыйла татаалдаштырган адаттар калыптанат.

Бирок биз ата-эне катары дагы бир чындыкты жакшы билебиз. Көп учурда мектеп бала үчүн эң жогорку моралдык жана жүрүм-турумдук авторитетке айланат. Мугалим айткан сөз мыйзам катары кабыл алынат. «Мектепте ушинтип айтышты» деген сөз үйдөгү аргументтен күчтүү болуп калат.

Бул мааниде мугалимдер бүгүн балдарды гана эмес, ата-энелерди да тарбиялап жатышат. Алар коомдук нормаларды, баарлашуу тилин, уруксат берилген жана берилбеген нерселер тууралуу түшүнүктөрдү калыптандырышат. Мектеп бүтүндөй коомдун «жыйноо чекитине» айланууда.

Ошондуктан билим берүү тууралуу сүйлөшүү – бул ар дайым улутту кандай көргүбүз келери тууралуу сүйлөшүү.

Бүгүнкү балдар ата-энелеринин дүйнөсүнө салыштырмалуу кыйла татаал дүйнөдө өсүп жатышат. Алардын мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк, маалыматка жеткиликтүүлүгү кеңири, материалдык шарттары да жакшыраак. Бирок муну менен кошо басым да күчтүү – салыштыруулар көбүрөөк, тынчсыздануу жогору, өзүн башкалар менен дайыма салыштыруу бар.

Социалдык тармактар жеңил баа ийгиликтин элесин жаратып, тышкы бакубаттуулуктун стандарттарын таңуулап, жалган багыттарды түзөт. Натыйжада балдар өзүнө ишенбестикке, күмөн саноого, көңүлдү топтой албоого улам көбүрөөк туш болууда.

Бул тууралуу биз жай жана жоопкерчилик менен сейрек сүйлөйбүз. Балдардын психикалык саламаттыгы тууралуу сөз көп учурда же чектен ашкан реакцияларга, же таптакыр унчукпай коюуга алып келет. Бирок ар бир өспүрүм татаал ички жолдон өтөт. Дал ушул мезгилде чоңдордун ролу өзгөчө маанилүү – сот катары эмес, таяныч катары.

Бул жерде мектеп менен үй-бүлө союздаш болушу керек. Бала мектеп эшигинин эки тарабында турган чоңдор бир тилде сүйлөп, бирдей баалуулуктарды карманып, аны колдоого даяр экенин сезиши зарыл.

Ушул контекстте мен өзгөчө ата-энелерге кайрылгым келет.

Бүгүн ата-энеден идеалдуулук же баарын билүү талап кылынбайт. Ата-энеден катышуу талап кылынат. Баланын жашоосуна, анын сезимдерине, суроолоруна жана күмөндөрүнө чыныгы, жандуу катышуу.

Бир жөнөкөй, бирок негизги нерсени ачык айтышыбыз керек. Бул – китеп окуу.

Китеп окуу – бул жөн гана көндүм эмес. Бул ой жүгүртүүнүн, элестетүүнүн, тилдин жана адамдын ички дүйнөсүнүн негизи. Бирге окуу эмоционалдык байланышты бекемдейт, көңүлдү өнүктүрөт, баланы текстти угууга жана түшүнүүгө үйрөтөт, демек – дүйнөнү түшүнүүгө жардам берет.

Биз балдар китептерине, китепканаларга, электрондук ресурстарга жеткиликтүүлүктү кеңейтебиз. Нускаларды көбөйтөбүз, мектептик жана айылдык китепканаларды колдойбуз. Бирок бир да мамлекеттик программа үй-бүлөлүк жөнөкөй салтты – балага кичинесинен тартып күн сайын, уктаар алдында китеп окуп берүүнү – алмаштыра албайт.

Китепке болгон сүйүү мектептен башталбайт. Ал үйдөн башталат.

Келечек жөнүндө сөз кылып жатып, алдыдагы айларда биргелешкен ишибиздин так приоритеттерин да ачык белгилеп алышыбыз керек.

Бүгүн биз санариптештирүү мугалимге эң баалуу нерсени – убакытты кайтарып бере баштаганын көрүп жатабыз. Мектептерде «Күндөлүк» системасы киргизилди жана бул жөн гана ыңгайлуу программа эмес, ал кагаз иштердин оор жүгүн алып салган, мугалимдерге жума сайын ондогон сааттарды үнөмдөөгө мүмкүндүк берген реалдуу инструмент.

Ошол эле учурда чынын айтышыбыз керек: бүгүн иштеп жаткан нерселер – бул чоң архитектуранын алгачкы гана версиялары, айрым элементтери. Азыркы эффективдүүлүк шарттуу түрдө он пайызга гана жетти. Анткени санарип чечимдер али бирдиктүү эмес, көп процесстер эски жана жаңы ыкма менен катар иштеп жатат.

Биздин милдет – санариптик трансформацияны аягына чейин жеткирүү. Бардык сервистерди, журналдарды, отчеттуулукту, окуу материалдарын, аналитиканы жана коммуникацияны бирдиктүү мамлекеттик билим берүү порталына бириктирүү. Ошондо гана чыныгы масштабды сезебиз: өлкө боюнча мугалимдерге кайтарылган миллиондогон сааттар – формалдуулук жана отчетко эмес, эң негизги ишке: сабакка даярдыкка, балдар менен баарлашууга, кесиптик өсүүгө жана өзүн өнүктүрүүгө керектелет.

Ошондуктан баарыңыздардан сабырдуулук сурайм. Биз жолду баштадык. Эми дароо идеалды талап кылбай, бул системаны кадам-кадам менен жетилүүгө жеткирүү маанилүү. Мындан бүтүндөй мектеп да, көп улуттуу элибиз да утат.

Санарип чечимдер менен катар мектептерди XXI кылымга ылайык жабдууну улантабыз. Келерки жылдан тартып, Президенттин тапшырмасы менен мугалимдерге эч кимди айырмалабай баарына жеке ноутбуктар берилет. Анткени заманбап мектептеги мугалим үчүн заманбап иш чөйрөсүз мүмкүн эмес.

Интернетти «мектеп боюнча жалпы» эмес, сапаттуу жана ишенимдүү түрдө – ар бир окуу кабинетине кабель тартууну камсыз кылабыз. Санарип кызматтар ар кандай кокустуктарга көз каранды болбошу керек.

Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин тапшырмасы менен миңдеген санда заманбап интерактивдүү экрандар, лабораториялык жабдуулар, робототехника сатып алынат. Мектептен тышкаркы билим берүү – ийримдер, секциялар, долбоорлор ырааттуу өнүктүрүлөт. Бул баланын жөндөмдөрүн окуу китеби аркылуу гана эмес, практика аркылуу ачууга шарт түзөт.

Мектеп китепканаларына жана бардык бала бакчаларга жыл сайын жүздөгөн аталыштагы көркөм адабияттар сатып алынат. Бул мамлекеттик басма программасы январь айынан тартып Маданият министрлиги менен биргеликте ишке кирет.

Музыка жана ырдоону кайрадан күчөтөбүз, мектептик оркестрлерди түзөбүз. Анткени билим берүү – бул математика менен окуу гана эмес, бул инсанды, маданиятты жана эстетикалык табитти тарбиялоо.

Спорттук инфраструктура кеңейтилет, жаңы жабдуулар, топтор, килемчелер жана башка инвентарлар өлкө боюнча сатып алынат. Ден соолук жана тартип мектеп жашоосунун нормасына айланышы керек.

Албетте, бул жерде жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүгү өтө чоң. Интеллектуалдык репетиторлордун программалары сатып алынды, мындан ары өз чечимдерибиз да иштелип чыгат. Биз алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды локалдаштырып, ар бир окуучу жана ар бир мугалим өз мүмкүнчүлүгүн толук ишке ашыра ала турган инструменттерге ээ болушу үчүн киргизебиз.

Жакынкы бир-эки жылда мугалимдин эмгеги өзгөрөт. Биз мугалимдин жардамчылары институтун киргизүүнү жана башка уюштуруучулук чечимдерди да карап чыгабыз. Анткени педагог негизги иш менен – бала жана сабак менен алектениши керек. Бүгүн мен майда-баратына токтолбойм, бирок баса белгилегим келет: бул иштер башталды жана Агартуу министрлиги бул багытта системалуу иш алып барууда.

Алдыдагы ишибизде мамлекеттик тилге, адабиятка, Кыргызстандын тарыхына жана географиясына жаңы мамиле өзгөчө орунду ээлейт. Бул жөн гана мектеп предметтери эмес. Бул – жарандык иденттүүлүктүн, өз өлкөңдү жана андагы ордуңду түшүнүүнүн негизи.

Биз кыргыз тилин окутууга болгон мамилени тереңинен кайра карап чыгабыз. Мамлекеттик тилди эркин билүү – формалдуулук же символ эмес. Бул – коомдук, кесиптик жана саясий жашоого толук катышуунун ачкычы.

Биз бардык бүтүрүүчүлөрдөн кыргыз тилин жогорку деңгээлде өздөштүрүүнү ырааттуу талап кылабыз. Ошол эле учурда мамлекет Кыргызстандагы бардык этностордун эне тилдерин үйрөнүүгө колдоону кеңейтет. Биздин көп түрдүүлүк – алсыздык эмес, ал — артыкчылыгыбыз.

Тарых жана география да кем эмес көңүл бурууну талап кылат. Дал ушул сабактар аркылуу өткөндү түшүнө алган, бүгүнкү күндө багыт ала билген жана келечекке жоопкерчилик менен караган жаран калыптанат. Бул дисциплиналарды формалдуу окутууга акыбыз жок.

Бул жерде да чынчыл болушубуз керек: идеалдуу чечимдерди күтүүгө убакыт жок. Биз аралык, ишке жарамдуу методикаларды киргизебиз, мазмунду жаңыртабыз, ыкмаларды оңдойбуз жана алдыга жылууну улантабыз. Билим берүүдө жол – идеалдуулук иллюзиясынан маанилүүрөөк.

Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы ачык көрсөтөт: ийгиликтүү билим берүү реформалары эч качан идеалдуу жыйынтык менен башталган эмес. Алар чечкиндүүлүк менен башталган. Багытты тандап, алгачкы кыйынчылыктарда артка кайтпай билүү менен башталган.

Мектеп реформасы – бул ар дайым жандуу процесс. Бул жылдарга жана ондогон жылдарга созулган жол. Бул жолдо талаштар, күмөндөр, каталар жана каршылыктар сөзсүз болот. Бирок ырааттуулук жана тандалган багытка берилгендик акыры жыйынтык берет.

Бүгүн Кыргызстан бул тандоону жасады.

Ошондуктан билим берүүнү трансформациялоо – бул жалпы улуттук милдет. Ал мугалимдердин, ата-энелердин, мамлекеттин жана бүтүндөй коомдун катышуусун талап кылат. Ал сабырдуулукту, ишенимди жана биз отчет же рейтинг үчүн эмес, балдарыбыздын келечеги үчүн иштеп жатканыбызды түшүнүүнү талап кылат.

Бул чоң, татаал жана асыл иш. Ал жаңы гана башталууда.

Эдил Байсалов: Билим берүүнү трансформациялоо – жалпы улуттук иш

Урматтуу кеңешменин катышуучулары! Кымбаттуу мугалимдер!

Сөзүмдү жыйынтыктоодон мурун, дагы бир жолу силердин бардыгыңыздарга – бул залда отургандарга да, өлкө боюнча республикалык педагогикалык кеңешмени көрүп жаткандарга да кайрылгым келет.

Эң оболу, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине, бардык жооптуу мамлекеттик институттарга, эксперттерге, методисттерге жана башкаруучуларга акыркы айларда жана жылдарда жүргүзүлүп жаткан татаал, масштабдуу жана көп жагынан буга чейин болуп көрбөгөн иш үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Өзгөчө ыраазычылык – Агартуу министри Догдургүл Шаршеевнага жана анын бүт командасына. Алар мамлекеттик реформалардын ичиндеги эң татаал жана эң сезимтал багыттардын бирине жоопкерчиликти өз мойнуна алышты.

Албетте, өзгөчө ыраазычылык – өлкө боюнча бардык мугалимдерге. Шаарларда жана айылдарда, ири мектептерде жана чакан айылдык класстарда иштеп жаткан, бул чоң мамлекеттик милдетти кабыл алган мугалимдерге. Бүгүн алар зор кошумча жүктүн шартында иштеп жатышат, жаңы ыкмаларды, жаңы талаптарды, жаңы күтүүлөрдү өздөштүрүп жатышат – көп учурда тыныгуусуз, дем алууга убакыт жок жана ката кетирүүгө укуксуз шартта.

Биз чындыкты моюнга алышыбыз керек: билим берүү системасы үчүн бул олуттуу сыноо болду. Бул башкаруучулук, кесиптик жана адамдык деңгээлде чыныгы «шок» болду жана болуп кала берүүдө. Дал ошондуктан бүгүн мугалимдер көтөрүп жаткан эмгек жөн гана урматка эмес, терең ыраазычылыкка татыктуу.

Мен бекем ишенем: Кыргызстандын келечеги бүгүнкү мугалимдерге ыраазы болот. Өзгөрүүлөрдүн алдыңкы сабында турган мугалимдерге. Чегинбегендерге, жабылып албагандарга, жоопкерчиликтен баш тартпагандарга. Өлкө менен кошо алдыга умтулуп келе жаткандарга.

Бул кеңешме маанилүү саясий жана коомдук окуялардын алдында өтүп жатат. Жакынкы күндөрү Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде отчет берет. Алдыда – Курултай. Коом активдүү талкуу менен жашап жатат: жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөр ар кандай бааланууда, суроолор берилүүдө, күмөн ойлор айтылууда, кээде сын да айтылууда.

Бул табигый көрүнүш. Ар бир өнүгүп жаткан коом ушундай жашайт.

Бирок дал бүгүн, дал ушул кеңешмеде биз тандалган жолдун тууралыгына болгон ишенимибизди дагы бир жолу ырастайбыз. Билим берүүгө, мектепке, мугалимге жана балдарга жасалган ставка – мамлекет жасай ала турган эң ишенимдүү жана эң жоопкерчиликтүү тандоо экенин бекемдейбиз.

Алдыда бүгүн дагы көптөгөн мазмундуу жана маанилүү баяндамалар болот. Ар бирибиз бул жерден өзүбүз үчүн пайдалуу, маанилүү, балким жаңы ойлорду угарыбызга ишенем. Дал ушундай кесиптик, ачык жана чынчыл сүйлөшүүлөрдө түшүнүк жаралат жана ишеним бекемделет.

Менин терең ишенимимде, мындай кеңешмелер тез-тез өткөрүлүп турушу керек. Алар кесиптик коомчулукту гана эмес, бүтүндөй коомду кучагына алышы зарыл. Анткени билим берүүнү трансформациялоо – бул ведомстволук милдет эмес. Бул – жалпы улуттук долбоор. Бул – бүт өлкөнүн иши.

Жыйынтыктап жатып дагы бир жолу баса белгилегим келет: Мамлекет башчысынын жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында жетишилип жаткан ийгиликтер – бул мара эмес. Бул – чоң жолдун башталышы. Убакытты, сабырдуулукту, кайраттуулукту жана жасалып жаткан иштин маанисине болгон ишенимди талап кылган жол.

Бүгүнкү кеңешменин ишине ийгилик каалайм. Баарыбызга конструктивдүү ишти, ачык диалогду жана өз ара сый-урматты каалайм.

Мүмкүнчүлүктөн дагы бир жолу пайдаланып, силердин бардыгыңыздарга – мугалимдерге, ата-энелерге, башкаруучуларга, бул чоң ишке катышы бар ар бир адамга – келерки жылы жаңы күч-кубат, жаңы дем, жигердүү аракеттерди каалайм. Ал жыл ишенимди, шыктанууну жана биздин жалпы эмгегибиз терең мааниге жана узак келечекке ээ экенин сезген сезимди алып келсин.

Бөлүшүү

Комментарийлер