ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “БАЛДАРДЫН ӨНҮГҮШҮНӨ АЯНБАЙ ИНВЕСТИЦИЯ САЛУУ КЕРЕК”

  • 23.07.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын математика боюнча курама командасы Улуу Британияда өткөн 65-Эл аралык математикалык олимпиадада (International Mathematical Olympiad   2024 (IMO) биринчи жолу командалык эсепте 122 упай топтоп, 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээледи. Билим берүү жана илим министрлиги каржылап,  жөнөткөн таланттуу окуучулар  бир алтын, үч күмүш жана эки ардак грамотага татыктуу болушту. Аэропорттон аларды министр Догдуркүл Кендирбаева кубануу менен тосуп алды.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “БАЛДАРДЫН ӨНҮГҮШҮНӨ АЯНБАЙ ИНВЕСТИЦИЯ САЛУУ КЕРЕК”

Кыргызстандын тарыхында акыл олимпиадасынын катышуучулары триумф менен келгенин министр баса белгиледи. Математика предметинен биринчи жолу алтын медаль келгени Кыргызстан үчүн чоң сыймык экенине Д.Кендирбаева токтолду.

— Конституцияда белгиленгендей, балдар – биздин байлыгыбыз. Негизи аянбай балдардын өнүгүшүнө ишеним менен инвестиция салуу керек. Мына биздин балдар аны акташты, — деди Д.Кендирбаева.

Эске сала кетсек, бир алтын, үч күмүш жана эки ардактуу грамотага татыктуу болушкан таланттууулар: борбор калаабыздагы Б.Якир атындагы Автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейинин 10-классынын окуучусу Назар Кыргызбаев 29 балл алып, алтын медалга татыктуу болсо, “Газпром-Кыргызстан” мектебинин окуучусу Ян Бобрус 24 балл менен күмүш медалга, Элдар Искендеров 23 балл алып, күмүш медалга жана “Сапат” ББМнын окуучусу Искен Кенжебаев 22 балл менен күмүш медалдын ээлери болушту. Ал эми Нурсултан Эшперов 13 балл, Султан Мусаходжаев 11 балл менен ардак грамотаны камсыз кылышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын атынан 1993-жылдан бери (32 жолу) дүйнөлүк математика боюнча олимпиадада катышып, жалпысынан 1 алтын, 4 күмүш, 12 коло медаль жана 57 ардак грамотасын алып келатат. Спортчулардан кем эмес Кыргызстандын желегин желбиретип, даңкын чыгарып келаткан окуучулар быйыл улуттук олимпиаданын лагеринде даярданышкан.

Быйылкы 2024-жылкы олимпиадада Улуу Британияда  өткөн олимпиаданын  жыйынтыгы боюнча мамлекеттердин рейтингинин алдыңкы үчөө АКШ, Кытай, Түштүк Корея болсо, Финляндия 36, Казакстан 43, Малайзия 44, Эстония 47, Швейцария 50, Индия 51, Өзбекстан 61, Сауд Арабиясы 63-орунду ээледи.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер