Догдуркүл Кендирбаева Ак-Сууда жарандардын көйгөйлөрүн укту: мугалимдердин айлыгы, мектептерди оңдоо жана туризм мектеби талкууланды
- 16.03.2026
- 0
16-март күнү Кыргызстандын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева иш сапары менен Ак-Суу районуна барып, жергиликтүү тургундарды жеке кабыл алды. Жолугушууда билим берүү тармагындагы бир катар курч маселелер көтөрүлдү.

Жарандар министрге мугалимдердин эмгек акысын эсептөө тартиби, мектептер менен бала бакчалардагы капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү боюнча суроолорун беришти. Ошондой эле аймактардагы кесиптик лицейлердин сапатын жогорулатуу, педагогдордун квалификациясын арттыруу жана билим берүүнү туризм, IT жана англис тили багыттарына ылайык өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.
Министрдин айтымында, Ысык-Көл облусу өлкөнүн негизги туристтик аймактарынын бири болгондуктан, келечекте туризм тармагына адистешкен “Туризм мектебин” түзүү пландалууда. Бул демилге жаштарды заманбап кесиптерге багыттоого жана аймактагы кадрдык муктаждыкты чечүүгө багытталары белгиленди.
Мындан тышкары, кабыл алууда Ак-Суу районундагы Балдардын билим берүү борборун компьютердик техника жана эмерек менен камсыз кылуу, ошондой эле ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүүгө байланышкан демилгелер да көтөрүлдү.
Жолугушуунун соңунда министр жарандардын бардык суроолоруна жооп берип, айтылган сунуш-кайрылуулар тиешелүү тартипте караларын билдирди.
Нурлан КЫДЫКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер