“ДИСНЕЙ” БАЛА БАКЧАСЫ ЖАҢЫРТЫЛЫП ЖАТАТ
- 18.10.2023
- 0
Ат-Башы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Дыйкан айылындагы “Дисней” бала бакчасынын чатыры толугу менен жаңыртылып жатат. Алдыда имараттын сырты жылууланып, кире беришине таш таман төшөө жумуштары башталды.
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, район акими Э.Абдыкадыров айыл аймактардагы мектеп, бала бакчаларынын кышка даярдыктарын кыдырып көрүүдөгү иш сапарында Дыйкан айылындагы бала бакчанын кышка даярдыгын, көмүр-отуну менен камсыз болушун көрүп, жасалып жаткан иштин жүрүшү менен таанышты.
Учурда чатырды оңдоо иштери ортолоп калганын көргөн район башчысы куруучуларга суук түшкөнчө ишти эртелетип бүтүрүп берүүлөрүн суранды. “Дисней” бала бакчасынын сырткы ремонту жана чатырчасын толук жаңыртып ремонттоо боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу дем берүүчү гранттан жалпы 3896911 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө төрт жолу тендерге жарыя берилип, акыркысында “Үч-Нура” курулуш фирмасы катышып, жеңүүчү деп табылып иш башталган. Азыркы учурда эски чатырчасы толугу менен бузулуп, кайра жаңы чатырчаны жабуу боюнча иштер жүрүп атат.
Аталган бала бакчанын имараты 1985-жылы курулуп, чатырынын эскилиги жетип калган. Анда 30 бала тарбияланып, жалпы 10 кызматкер эмгектенип келет.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер