Депутаттар аймактардагы социалдык инфраструктура маселелерин көтөрүштү
- 11.03.2026
- 0
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Ар кандай маселелер» саатында депутаттар аймактардагы социалдык жана инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар сунуштарды айтышты.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Талайбек Масабиров өлкөдө медициналык шприц чыгарган жалгыз ата мекендик компания акыркы эки айдан бери иштебей турганын билдирди. Анын айтымында, мындай абал «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы аталган өндүрүштөн продукция сатып албай жатканына байланыштуу келип чыккан. Эл өкүлү ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал Базар-Коргон районундагы Кайырма суу сактагычын тазалоо маселесин көтөрүп, бул иш сугат жерлеринин аянтын кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн айтты.
Депутат Илимбек Кубанычбеков акыркы окуяларга байланыштуу умра зыяратын уюштуруу маселесине токтолуп, ошондой эле Кара-Суу районуна караштуу Тельман айылындагы мектептин абалын көтөрдү. Аталган мектеп 450 окуучуга ылайыкталганына карабастан, учурда анда 1000ден ашуун бала билим алып жатканын белгилеп, маселени чечүү зарылдыгын билдирди. Мындан тышкары, ВЛКСМ айылындагы мектепке капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү керектигин айтты.
Өз кезегинде депутат Гүлнара Баатырова Кара-Кулжа районундагы Сары-Камыш айылын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселесин көтөрдү. Анын айтымында, таза суунун жоктугу калк арасында айрым оорулардын көбөйүшүнө себеп болууда.
Депутат Чолпон Эсенаманова Жайыл районундагы Кара-Дөбө айылына мектеп куруу, Алексеевка айылындагы мектепке кошумча корпус салуу, ошондой эле Ставрополовка айылында бала бакча куруу зарылдыгын билдирди.
Ал эми депутат Жайлообай Нышанов Чаткал районунда калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорду ишке ашырууну тездетүүнү сунуштады.
Депутат Советбек Рустамбек уулу тарых сабагынын мугалимдеринин эмгек акысын жогорулатуу маселесин карап чыгуу сунушун киргизди. Ошондой эле ал Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүнө караштуу Уч-Кемпир айылындагы мектептин абалы начар экенин белгиледи. Аталган мектеп ашар жолу менен курулуп, окуучулар үчүн керектүү шарттар толук түзүлгөн эмес.
Мындан тышкары, депутат Темирлан Айтиев жарандарды турак жай менен камсыз кылуу маселесине токтолуп, учурда жүргүзүлүп жаткан турак жай амнистиясынын алкагындагы иштер тууралуу айтты. Ошондой эле ал азыркыга чейин турак жайларына техникалык паспорт ала элек жарандар бар экенин белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдарга бул маселени карап чыгууну сунуштады.
Депутат Улан Бакасов Нарын облусундагы жол инфраструктурасын өнүктүрүү маселесин көтөрдү. Ал Нарын–Баетов жана Нарын–Кош-Дөбө унаа жолдорун оңдоо иштерин быйыл аяктоо зарылдыгын белгилеп, ошондой эле Ак-Талаа районунда ички жолдорду оңдоо иштерин жүргүзүү керектигин айтты.
Өз сөзүндө депутат Бактыяр Калпаев Баткен районуна караштуу Чоң-Кара айылындагы социалдык маселелерге көңүл бурду. Анын айтымында, төрт миңден ашуун калкы бар айылдын жаштары үчүн заманбап спорт комплексин куруу зарыл.
Депутат Айгүл Ахмедова Араван районуна жасаган иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу айтып, авариялык абалда турган бир катар мектептер менен бала бакчалар бар экенин белгиледи. Эл өкүлү бул маселени талдап чыгуу жана чечүү үчүн атайын комиссия түзүүнү сунуштады. Ошондой эле мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана химия кабинеттеринде лабораторияларды ачуу зарылдыгын кошумчалады.
Мындан тышкары, депутат Кубанычбек Самаков Нарын районунун Эмгекчил айылындагы 634 гектар жердин макамын кайра карап чыгуу маселесин көтөрдү. Ал бул жер мурдагыдай эле жайыт эмес, айдоо жери катары калтырылышы керектигин айтты.
Жыйын соңунда депутат Алтынбек Кылычбаев Манас шаарына караштуу Тейит, Дөмөр, Дмитровка жана Масадан айылдарында спорт комплекстерин куруу зарылдыгын белгиледи.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.
Комментарийлер