Данияр Амангелдиев: Баалардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча ыкчам чаралар көрүлөт

  • 10.03.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өлкөдөгү учурдагы инфляциялык кырдаалга байланыштуу жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү катышты.

Данияр Амангелдиев: Баалардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча ыкчам чаралар көрүлөт

Кеңешменин жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков акча-кредит саясатынын учурдагы багыттары тууралуу кеңири презентация жасады. Докладда керектөө бааларынын индексине таасир эткен ички жана тышкы факторлор талданып, жакынкы мезгилге карата инфляциялык күтүүлөр боюнча божомолдор айтылды.

Талкууда баалардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн фискалдык жана монетардык саясаттын тыгыз координациясы зарыл экени белгиленди. Докладдарды жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин сунуштарын уккан Данияр Амангелдиев экономиканын жогорку өсүү темпинин шартында жарандардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо Министрлер Кабинетинин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

«Экономиканын динамикалуу өнүгүшү инфляциялык процесстерге катуу көзөмөл жүргүзүү менен коштолушу керек. Биз тышкы шоктордун ички рынокко тийгизген таасирин, айрыкча социалдык маанидеги товарларга болгон таасирин азайтууга милдеттүүбүз», — деди ал.

Жыйындын жыйынтыгында Данияр Амангелдиев тиешелүү мамлекеттик органдарга баалардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча ыкчам чараларды иштеп чыгууну тапшырды. Айрыкча азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана ички рынокту ата мекендик продукция менен толук камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары макроэкономикалык туруктуулукту сактоо боюнча чараларды өз убагында ишке ашырууда ведомстволордун жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин дагы бир ирет эске салды.

Нурлан КЫДЫКОВ, «Кут билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер