ЧЫРПЫКТЫНЫН ЧЫГААН СПОРТЧУ УУЛУ

  • 29.09.2023
  • 0

ЧЫРПЫКТЫНЫН ЧЫГААН СПОРТЧУ УУЛУ

Грек-рим күрөшү боюнча миңдеген кыргыз уулдарын тарбиялап келе жаткан сыймыктуу агам, Чырпыктынын чыгаан уулу Эгеев Рыскулбек Жолдошбекович! Агамдын кыргыз элине кылган эмгеги жана кыргыз спортуна кошкон салымы ат көтөргүс. Ошондуктан сыймыктануу менен Рыскулбек агамдын кыргыз элинин тарыхында калчу эмгектерди жасап жаткандыгына токтолгум келди. Анткени жаныбызда эле жүргөн, жөнөкөйлүктү, ошону менен ар-намыстуулукту туу тутуп, спорт үчүн күйүп-бышып, колунан келген эмгегин элине арнап жүргөн инсандарыбызга өз учурунда баа берип койгондон жазганабыз.

Элибизде “Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши” деген кеп айтылат. Бул айтылган кептин чындыгы бар. Рыскулбек агамдын спортко сиңирген эмгегин окуп, угуп жүргөндөр жанына даап барып, сүйлөшүү өтө эле кыйын го деп ойлошот. Бирок жакындан билген адамдар анын жөнөкөйлүгүнө, адамдык сапатына жогору баа берип келишет. Анткени бир сүйлөшкөн адам жүзүнөн, көзүнөн мээримдүүлүк төгүлүп, эч жасалмасыз, эч ашык кеби жок адамдык сапатына таң берет. Мындай татыктуу сапаттарга ээ болушуна албетте, биринчи кезекте ата-энесинин эмгеги зор.

Эгеев Рыскулбек 1984-жылдын 28-мартында Ысык-Көл облусунун, Ысык-Көл районуна караштуу Чырпыкты айылында төрөлгөн. 2001-жылы Бишкек шаарындагы №66 мектепти аяктап, ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик спорт жана дене тарбия академиясына тапшырып, 2006-жылы “Спорт жана дене тарбия боюнча мугалим машыктыруучу” деген адистигине ээ болгон. Үй-бүлөдө сүйүктүү жолдош, камкор ата катары эки уул, бир кызга татыктуу тарбия берип келүүдө.

Ар бирибиздин тагдырыбызда ата-энедей туура багыт көрсөтүп, кыйшайсак түздөп, акыл-насаатын айтып турган устаттарыбыз болот эмеспи. “Жакшынын шарапаты тиет” дегендей, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Махмудов Хаким агамдын жашоосунда чоң бурулуш жасаган адамдардын бири, акыл-насаатын айткан устаты катары чоң эмгек жумшады. Бул адам менен бүгүнкү күнгө чейин ата-баладай мамиледе жүргөндүгүнө кызыкпаган кыргыз баласы жоктур. Көрсө, Хаким Махмудович агамдын келечекте кыргыздын мыкты уулу, мыкты машыктыруучусу болооруна көзү жетип 1998-жылдан 2006-жылга чейин жанында алып жүрүп, акыл-насаатын айтып, туура багытын көрсөтүп келген тура. Мындай эмгеги сиңген машыктыруучунун ишенимине, урмат-сыйына татыган агам кандай бактылуу адам. Төкмө акын Замирбек Үсөнбаев айткандай, “Урматка жетсе шакирти, устатына даңк болот” дегендей, устаты гана эмес, ата-энеси, бир туугандары жана жалпы кыргыз эли сыймыктана турган иштерди аткарып келүүдө. Буюрса өзү дагы агайындай болуп, келечектин олимпиада чемпиондорун чыгараарынан шегим жок. Анткени Кыргыз Республикасынын жаштар арасындагы курама командасынын машыктыруучусу (грек-рим күрөшү боюнча) болуп турган учурда эле көптөгөн балдар, анын ичинде өзүнүн окуучулары да Азиянын, Дүйнөнүн чемпиондору болушту. Мисалы: 2023-жылы Иорданияда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында Сулайманов Акыл, Бердиев Алибек, Калыев Рыспек 2-орунду, Камилжан Уулу Азамат, Каримов Баяман, Аскарбеков Абдулазис, Жумабеков Жеңиш, Гасанов Исмаил 3-орунду алса, Дүйнө чемпионатында Мирзалиев Жантөрө 2-орунду, Сүйөркулов Нуристан 3-орунду, Жанышов Асан 3-орунду багындырган.

Рыскулбек агам 2012-жылы Ленин районундагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр (спорттук) мектебинде эмгек жолун баштап, келечектеги жаш спортчуларга атадай камкордук кылып, баардыгына калыстык менен мамиле жасап, ишин татыктуу аткарып баштайт.

Кумурскадай тынбаган эмгекчилдиги, улам жаңы улуу максаттарды коё билип, аны ишке ашырууда кара жанын карч уруп эмгектенгендигинин аркасында 2016-жылы грек-рим жана эркин күрөш боюнча Эл аралык категориядагы калыс, 2018-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын өспүрүмдөр арасындагы курама командасынын башкы машыктыруучусу, андан соң Кыргыз Республикасынын жаштар арасындагы курама командасынын машыктыруучусу болуп дайындалат.

Мындан сырткары канчалаган тоскоолдуктар, бут тосуулар болсо дагы көптөгөн эл аралык мелдештерди да уюштуруп келүүдө. Алардын бири Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери, Пекин Олимпиадасынын коло байгесинин ээси, чоңдор арасында Азиянын чемпиону, Азия оюндарынын коло медалынын ээси Руслан Түмөнбаевдин кыргыз күрөшүнө кошкон чоң салымын баалап, Олимпиадага жол ачканын баамдап, өз убагында бул демилгени жогорку деңгээлде ишке ашырып, мелдешти мыкты уюштуруп келе жатат. Агамдын бул жасап жаткан эмгеги келечек муун үчүн чоң сабак.

Жалындаган жаштык курагын талыбаган эмгек менен айкалыштыруусунун аркасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгынын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ыраазычылык каты менен сыйланган. Бул ийгиликтерге, татыктуу сыйлыктарга таман акы, маңдай тер менен жана ата-энесинин, устатынын айткан сөздөрүн боюна сиңирип, туура пайдаланып жетишип отурат десем жаңылышпайм. Адамдын эмгеги акча менен эмес, элге кылган эмгеги менен бааланат. Ал ийгиликтердин сыры, адал иштеп, ак жүргөнүндө. Ушунчалык урмат-сыйдын кучагында турса да Рыскулбек агам ар дайым жөнөкөй, ар дайым кичи пейил. Анын жасап жаткан эмгектери мамлекет тарабынан дагы татыктуу баасын алып, жогорку даражадагы сыйлыктарга татыйт деген ишеничтемин.

Жазгүл Эгеева,
Бишкек шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер