ЧЫНЫГЫ УСТАТТЫН БИР ООЗ СӨЗҮ

  • 10.01.2020
  • 0

 ЧЫНЫГЫ УСТАТТЫН БИР ООЗ СӨЗҮ

Менин тагдырыма өзгөчө таасири тийген Осмон Абылкасымов агайым жөнүндө айтып бергим келет. Мектептеги эң сылык, сыпайы, маданияттуу мугалим эле – азыр да иштеп келет.

Бул агайдын баскан-турганы чыныгы америкалыктардай, европалыктардай болгон экен, кийин ойлосом. Азыр, бүткүл дүйнөнү көрүп чыккандан кийин, маданияттуу, тарбиялуу адамдар биз жакта да бар деп коркпой эле айта алам. Аксы районунун Мукур айылындагы № 25 Коммунизм орто мектебинде (азыр К. Алымкулов ат.) иштеген биздин Осмон агай чет элдиктердей тарбиялуу эле, укугубузду сыйлап, мыкты сабак өтчү.

Күндө класска киргенде аппак жакалуу көйнөгүн, кырданта үтүктөлгөн шымын, таптаза ботинкасын карап эле оозум ачылчу. Канчалык тентек болушса да, ал окуучулардын деңгээлине түшпөй, жылмайып сылык тарбиялай билчү.

Орус тилин агайдын мамилеси үчүн жакшы көрүп калганмын. Албетте, ал кездерде өзүмдүн келечектүү кыз экенимди билчү эмесмин. Атам чабан эле. Ал убактагы чөйрөм да койчумандын кызы койчуман эле болот деген ойду таңуулачу.

Бирок ушул агай мен жөнүндө ар дайым жакшы ойдо эле. Дайым сый мамиле жасачу. Бир күнү мектепте ата-энелер чогулганда, атама: “Кызыңыз ушунчалык акылдуу, келечекте сөзсүз ордун табат, болгону бир аз шок”, — дептир! Муну укканымда канат байлагандай эле толкунданганым эсимден кетпейт! Ал кезде мени башка мугалимдердин эч кимиси мактачу эмес – кээде шоктугумдан тил укчумун.

Бирок ушул агай биринчи жолу менин зор максатымды колдоп, шыктандырган. Кандай сонун өзүң жөнүндө жакшы сөз уккан, муктаж болуп жүргөн кезде! Ошол күндөн баштап аракет күндөн күнгө көбөйгөн, сабактарды кунт коюп окуп, кыялдарымда дүйнөнү багындыргам ошондо эле.

Бир жакшы сөзү мени өзгөрткөн, менин бүткүл өмүрүмө чырак жандырып. Ал зыңкыя кийинип, өзүн сыпайы алып жүрүп, эркектер кандай болуш керек экенин көрсөтүп, эстетикалык табитимди туура калыптандырган экен. Тактага бир нерсе жазардан мурда, биз тазалап койгон болсок да, өзү кайра таптаза кылып сүртүп, сабактын темасын сулуу тамгалар менен жазчу. Ар бир кыймылынан эстетика, этика жана маданият сезилип турат эле. Албетте, өтө маданияттуу үй-бүлөнүн кулуну экендиги эч нерсени биле элек мендей жаш балага да сезилип турчу ошол кездерде. Осмон агайдын чачы идеалдуу таралбаган бир күнүн көрбөгөм. Жаан-чачындан жолдун баары ылай болсо да, Осмон агайдын батиңкеси дүкөндөн жаңы алган туфлидей жалтырап турчу.

Айылдан чыксам да, ушундай мугалимдерим болгон, ошондуктан мен эң сонун адамдардын эң сонун жактарын сиңирип, эч нерседен тайманбас, жакшы адамдардын көп экенине ишенген адам болуп чоңойдум,.

Урматтуу менин эң сүйүктүү мугалимим! Көрбөгөнүмө 30 жыл болсо да сиз менин айтып бүткүс, жазып бүткүс кумиримсиз. Узун өмүр сүрүңүз! Сиздей кыргыз мырзалары көп болсун. Сиздей мугалимдер айына 10 миң доллар алса да аздык кылат, анткени бир гана предмет окутпай, мыкты тарбия да бересиз.

***

Окуучулук кездеги бир күлкүлүү окуяны эскере кетейин. Бир жолу орус адабиятынан Александр Пушкиндин «Нянясын» жаттап келгиле деп Осмон агай тапшырма берди. Үйгө келсем, уйубуз жоголуп кетиптир, атам экөөбүз түнкү саат 3тө туруп, мал базарга кеткен жолдон күтүп карап жаттык. Тобо, таап алдык! Айылдашыбыз (атын өлгүчө айта албайм) алыстан бизди көргөндө, жибин чечип жиберди. Малдарымды ээрчип баратат, алып кеткиле деди.

Ошентип, Пушкиндин ырын жаттоого убакыт болбоду. Кыздар жардам берип, партанын астынан китепти көрсөтүп турушту. Мен айтып берип, “5” алдым. Бирок ички дүйнөм аңтарылып кетти, өзүмдү өзүм жек көрүп. Агайды карап эле ыйлагым келди, кантип алдап койдум, кантип оңдосом болот калпымды деп. Сабак бүткүчө араң чыдадым. Агайды өтө сыйлачу элем. Сабак бүткөндө чынын айттым, мен ырды жаттоого убактым болбоду, кыздардын жардамы менен сизди алдап койдум, кийинки сабакта жаттап келип, айтып берем дедим.

Агай күлүмсүрөп: “Билем, малчылардын турмушу оор, макул, кийинкиде айтып бер, байкадым”, — деди. Уят кылбады, «Кирпи» дубал гезитине чыгарбады, урушуп кемсинтпеди, менин турмуштук абалымды түшүндү. Эртеси ырды жаттап айтып бердим.

Мен да эч качан бирөөнүн абийирин ачпас тарбия алдым: катасын оңдоп кетүүчү жаштарга ар дайым шанс берем.

Улутту өстүргүсү келсе, Президент жана Өкмөт мугалимдерди кадырлай билиши керек. Айлыкты мугалим эң көп алса, өлкө тез эле экономикалык өнүгүү жолуна түшөт.

 

Падишахан Султаналиева

ЧЫНЫГЫ УСТАТТЫН БИР ООЗ СӨЗҮ

Редакциядан: Бул макаланын автору – чыныгы Каарман Эне. Кыргызстандын Аксы районунда туулуп өскөн, бир нече адистик боюнча жогорку билим алган, азыр муз бийине машыктыруучу Падишахан Султаналиева.

Анын өмүр шериги – казак ишкери Байтак Турсынбаев. Алардын уулу Тимур жана кызы Элизабет муз бийи боюнча эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерде жетишкен жеңиштерин санап отурса, гезиттин бетине сыйбайт. Ошондуктан бул ирет Элизабеттин гана 2019-жылдагы көптөгөн сонун жаңылыктарынан бир нечесин эле айталы.

ЧЫНЫГЫ УСТАТТЫН БИР ООЗ СӨЗҮ

19 жаштагы Э. Турсынбаева былтыр спорттун эмгек сиңирген чебери наамына ээ болду.

Февралда АКШнын Анахайм шаарында Төрт континент чемпионатынын күмүш байгесин утту. 22-мартта Япониянын Сайтама шаарында өткөн Муз бийи дүйнө чемпионатында кыска программалардын жыйынтыгында күмүш медаль алды. Ушул мелдеште аялдар арасында алгачкы болуп төрттүк салх секирүүсүн аткарды. (Эл аралык дагы эки мелдеште экинчи орунду ээледи).

2019-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгына жараша 2020-жылы Канадада боло турган кийинки дүйнөлүк чемпионатка Казакстан үчүн үч квота утуп алды (мынчадан орун Россия менен Японияга да бөлүнгөн)

ЧЫНЫГЫ УСТАТТЫН БИР ООЗ СӨЗҮ

Күйөрмандардын 150 791 добушун топтоп, Улуттук олимпиада комитети негиздеген “ALTYN SAMGAY – 2019” улуттук спорт сыйлыгынын “Кышкы спорт оюндары боюнча мыкты спортчу” номинациясы боюнча ээси. “Халықтың суйіктісі – 2019” улуттук сыйлыгына “Жыл спортчусу” номинациясы боюнча арзыды.

Бир эле жылда башка дагы ондогон сыйлыктарды алды.

ЧЫНЫГЫ УСТАТТЫН БИР ООЗ СӨЗҮ

2019-жылдын күзүндөгү көрсөткүч боюнча Элизабет Турсынбаева дүйнөнүн эң мыкты беш муз бийчи кызынын катарында турат.

Бул жана башка көп сандаган жеңиштеринин баарында апасы Падишахандын, машыктыруучулары канадалык Брайан Орсер жана россиялык Этери Тутберидзенин эмгеги чоң экенин Элизабет дайым айтып келет.

 

 

Осмон Абылкасымов:

“Балдарга чын ыкластуу мамиле керек”

 

— Мугалимдик жолуңуздагы унутулгус окуялардан айтып бериңизчи?

— Кыргызстаныбыз эгемендикке жеткен жылдары деректир болдум. Бир нече класста мештер эскирип, полдун тактайы чирип түшкөн эле. Айыл өкмөтүнөн сурап, бош калган кашардан тактайларды ташып келип, өз колубуз менен баарын оңдогонбуз. Алты айлап эмгек акы албаган кездер болгон.

— Табиятынан тынчы жок, тентек мүнөз балдар менен кантип тил табышууга болот?

— Мындай балдар ак көңүл, ичинде кири жок болушат. Аларды чын ыкластан сыйлап, түз мамиле жасасак, сөзсүз сезишет да, сырын айтышат.

— Падишахандай окуучуларыңыздын кыял-жоруктарын эстейсизби?

— Биз окуучунун шык-жөндөмүн байкашыбыз керек. Эмне жөндөмдүү экенин эртерээк билип, туура багыт берсек, өз алдынча изденишине да мүмкүнчүлүк түзсөк, ал кесибин адашпай тандайт, турмуштан өз ордун табат.

Падишахан билимге дилгир, зээндүү, өжөр, шайыр кыз эле. Кандай чоң тоскоолдуктарга, кыйынчылыктарга туш келсе да, көздөгөн максатынан кайтпай, тер төгө эмгектенип, кайраттуулук менен жеңиштерге жетишти. Уулу менен кызынын да дүйнөгө таанылган инсандар болуп өсүшүнө жол ачты, аларга жөлөк-тирек болуп келатат. Ушундай зор ийгиликтерге жетсе да, элин, жерин унутпай, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшү үчүн мугалимдерди барктап алуу зарылдыгын түшүнгөн Падишахандай окуучуларыбыз бар болсун!

— Жаш кесиптештериңизге кандай кеңеш бересиз?

— Мугалим өз кесибин, балдарды чын жүрөгү менен жакшы көрүшү, аларга пайдасын тийгизиш үчүн дайыма изденип, чеберчилигин өнүктүрө жүрүшү зарыл. Азыркы маалымат технологиялар доорунда өз алдынча билимин өркүндөтүүгө жомоктогудай сонун мүмкүнчүлүк түзүлүп жатпайбы, демек, баары өзүбүздүн аракетибизге жараша болот.

 

Маектешкен жана бул бетти даярдаган Жолдош Турдубаев.

Бөлүшүү

Комментарийлер