ЧЫНЫГЫ БИЛИМ ЖАТТООДО ЭМЕС, ОЙ ЖҮГҮРТҮҮДӨ!
- 02.03.2026
- 0
Профессор Сулайман Рысбаев агайдын “Жаттама маалыматтык билим менен чектелбегиле. Балдардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү зарыл” деген темадагы видео маеги менен таанышып чыктым. Агай маегинде билим алууга баланы үйрөтүүдөгү кызыктуу усулдар менен бөлүштү.

“Диплому бар экен деп эле мугалим боло бербейт, биринчи кезекте адам болуш керек”
Маекте профессор мугалимдин инсандык миссиясы тууралуу айтып берди. Агай эң оболу мугалимдин адамдык сапатына басым жасады. “Диплому бар экен деп эле мугалим боло бербейт, биринчи кезекте адам болуш керек” деген ою жакты. Мугалим салмактуу, нарктуу, сөзү ордунда, турпаты менен үлгү боло алган инсан болушу зарыл. Мугалим тойдо да, үйдө да мугалим. Анткени анын ар бир кыймылы, ар бир сөзү тарбия. Бүгүнкү күндө биз баланын көзүн карап жашап калдык. Бирок агайдын айтымында, тарбиянын өзөгү ата тарбиясынын күчүндө, мугалимдин бекем позициясында. Баланын тагдыры мугалимдин колунда. Эгер мугалим баланын жан дүйнөсүн өзгөртө албаса, анда кыйын деген оюн билдирди.
Мамиленин төрт түрү
Ал мамиленин төрт түрүн баса белгиледи: мамилелеш, идеялаш, тилектеш жана эмоционалдык мамиле. Тилекке каршы, бүгүнкү билим берүүдө идеялаш жана эмоционалдык мамиле жетишпей жаткандай… Окуучу мугалимди жакшы көрүп, анын сөзүн уккусу келип, жанында болгусу келсе, руханий жактан байланыш түзгөндө гана чыныгы таалим болот. Турган турпаты, жан дүйнөсү таза мугалим өмүр бою эсте калат.
Агай өзүнүн мугалимдик тажрыйбасынан да мисалдарды келтирди. Балдарга комуз чертип берип, алардын жүрөгүнө жол тапканын, тентек, начар окуган окуучуну староста кылып дайындап, ишеним жүктөгөндө ал баланын түп-тамырынан өзгөргөнүн айтып берди. Ишеним берилген бала жоопкерчиликти сезет. Кечээки “тентек” окуучу кийин мыкты окуучу болуп, бүгүнкү күндө алар, райондук, облустук билим берүү тармагында жетекчи болуп иштеп жатканы тууралуу айтып берди. Мугалимдин ишениминин күчү. “Мугалимдин эң мыкты сабагы теория эмес, анын өзү” деген сөзү өзгөчө таасир калтырды. Мугалим өзү жакшы болсо, анын ар бир сабагы өмүр бою унутулбайт деген жери да таасирдүү.
Бүгүн “сабак берем, билим берем” деген түшүнүк эскирди. Билимди күч менен бере албайсың. Окугусу келбеген баланы окутуу кыйын. Ошондуктан баланы билим алууга үйрөтүү керек. Өнүккөн өлкөлөрдө, мисалы, Япония, Финляндия, Америкада окуучу мектепке “билим алам” деген ниет менен келет. Аларга билим жугат, анткени алар билим алууга үйрөтүлгөн. Окууга болгон мамилени өзгөртүү бүгүнкү күндүн эң чоң маселеси.
Ар бир педагогго, ата-энеге, коомго — чоң сабак!
Агай жаттама, маалыматтык билим менен чектелбөөгө чакырат. Билимди практикада колдонууга жеткирүү зарыл. Демек, биз билимди жаттоого эмес, колдонууга үйрөтүшүбүз керек. Кызыгы, мектепте 4–5ке окуган окуучулар кээде турмушта кыйналып калышы мүмкүн, анткени алар көбүнчө маалымат менен гана байышат. Ал эми 2–3кө окуган бала жашоодо жол издеп, жаңы шартка ыңгайлашып, өз ордун табууга,чөйрөгө аралашууга аракет кылат. Ошондуктан максат жөн гана баа эмес, жашоого даярдоо. Агайдын “Бала бойдон калба” аттуу китеби түрк тилинде жарык көрүп жатканы да сыймык. Демек, агайдын ойлору чек арадан ашып, баалуулугу эл аралык деңгээлде таанылып жатканын көрсөтөт. Мугалим замандан заманга агылып бара жаткан улуу фигура. Бирок ал мугалим бойдон калышы керек. Анын миссиясы баланы маалыматка эмес, адамдыкка жеткирүү. Баланы адам кылуу. Бул маек ар бир педагогго, ата-энеге, дегеле коомго чоң сабак! Чыныгы билим жаттоодо эмес, ой жүгүртүүдө. Чыныгы мугалим китепте эмес, өзүнүн инсандыгында.
Салтанат БЕЙШЕНОВА, Талас облустук усулдук борборунун директору
Комментарийлер