ЧОКУЛАР БИЙИКТИККЕ ЧАКЫРАТ

  • 10.11.2022
  • 0

Өлкөнүн билим берүү чөйрөсүндө көп жылдардан бери күн тынымын, түн уйкусун билбей, окуучулар, мугалимдер деп чарк көпөлөк айланып, эртеңки келечек деп элеп-желеп болуп мээнеттенип, жаңы табылгаларды жаратып, түзүп, аларды агартууга жайылтып келе жаткан бир эжей, ажайып аялзаты бар. Ал – КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун филология билим берүү кафедрасынын профессору Кенжеке Эсеналиева.

ЧОКУЛАР БИЙИКТИККЕ ЧАКЫРАТ

Кенжеке эжейдин мээнеткечтигин ойлогондо, айтылуу «Манас» эпосундагы кырк чорого кырк калпак, кырк олпок, кырк өтүк жасаган кадимки Каныкей эске келет. Каныкей бул буюмдарды күн-түн күч кубатын зарптап, көз майын коротуп отуруп жасаган. Кенжеке эжей да күн-түн тынбай түйшүк тартып, ийне менен кудук казып, бирде мектепте, бирде институтта, бирде чет мамлекетке чыгып иштеп, нечендеген чет өлкөлүк, эл аралык долбоорлордо эмгектенип, тренингдерге катышып отуруп, инновациялуу иштелмелерди, окуу китептерин, дидактикалык материалдарды, усулдук сунуштарды, макалаларды даярдап басмадан чыгарган. Образдуу айтканда, кырк окуучуга «кырк китеп», кырк мугалимге «кырк колдонмо» дегендей… Ошон үчүн бирге иштеген кесиптештери Кенжеке эжейди кастарлашып, бир чети эркелетишип: «Биздин кымбаттуу, сымбаттуу, жан дүйнөсү да, өзү да сулуу, бардык мактоо жарашкан эжей, мыкты устат, кесиптеш, шертке бекем сырдаш, мээримдүү апа, сүйүктүү жар, күйүмдүү бир тууган, бактылуу эне, чоң эне, таене сиздин 70 жаш кутман курагыңыз менен чын жүрөктөн инситуттун жамаатынын атынан куттуктайбыз!» деп ызааттап отурушат.

Кенжеке аалым көптөгөн чет өлкөлүк долбоорлор менен кызматташты. CIMERA, USAID, AED, PEAKS, UNICEF, CIMERA, IFES, Дүйнөлүк Банк, READ уюштурган «Улуттук тренер», «Тренердик чеберчиликтин негизи», тренерлер үчүн «Тренердик устаттыктын сырлары» аттуу машыктыруучу семинарларда иштеди. «Айылдык билим берүү», Голландиядагы Арнем шаарында «Тест түзүүнүн теориясы, практикасы» аттуу темада Билим берүүнү баалоо жана ченөө институтунда жана АКШнын Вашингтон шаарындагы «Lado» деген англис тилин экинчи тил катары окутуунун теориясы жана методикасы боюнча квалификациясын жогорулатуунун натыйжасында чет өлкөдө жарыяланган бир нече эмгектердин ээси болду.

Алтымыштан ашык илимий макала, үч монография, конкурстан жеңип, жарыкка чыккан окуу китептери, окуу орус, өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде Кыргыз тилин окутуунун мамлекеттик стандарты, окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 5-11- класстары үчүн көчүрүү жана бүтүрүү экзамендеринин билеттери, «Кыргыз тилин интерактивдүү окутуу жана мониторинг жүргүзүү үчүн тесттик тапшырмалар», «Формативдик баалоо жана инсанга багытталган окутуунун, таанып билүүнүн усулдары», «Стандарттардагы компетенттүүлүктөрдүн негизинде сабакты пландоонун теориясы», «Кыргыз тилин окуп-үйрөнүүдө деңгээлдер боюнча компетенттүүлүктөрдү баалоо», КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын конкурсунан жеңип жарыкка чыккан мугалимдер үчүн усулдук 20дан ашык методикалык колдонмолор, заманбап окуу программалар, «Компетенттүүлүктөрдүн негизинде сабакты пландоонун теориясы, практикасы жана «Окутуудагы жана баалоодогу заманбап билим берүү технологиялары» жана башка толгон-токой эмгектер К.Эсеналиеванын жаратмандыгынын натыйжасы. Ушунун баары Кыргызстандын билим берүү системасына ийгиликтүү колдонулуп жатат.

Ушундан улам чогуу иштеген жамаатынын: «Сиз көп жылдан бери билим берүү тармагынын күжүрмөнү болгон мугалимге көмөк көрсөтүп, жан дүйнөсүн жарыктандырып, усулдук жардам берип, алдыңкы өнөр тажрыйбага шыктандырып, педагогдордун кесипкөйлүгүн арттырып, алардын чыгармачылык чеберчилигинин өнүгүшүнө колдоо көрсөтүп жаткан күжүрмөн эмгегиңиз, биз үчүн да, өлкөбүз үчүн да баалуу. Бул педагог-мугалим деген улуу атты даңазалаган, жетишкендиктериңиз, талыкпаган илимий эмгегиңиздин үзүрү. Мыкты адис экендигиңизди күбөлөгөн тренинг-семинарларыңыз угуучулардын алкоосуна ээ болуп, бийик баа берилип келе жаткандыгын сыймыктануу менен белгилеп, терең ыраазычылык билдиребиз!» — деп айтып, жатканы кашкайган чындык. Ушундай сыйга, урматка, ушундай бийик баага Кенжеке Эсеналиева жогорудагы Каныкей энебиздин чаалыкпас мээнетиндей мээнет менен арзып отурат.

Эсеналиева Кенжеке – Кыргыз Билим берүү академиясынын (КББА) «Башталгыч мектепте англис тили», Кыргыз Билим берүү институтунун «Кыргыз тили, адабияты» адистиктерин артыкчылык дипломдору жана В.В.Маяковский атындагы педагогикалык институттун «Музыкалык-педагогикалык, мектепке чейинки факультетинде» жана Нарындагы педагогикалык окуу жайынын «Башталгыч классынын мугалими» факультеттеринин күндүзгү бөлүмдөрүн бүтүргөн.

«Мектеп шартындагы интерактивдүү окутуунун илимий-педагогикалык негиздери» деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, педагогикалык илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болгон. «Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде окуучулардын окуп түшүнүү компетенттүүлүгүн баалоо (Кыргыз тили, адабияты)» аттуу докторлук диссертациясын коргоо үчүн изилдөөлөрүн улантууда.

Мисал катары бир эмгегине токтолуп кетели. Анын бир эмгек топтому мындай аталат:

  1. Жалпы билим берүүчү окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлүүчү мектептердеги 1-класстын окуучулары үчүн Кыргыз тили окуу китеби;
  2. Окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн орто мектептердин 1-классы үчүн Иш дептери;
  3. Окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн орто мектептердин 1-классы үчүн Кыргыз тили окуу китеби боюнча мугалимдер үчүн колдонмо.

Окуу китебинин жаңылыгы жана өзгөчөлүгү: Аталган жаңы муундагы окуу китеби тематикага жараша кеп ишмердиктеринин 4 түрү: «Угуу, угуп түшүнүү; сүйлөө, сүйлөп түшүндүрүү; окуу, окуп түшүнүү; жазуу, оюн жазып түшүндүрүү» ишмердиктерин камтып, ар бир кырдаал боюнча сабакта колдонулуучу лексиканын жыштыгы жана анын уланмалуулугу тыкат эсепке алынып, котормосуз тил үйрөтүүнүн, тилдик-коммуникативдик ж.б. экинчи тилди усулдар аркылуу иштелген, комплекстүү түзүлгөн биринчи окуу китеби болуп саналат. Аталган окуу китептери заманбап окуу китептеринин конкурсунан жеңип, министрлик тарабынан сунушталып, анын грифи менен жарыкка чыгарылып, колдонулууда. К.Эсеналиева учурда актуалдуу заманбап билим берүү технологияларын колдонуп 72 сааттык төмөндөгүдөй аталыштардагы проблемалык-тематикалык көчмө курстардын иш программаларын, тематикалык пландарын иштеп чыгып, квалификациясын жогорулатууга келген курстун угуучуларына сунуштады. Алардын атын атап өтөлү:

  1. «Жаңы стандарттардагы компетенттүүлүктөргө негизделген сабакты пландоонун теориясы, практикасы»;
  2. «Окутуудагы жана баалоодогу заманбап билим берүү технологиялары»;
  3. «Окуп түшүнүүдөгү PISAнын талаптары»;
  4. «Креативдүү билим берүүдөгү жана баалоодогу жаңы технологиялар»;
  5. «Кыргыз тили жана адабиятын компетенттүүлүк мамиледе окутуунун заманбап технологиялары»;
  6. «Сынчыл ойломду» пайдалануу аркылуу интерактивдүү окутуу;
  7. «Кыргыз тилин (2) функционалдык-коммуникативдик компетенттүүлүктө окутуунун теориясы жана методикасы (2015–2018)».
  8. «Кыргыз тилин интеграциялап окутуу (CLIL, ПТИО) менен окуучулардын дүйнө таануу компетенттүүлүгүн калыптандыруунун теориясы жана методикасы» ж.б.

Учурда аталган адистиктерде 2021-жылдын февраль айынан баштап USAIDдин «Окуу керемет!» Эл аралык долбоорлорунда улуттук тренер катары кызматташып иштөөнү улантууда. Кенжеке эжейдин ак эмгеги мамлекеттик, коомдук уюмдар тарабынан адилет бааланып келет. Ал “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы”, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Кыргыз тили», КР «Профсоюз кызматкерлеринин мыктысы» төш белгилеринин ээси. Убагында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин, ондон ашык Кыргыз ССРинин Борбордук Комсомол комитетинин жана КР ББжИМнин, Кыргыз Билим берүү академиясынын жана Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун көптөгөн Ардак грамоталарын, пилоттук орто мектептердин 5-6-класстарынын окуучуларынан күтүлгөн натыйжаларга жетишүүсү предметтик стандарттардын талаптарынын деңгээлине дал келүүсүн текшерүү жана мониторинг жүргүзүү, өнүктүрүү боюнча сыноо аспаптарын негизги талапка ылайык жогорку деңгээлде иштеп чыккандыгы үчүн аталган министрликтин «Ыраазычылык каты», ЮСАИДдин «Окуу керемет» долбоорунда Улуттук тренердик кызматы үчүн Ардак грамотасы, КР Аялдар Конгресси тарабынан «Лидер» алтын төш белгисин алган. “Жетиген” журналынын «Кыргыздын мырзайымы» сыйлыгына татыган. Тажикстандын Душанбе шаарында «Восток и запад» фестивалындагы илимий баяндамасы үчүн диплом да алган. КР Аялдар Конгресси чыгарган «Женшины Кыргызстана» аттуу энциклопедияга педагогикалык ишмердиги тууралуу бейнеси басылган.

«Шаркырап агат чоң дайра, ар булактан куралып, адам, инсан тамыры, айылдан чыгат чубалып» дегендей, Кенжеке эжейдин балалыгы Теңир-Тоодогу Ат-Башы районунда өткөн. Балалык, жаштык жан дүйнөсү ушул жерде калыптанган. Ат-Башынын тоолору бийик. Бул жерде майда тиричилик мүдөөлөрү менен чектелип жашоо кыйын. Анткени ак мөңгүлүү чокулар адамды бийиктиктерге, бийик максаттарга чакырып турат. Ал эми Ат-Башыны жердеген «Манастагы» атактуу даанышман баатыр Кошойду эстегенде, алдыңа бараандуу мүдөөлөрдү коюп жашагың келет. Кенжеке Эсеналиева да туулган жердин асыл өрнөктөрүнө, асман тиреген тоолордун бийик кыялдарга чакырган сөөлөтүнө шыктанып, жаш чагында турмуштун чоң жолуна аттанган эле. Ошондо Кенжекенин жан-дилинен мындай саптар чубурган:

Ат-Башыдан аттанган мен селкимин,

Эңсебейм басар жолдун эң оңоюн.

Жалтанбай тосом төштү бороондорго,

Кызы болом сурасаң, эр Кошойдун.

Ак дилден ак жолума бата берген,

Чогулуп эл-журтумдун кары-жашы.

Тайбаймын адалдыктын мыйзамынан,

Артымдан карап турат бүт Ат-Башы!

Түшүп келгем көк челген чокулардан,

Бүткөмүн тоолук элдин намысынан.

Алдыга камчыланып бара жатам,

Артымдан сүрөп алган Кошой атам!

Кенжеке эжей Ат-Башынын, Кошой атанын үмүтүн актап келди жана актай бермек. Ал бүгүн Ат-Башынын гана эмес, Ала-Тоонун кызы. Кенжеке Эсеналиева илимпоз эжейибиздин билим берүүдө дагы жаңы ийгиликтерди камсыз кыларында, жаңы бийиктиктерди багындырарында шек жок.

Советбек Байгазиев,
Кыргыз эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору, профессор

(Окумуштуу-педагог Кенжеке Эсеналиеванын бейнесине сүртүмдөр)

Бөлүшүү

Комментарийлер