ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДӨ ЖОГОРКУ БИЛИМ АЛГЫҢЫЗ КЕЛЕБИ?

  • 28.10.2026

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги мамлекеттер аралык келишимдер, эл аралык стипендиялык программалар жана өнөктөштүк кызматташтыктын алкагында жарандарга чет өлкөлөрдө жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кабарлайт.

Министрликтин расмий сайтындагы “Чет өлкөдө билим алуу” бөлүмүндө мамлекеттик квоталар менен стипендиялардын негизинде окутууну сунуштаган программалар жөнүндө маалыматтар жайгаштырылган. Анда катышуу шарттары, талапкерлерге коюлуучу талаптар, документтерди тапшыруу тартиби жана конкурстук тандоону өткөрүү эрежелери толук берилген. Учурда Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Кытай, Корея Республикасы, Россия, Тажикстан, Түркия жана Өзбекстандын окуу жайларында билим алуу программалары жеткиликтүү.

Орундардын саны, катышуу шарттары жана документ кабыл алуу мөөнөттөрү чет өлкөлүк өнөктөштөрдөн расмий маалыматтар келип түшкөн сайын ар бир программа боюнча өзүнчө кошумча жарыяланып турат. Талапкерлерге документ тапшырардан мурда тиешелүү программанын шарттары менен дыкат таанышып, Министрликтин расмий жарыяларына көз салып туруу сунушталат. Кененирээк маалыматты министрликтин расмий сайтынан (https://egov.kg/ru/ministry/science) алууга болот.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү