«ЧАЧЫЛГАНДЫ ЖЫЙНАГАН, ҮЗҮЛГӨНДҮ УЛАГАН». ӨЗГӨЧӨ МАКАМ ЖАНА ӨНҮГҮҮ СТРАТЕГИЯСЫ

  • 20.07.2022
  • 0

Өлкөдөгү беш университетке өзгөчө макам берип, бир тобун бириктирүү жөнүндө Президенттин жарлыгы жогорку окуу жай тармагын көп жылдан бери быкшыган кайдыгерликтин сазынан сууруп чыгып, заманбап жол менен өнүктүрүүнү көздөгөн, образдуу айтканда чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган масштабдуу стратегиялык чечим болуп калды.

 Жарлыкка ылайык, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине, К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына, Ош мамлекеттик университетине кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономия каралган өзгөчө макам берилди. Ошондой эле Кыргыз экономикалык университетине —  университет изилдөөчү макамы ыйгарылды.

Ошону менен бирге алты жогорку окуу жайы төрт университетке бириктирилет. Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети Кыргыз улуттук университетинин карамагына кайра кошулмай болду. Чынында бул окуу жай мындан көп жыл мурда улуттук университеттин курамынан бөлүнүп чыккан, ошондуктан анын кошулганы туура акыйкат чечим болду.

Кыргыз экономикалык университетине Бизнес жана социалдык өнүгүү академиясы, Бишкек финансылык-экономикалык техникуму кошулат. Ош мамлекеттик университетине Ош мамлекеттик юридикалык институту берилмей болду.

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине андан көп жыл мурда бөлүнүп чыккан Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети жана Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын иштетүү университети кайтарылат.

"ЧАЧЫЛГАНДЫ ЖЫЙНАГАН, ҮЗҮЛГӨНДҮ УЛАГАН".  ӨЗГӨЧӨ МАКАМ ЖАНА ӨНҮГҮҮ СТРАТЕГИЯСЫ

“Биздин максат — билим берүүнүн сапатын көтөрүү”

Мындай кадамга баруунун максаты бирин-бири кайталаган факультеттерди оптимизациялоо, ошондой эле аккредитациялоодо көрсөткүчтөрдүн рейтингин эл аралык деңгээлдерге жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүү.

Ошол багытта жогорку окуу жайлардын мазмундук, түзүмдүк, административдик жагынан бир кыйла өзгөрүүлөр болот. Өзгөчө макам ыйгарылган жогорку окуу жайларына кеңири  уюштуруучулук, финансылык жана академиялык эркиндик жана укуктар берилди.

  • бюджеттен тышкары каражаттарды пайдалануу үчүн казыналык системадан тышкары мамлекеттик катышуу үлүшү бар коммерциялык банктарда банк эсептерин ача алат;
  • Көзөмөлчүлүк Кеңештердин макулдашуу боюнча башкаруунун ички түзүмүн жана кызматкерлердин штаттык санын өз алдынча аныктоого, окуу иштери боюнча проректорлорду дайындоого жана бошотууга, ЖОЖдордун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн статусун жана аталышын, алардын ишин уюштуруу тартибин, ошондой эле аларды башкарууга жана персоналга карата талаптарды өз алдынча аныктоого, Көзөмөлчүлүк Кеңештердин макулдашуу боюнча өз алдынча эмгек акы төлөөгө жумшалуучу каражаттардын жүрүшүн аныктоого, ЖОЖдордун кызматкерлеринин бардык категорияларына эмгек акынын материалдык кызыктыруу жана материалдык жардамдын формаларын жана өлчөмдөрүн белгилейт;
  • ЖОЖдор өз алдынча иштеп тапкан каражаттарын өзүлөрүнө колдонуп, билим берүүнү өнүктүрүүгө жумшайт;
  • ээлик кылган имараттарды, мамлекеттик мүлк фонду эмес, өз алдынча тескөөгө мүмкүнчүлүк алып жатышат; мамлекеттик билим берүү гранттарын алууга, акы төлөнүүчү билим берүү кызматтардын тарифтерин, студенттерди кабыл алуу планын өз алдынча түзүүгө жана бекитүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Академиялык эркиндиктер менен бирге эле башкаруу, каржылык эркиндиктери берилип жатат.

Өзгөчө макамга ээ болгон университеттер беш жылда дүйнөлүк рейтингдеги алдыңкы беш жүз жогорку окуу жайынын катарынан орун алышы керек. Ал эми Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын рейтингинде алдыңкы орундарды ээлеши керек. Демек, аларга эркиндик менен кошо орчундуу милдет коюлуп, жоопкерчилик жүктөлүп жатат.

«Биз бул реформа университеттерге сапаттуу кадрларды тартууга мүмкүнчүлүк түзөт деп ойлойбуз. Өзгөчө макам алган беш жогорку окуу жайы беш жылда топ-500гө кириши керек. Бирок бул реформалар ректорлорго бүт эркиндик берилет дегенди билдирбейт. Алардын тигил же бул чыгымдары Көзөмөл кеңешинин макулдугу менен болот. Андан сырткары, университеттерде жыл сайын аудит болот. Ошондуктан биз коррупциялык схемалар болбойт деп жатабыз, — деди билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев “Кабар” агентттигиндеги басма сөз жыйында.

Жогорку окуу жайлардын кошулуу процесси жайы менен бүткөрүлүп, 1-сентябрдан баштап бирдиктүү иштей баштайт. Бул биригүүдөн эч бир студенттин укугу бузулбайт. Бириктирилген окуу жайларга азыр тапшырган студенттер өзгөчө макамдагы университеттердин дипломун алат.

Президенттин соңку жарлыгын жалпы эле билим берүү тармагындагы масштабдуу реформалардын өзүнчө бир маанилүү бөлүгү катары карашыбыз керек. Анткени,  жогорку окуу жайлар азыркы арабөк абалдан чыгып, коомду алдыга сүрөгөн билим-илимдин, өндүрүштүк технологиянын, бизнестин борборуна айланышы керек болууда.

Административдик-бюрократиялык чектөөлөр, тынымсыз текшерүүлөр жогорку окуу жайлардын жолун бууп, колун байлап келатат. Алар кассасындагы акчасын өз алдынча иштетип, пайда көрүүгө укугу жок эле. Текшерүүчү органдар колго чаап, соттолуп кетесиң деп ректорлорду коркутуп-үркүтүп келишти. Мындай туш-туштан кысым болуп жаткан шартта жетекчилер демилге көтөрмөк түгүл деми сууп, иштиктүү сунуш киргизмек түгүл ичинен сынып, четте турбаска аргасы жок эле. Мунун баары буга чейин бийлик башында болуп келген жогорку жетекчиликтин алысты көрө албаган чолок саясатынын кейиштүү кесепети болду.

Келери менен билек түрүнүп реформа баштаган билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин стратегиялык сунуштарын Президент Садыр Жапаров менен Министрлер Кабинетинин төрагасы колдоого алып, ишеним көргөзүп жатканы бул башталган иштердин ийгиликтүү ишке ашарына ыңгайлуу саясий шарт түзүүдө.

 

"ЧАЧЫЛГАНДЫ ЖЫЙНАГАН, ҮЗҮЛГӨНДҮ УЛАГАН".  ӨЗГӨЧӨ МАКАМ ЖАНА ӨНҮГҮҮ СТРАТЕГИЯСЫ

 

Мирлан Чыныбаев, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору:

-Дүйнөлүк тенденцияга кайрылсак, университеттерге көбүрөөк эркиндик керек экендиги белгилүү болуп турат. Себеби, жаңы багыттарды ачуу боюнча, окуу программаларын түзүү, финансылык маселелерди түздөн-түз чечүүгө административдик бюрократиялык чектөөлөр жана башка нерселер кедергисин тийгизбей койгон жок.

Учурда Билим берүү министрлиги беш университетке өзгөчө статус берүү менен ички инструменттерибизди, эрежелерди өз алдынча бекитүүгө мүмкүнчүлүк берип олтурат. Мисалы: кадр маселесин чечүүдө кандай сынактардын негизинде тандоо жүргүзүлөөрү, финансыларды бөлүштүрүүдөгү ички процедураларды жөнгө салуу милдети, өндүрүш маселелерин чечүү менен теория жана практиканы айкалыштыруу жолдорун чечүү жана көптөгөн башка маселелер бар. Бирок эркиндик менен кошо эбегейсиз зор жоопкерчилик дагы жүктөлүүдө. Эң негизги милдетибиз – беш жыл ичинде Азия, Чыгыш Европа рейтингдеринин алгачкы орундарына татыктуу болуу. Чет өлкөлүк белгилүү университеттер менен кызматташып, эл аралык программаларды ачып, илимий ачылыштарга кадам жасап, экономиканы көтөрүүгө жол ача турган долбоорлор менен иштерди жүргүзүүбүз керек.

Учурда чет мамлекеттик өнөктөштөр менен түзүлгөн 300дөн ашык келишимдерибиз бар. Эгерде ички процедураларга таянып программаларыбызды өзүбүз түзсөк, көптөгөн биргелешкен программаларды ача алабыз. Мисалы: Казакстан, Германия, АКШ өлкөлөрүндөгү өнөктөштөр менен эки тарап сүйлөшүп, бир программага эми кирсек болот, ал эми мурда стандарттан чыга алчу эмеспиз.

Эми, биз университеттин алдында өндүрүш, тейлөө борборлорун көбөйтсөк болот, тренингдерди өткөрүп, сайттарыбызды таратып, жаңы продукцияларды рынокко киргизип, башкача айтканда, университет кошумча каражатты өзү табыш керек. Өндүрүш менен окуу процессин бириктирсек да жолубуз ачылат. Мисалы, бизде чоң борбор  — сүт, этти кайра иштетүү боюнча техникалык каражаттарыбыз бар. Лабораторияларда студенттерди үйрөтөбүз, ал эми өндүрүлгөн, жасалган продукцияны сата албайбыз. Эми ал каражат жумшалган продукцияны мыйзамдаштырууга мүмкүн болор деп турабыз.

Биз, техникалык багыттагы кесипке окутуп жаткандыктан, ар бир тармак менен тыгыз иштешкенге аракет кылабыз. Мисалы: энергетика тармагындагы компаниялары менен, тамак-аш кайра иштетүү өндүрүшүндө фирмалар менен (м: “Акун”, “Риха”…) жана башка кесипке байланышкан ар бир тармак менен иштешебиз. Университетте студенттер жалаң эле билим албай өздөрүнүн инновациялык ойлорун бизнеске айлантып, иш жүргүзө билүүсүнө үйрөтүшүбүз керек. Андыктан, биз азыр старт-ап площадкаларды, бизнес-инкубаторлорду ачып, студенттердин оюн конкреттүү продукцияга айлантып, рынокко жеткиргенге шарт түзүп беришибиз керек деген ойдобуз. Бул келечекте  биздин студенттер өз алдынча инновацияга негизделген компанияларды ачуусуна жол көрсөтүү болушу керек. Бул модель Швецияда колдонулат. Биз дагы ошондой инновацияга таянган компаниялардын өсүп-көбөйүшүнө шарт түзүү менен барышыбыз керек”.

 

"ЧАЧЫЛГАНДЫ ЖЫЙНАГАН, ҮЗҮЛГӨНДҮ УЛАГАН".  ӨЗГӨЧӨ МАКАМ ЖАНА ӨНҮГҮҮ СТРАТЕГИЯСЫ

Канат Садыков, Кыргыз Улуттук университетинин ректору:  «Биздин улуттук университеттеги болуп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө айтсак, жалпысынан 30 жылдан бери биз кандайдыр бир жоготууларга учурап турган элек. Президентибиздин Жарлыгы чыкканда, биз өзүбүздүн структурабыздан бөлүнүп чыгып, өзгөчө статуска ээ болушубуз чоң сыймык болду. Бир кездерде бизден бөлүнүп кеткен юридика факультетинин кайрадан биригиши, бир үй-бүлөдөй болуп сапаттын жогорулашына өбөлгө болот, жетишкендиктер өсөт деген ишеничтебиз. Мындай биригүүдө татаал маселелер келип чыгышы мүмкүн, бирок биз эки айдын ичинде туура багытка нуктап, адаптациялоого мүмкүнчүлүк берүүгө даярбыз».

Тандалган жогорку окуу жайлар жыл сайын өтүлүүчү Рейтингде эң жогорку баллдарды алып келип, ошону менен бирге мамлекеттик өнүгүүгө эң керектүү кадрларды – мугалимдерди, медициналык кызматкерлерди, инженерлерди, аграрийлерди, программисттерди   даярдоодо зор милдет алып олтурат.

Ал эми ирилештирүүнүн негизги максаты —  сандан сапатка өтүү. Дүйнөлүк практиканы эске салсак: Европа өлкөлөрүнүн ичинен Дания жана Эстония университеттери 2005-жылы биринчилерден болуп бириктирүүгө кадам ташташкан. Бүгүнкү күндө Франция бул демилгени кызуу колго алууда. Германия, Финляндия өлкөлөрүнүн университеттеринин кошулушу студенттердин көбөйүшүнө жана университеттердин дүйнөлүк рейтингинде жогорку баскычтарга жетүүдө. Россия Федерациясынын жогорку окуу жайлары профильдик, регионалдык принципке таянуу менен биригүүгө баруу процесси пландуу жүрүп жатат. Демек, чет өлкөдө айтмакчы, жогорку окуу жайлар ири гана болбостон —  дүйнөлүк картада таанымал болушу керек.

А.Асаналиева «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер