ЧҮЙ ОБЛУСУНДА ОЛИМПИАДАНЫН ЭКИНЧИ ЭТАБЫ ӨТТҮ

  • 23.01.2023
  • 0

Чүй облусу боюнча республикалык олимпиаданын райондук этабына катышууга жалпысынан 4854 окуучу жолдомо алган. Бул тууралуу Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

ЧҮЙ ОБЛУСУНДА ОЛИМПИАДАНЫН ЭКИНЧИ ЭТАБЫ ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы жөнүндөгү” Жобосуна ылайык, Чүй облусу боюнча окуучулар арасындагы республикалык олимпиаданын 2-этабына катышууга 4854 окуучу жолдомого ээ болгону менен, олимпиаданын биринчи күнүнө 4603 окуучу катышты. 251 окуучу ар кандай себептер менен катыша албай калды.

ЧҮЙ ОБЛУСУНДА ОЛИМПИАДАНЫН ЭКИНЧИ ЭТАБЫ ӨТТҮ

Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн методисттеринин баасында, жер-жерлерде өткөрүлгөн олимпиаданын жүрүшү кечиктирилбей, өз убагында башталып, олимпиаданы өткөрүү принциптерине карама-каршы келген укук бузуулар орун алган жок жана калыс өткөрүлдү.

ЧҮЙ ОБЛУСУНДА ОЛИМПИАДАНЫН ЭКИНЧИ ЭТАБЫ ӨТТҮ

 

ЧҮЙ ОБЛУСУНДА ОЛИМПИАДАНЫН ЭКИНЧИ ЭТАБЫ ӨТТҮ

А.КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер