Ч.АЙТМАТОВ — ТЫНЧТЫКТЫН ЖАНА ДОСТУКТУН ЭЛЧИСИ 

  • 05.12.2023
  • 0

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борбору А.Осмонов атындагы улуттук китепканада «Ч.Айтматов тынчтыктын жана достуктун элчиси»  темасында улуу жазуучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган «Кыргызстан-Татарстан телекөпүрөсүн жогорку деңгээлде өткөрдү.

Ч.АЙТМАТОВ - ТЫНЧТЫКТЫН ЖАНА ДОСТУКТУН ЭЛЧИСИ 

— Аталган иш-чаранын максаты эл арасындагы достук, толеранттуулук, бири-бирине болгон мамилени туура түшүнүп, эки мамлекет аралык кызматташууну өркүндөтүүнү көздөйт, — деди «Сейтек» борборунун директору Ира Балтабаева.

Ч.АЙТМАТОВ - ТЫНЧТЫКТЫН ЖАНА ДОСТУКТУН ЭЛЧИСИ 

Ал эми борбордун башкы методисти С.Челпакованын айтымында, башкы максат — жазучуунун ой-тилектерин, чыгармачылыгын, мурасын талкуу платформасын түзүү.

— Телекөпүрөнү өткөрүүдө окумуштулар, кадыр-барктуу, атактуу инсандар, окуучулар жана Ч.Айтматовдун жакын тугандары катышты. Т.а., билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева, министрликтин бөлүм башчысы  Нусубалы Жакыпбеков, «Россотрудничествонун» жетекчиси  А.Ф.Зульхарнеев, профессор И.Болджурова, жазуучунун бир тууган карындашы Р.Айтматова,  уулу А.Айтматов, эл сүрөтчү С.Бабаджанов, ырчы Д.Жалгасыновалар катышып, алп жазуучуга арналган ырлар, докладдар окулуп, жүрөктө калган эскерүүлөр келгендерди кайдигер калтырган жок.

Кыргызстан тараптан Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунун окуучулары, ал эми Татарстан тарабынан Казань шаарынын Совет районундагы муниципалдык автономдук жалпы билим берүү лицей-инженердик борборунун окуучулары катышып, планетардык масштабдагы жазуучунун чыгармалары тууралуу ой-толгоолорун ортого салышты. Татарстан тараптан телекөпүрөгө билим берүү жана илим министринин орун басары М.З. Закирова, академик И.Утямышев, лицей-инженердик борборунун директору В.Хайрутдинова, ушул эле лицейдин директорунун орун басарлары Р.Давлетбаева,  Л.Хамитова,  А.Файзрахманова,  Э.Митрофанова, Е.М.Гаврилова, Е.Г.Баранова, Д.А.Иванова, Л.Нигматуллина  ж.б. катышып, омоктуу ойлору менен бөлүштү. Мындан сырткары окуучулар ыр окуп, алп жазуучунун чыгармаларынан монолог айтышты. Ошондой эле Ч.Айтматов жөнүндө «Үйгө бараткан жолдогу түш» деген даректүү тасмадан фрагмент көрсөтүлдү.

Ч.АЙТМАТОВ - ТЫНЧТЫКТЫН ЖАНА ДОСТУКТУН ЭЛЧИСИ 

Иш-чарада Казань шаарындагы Кукмор муниципалдык районунун, Мачкарадагы айыл тууралуу маалымат берилди. (Ч.Айтматовдун апасы Нагима Хамзиевнанын кичи мекени) Ошондой эле Н.А.Сомигулина атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин музейинин презентациясы да тартууланды.

Ч.АЙТМАТОВ - ТЫНЧТЫКТЫН ЖАНА ДОСТУКТУН ЭЛЧИСИ 

Телекөпүрөнүн алкагында А.Осмонов атындагы улуттук китепкананын тематика боюнча китеп көргөзмөсү, балдардын сүрөт, кол өнөр, чыгармачылык көргөзмөсүнөн сырткары улуу жазуучунун чыгармалары тууралуу баяндамалар окулду.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер