БУУДАЙДАН НАН ЖАСАЛАТ (АЛИППЕ, 1-КЛАСС)
- 17.05.2020
- 0
Бишкек шаарындагы профессор А.Молдоканов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин башталгыч класстар мугалими Жылдыз Чойбекованын бул сабагында окуучулар нандын эмнеден жасалары тууралуу маалымат алышат.
Мугалим алгач балдар-кыздар менен саламдашып, аларды сабакка багыттайт. Дептер-калемдерин даярдап, сабакка көңүл буруусун өтүнөт. Анан сабактын максаттарын жарыялайт.
— Балдар, нан кантип жасалат? — деп суроо коёт.
Балдар-кыздарга жардамга Актан, Акылай жана Такай келет.
Үчөө жогорудагы суроого жооп издешет.
— Аябай коркунучтуу күшүлдөгөн бул эмне? — деп сурайт Такай.
— Бул комбайн, — деп жооп берет Актан.
— Балдар, силер комбайнды көрдүңөр беле? — дейт мугалим балдардын буга чейинки билимине кызыгып.
— Ооба, көргөнбүз, эжей! — деп жооп беришет окуучулар.
— Ал эмне кылат?
— Талаада дан жыйнайт.
— Данды кайда алып барабыз?
— Тегерменге алып барабыз.
— Данды тегермендин ташына салабыз.
(Окуучулар тегермендин данды майдалап жаткан ташын туурап, колдорун ичине коюп айлантышат).
Окуучулар тегерменден ун чыгарын айтышат.
— Нанды кантип жасайбыз?- деп суроо узатат мугалим.
— Унга суу кошобуз. Түз салабыз. Камыр кылабыз.
Текст угуу. Биз чоң атам экөөбүз буудай талаасында келе жатканбыз.
— Сен нан эмнеден жасаларын билесиңби?
— Жок!
(Окуучулар сүрөттөргө карап жооп беришет).
Макалдар менен иштөө.
— Макалаларга көңүл бурабыз!- дейт мугалим.
— Кимдин эмгеги аркылуу нан биздин дасторконго келет?- деп кайрылат мугалим.
(Сабактын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз).
А.Алибеков, «Кут Билим»
Комментарийлер