“Business Case — 2024” хакатону: ишкердикти өнүктүрүүгө кадам

  • 03.12.2024
  • 0

“Ала-Тоо” Эл аралык университети 40 жаш таланттан турган команда жана жыйырмадан ашык алдыңкы компанияларды бириктирген “Business Case 2024” хакатонун өткөрдү.

“Business Case - 2024” хакатону: ишкердикти өнүктүрүүгө кадам

Катышуучулар атаандаштык чөйрөдө өздөрүнүн көндүмдөрүн жана креативдүү ыкмаларын колдонуу менен компаниялар берген реалдуу бизнес-кейстерди чечишти.

Иш-чараны колдогон ири компаниялардын арасында: Бакай Банк, Partner Neft, Яндекс Go, Макси Чай, Geeks, Ololo, Риха, Eco Suu, Твой Заряд, Абдыш Ата, Practicum, Kettik, iHub Academy, SunRent, Туран жана Ulush болду.

“Business Case - 2024” хакатону: ишкердикти өнүктүрүүгө кадам

Бакай Банк жана Partner Neft өзгөчө колдоо көрсөтүп, байге фондун эки эсеге көбөйтүп, катышуучуларга чон дем-күч берди.

Мелдештин жыйынтыгында, 12 команда финалга чыгып, өз чечимдерин кесипкөй калыстар тобунун алдында сунушташты.

“Business Case - 2024” хакатону: ишкердикти өнүктүрүүгө кадам

Хакатон бизнес көндүмдөрүн өнүктүрүү, жаштар менен алдыңкы компаниялардын ортосундагы байланышты чыңдоо, ошондой эле чыныгы бизнес үчүн инновациялык идеяларды жаратуу үчүн мыкты платформа болду.

Бөлүшүү

Комментарийлер