“BRITISH BULLDOG” ЭЛ АРАЛЫК СЫНАККА “КРЕАТИВ-ТААЛИМ” ББКнын ОКУУЧУЛАРЫ КАТЫШТЫ
- 12.12.2024
- 0
“British Bulldog” деп аталган англис тили боюнча олимпиадага “Креатив-Таалим” ББКнын 2-11-классынын 343 окуучусу катышты. Бул англис тилин окуган окуучулар арасында тилди билүү деңгээлин текшерүүгө жана кызыгууну арттырууга багытталган эл аралык сынак.
Маалыматка таянсак, ал адатта орто мектептерде өткөрүлүп, окуучулардын грамматика, сөз байлыгы, тексттерди түшүнүүсү боюнча билимдерин баалайт.
Сынактын өзгөчөлүктөрү — сынакка көптөгөн мектептерден окуучулар катышып, өздөрүнүн англис тилин билүү деңгээлин сынашат, тапшырмалар англис тилинин эл аралык стандарттарына ылайык түзүлөт, грамматика, сөздүк жана текстти түшүнүү боюнча суроолор камтылган жана жогорку упай топтогон окуучуларга сертификаттар, дипломдор жана белектер берилет.
“British Bulldog” олимпиадасы бир учурда бир нече өлкөдө өткөрүлгөндүктөн, окуучуларга өз мектептеринде отуруп, дүйнөлүк деңгээлдеги сынакка катышууга мүмкүнчүлүк берет.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер