БОРБОР КАЛААДАГЫ МЕКТЕПТЕРГЕ СЕРТИФИКАТТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 21.12.2023
  • 0

Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун мектептерине интерактивдүү такта сатып алуу сертификаттары тапшырылды. № 24 мектеп-гимназиянын базасында интерактивдүү такталарга сертификаттарды тапшыруу аземи   өттү.

БОРБОР КАЛААДАГЫ МЕКТЕПТЕРГЕ СЕРТИФИКАТТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Бул иш-чаранын негизги максаты — мектептердин материалдык-техникалык базасын колдоо, мугалимдерге жана окуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле   билим деңгээлин көтөрүү болуп саналат.

БОРБОР КАЛААДАГЫ МЕКТЕПТЕРГЕ СЕРТИФИКАТТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Биринчи май районунун башчысы Мурат Осмонов интерактивдик такталарды алууга тастыктамаларды тапшырып, мугалимдерге   жаңы дем,  жетишкендиктерди каалап, окуучулардын ийгиликтери мындан да жогору болооруна ишеничи бар экендигин баса белгилеп кетти.

БОРБОР КАЛААДАГЫ МЕКТЕПТЕРГЕ СЕРТИФИКАТТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Интерактивдүү панель – бул толук кандуу жеке компьютерди жана жогорку сапаттагы сенсордук дисплейди бириктирген түзүлүш.

БОРБОР КАЛААДАГЫ МЕКТЕПТЕРГЕ СЕРТИФИКАТТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

БОРБОР КАЛААДАГЫ МЕКТЕПТЕРГЕ СЕРТИФИКАТТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул толук иштей турган чоң планшет компьютер. Эми презентацияны же лекцияны баштоо үчүн проектордун же өзүнчө ноутбуктун кереги жок. Бул  себептен интерактивдүү тактанын жардамы менен балдар окуу материалын терең жана тез үйрөнүшөт.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер