БМПК – ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЛИДЕРИ!

  • 02.06.2023
  • 0

БМПК – ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЛИДЕРИ!

Урматтуу келечек ээлери, Сиздерге Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжине окууга тапшырууну сунуштаймын. Биздин окуу жайда билим берүү менен тарбия, теория менен практика айкалыштырылып окутулат. Сиздин мыкты педагог болуп жетилүүңүзгө бардык шарттар түзүлгөн. Окуу мезгилинде республиканын бардык региондорундагы жана борбордогу педагогикалык окуу жайларга академиялык мобилдүүлүк боюнча барып окуп келүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Спортко кызыксаңыз бокс, стол теннис, волейбол, баскетбол залдарыбыз бар. КР эмгек сиңирген машыктыруучулары, КР эмгек сиңирген артисттери, эл агартуунун мыктылары Сиздерди окутат.

Сиз өз келечегиңизди биз менен баштаганыңыз туура, анткени, мугалимдик кесип адам тарбиялай турган, жакшы сапаттарды калыптандырып, адамзаттык баалуулуктарды үйрөтүүчү кесип болуп эсептелет. Бала окутуп, алардын аруу дүйнөсүндө жашаган ак ниет кесиптин ээси болууга чакырамын.

Урматтуу абитуриент, Сиз убактыңызды туура пайдаланып, компетенттүү адис болгуңуз келеби? Анда биздин окуу жайдын эшиги Сиз үчүн ачык!

Директор Улан Турдалиев

БМПК төмөндөгү багыттарда адистерди даярдайт:

050601 «Музыкалык

билим берүү»

Адистиги: «Музыка мугалими, музыка жетекчиси»

Окутуунун формасы: бюджет, контракт

Окутуунун мөөнөтү: 9-кл. — 3 ж. 10 ай, 11-кл. — 2 ж. 10 ай

Сырттан окутуунун мөөнөтү: 11-кл. — 3 ж. 6 ай

Алынуучу сынак:  Музыкалык жөндөмүн текшерүү (угуусу, эске тутуусу)

 

050303 «Чет тили»

Англис-немис/ Англис-түрк

Адистиги: «Башталгыч класстардын чет тили мугалими»

Окутуунун формасы: контракт

Окутуунун мөөнөтү: 9-кл. – 2 ж.
10 ай, 11-кл. – 1 ж. 10 ай

 

050709 «Башталгыч класстарда окутуу»  (күндүзгү/сырттан окуу)

Адистиги: Башталгыч классынын мугалими

Окутуунун формасы: бюджет, контракт

Окутуунун мөөнөтү: 9-кл. — 2 ж. 10 ай, 11-кл. — 1 ж. 10 ай

Сырттан окутуунун мөөнөтү: 11-кл. — 2 ж. 6 ай

 

050704 «Мектепке чейинки
билим берүү»  (күндүзгү/сырттан окуу)

Адистиги: Мектепке чейинки балдардын тарбиячысы

Окутуунун формасы: бюджет, контракт

Окутуунун мөөнөтү: 9-кл. — 2 ж.10 ай, 11-кл. — 1 ж. 10 ай

Сырттан окутуунун мөөнөтү: 11-кл.
— 2 ж. 6 ай

 

050721 «Дене тарбия»

(күндүзгү/сырттан окуу)

Адистиги: Дене тарбия мугалими

Алынуучу сынак: Дене тарбия жана кыймыл-аракети боюнча нормативдерди тапшыруу

Окутуунун формасы: бюджет, контракт

Окутуунун мөөнөтү: 9-кл. — 2 ж. 10 ай, 11-кл. — 1 ж. 10 ай

Сырттан окутуунун мөөнөтү: 11-кл. — 2 ж. 6 ай

230109 “Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо”

Адистиги: Техник-программист

Окутуунун формасы: контракт

Окутуунун мөөнөтү: 9-кл. — 2 ж. 10 ай, 11-кл. — 1 ж. 10 ай

Кабыл алуу комиссиясына керектелүүчү документтер:

► Арыз;

► Жалпы билимин күбөлөндүргөн мамлекеттик документ (күбөлүк же аттестат);

► 3х4 өлчөмүндөгү 8 даана сүрөт;

► 086-У медициналык маалымкат;

► Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү же паспорттун көчүрмөсү.

► Аскердик билет же катталганы боюнча күбөлүк (аскерге милдеттенмелерин алгандар үчүн)

Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи. И.Ахунбаев көчөсү, 121. https://bmpk.kg; bmpk_t.ermatova. Тел.: 0312 56-39-57; 0702108-708

Бөлүшүү

Комментарийлер