«Жаш мугалимдин депозити» программасы ишке ашырылууда
- 23.12.2024
- 0
Бишкек шаарында «Жаш мугалимдин депозити» сынагы 2 тур менен өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Биринчи тур №6 мектебинин базасында тест түрүндө уюштурулган. Ал эми экинчи тур маектешүү форматында болду.
Бүгүнкү күндө 126 адамдын ичинен 100 жаш педагог бардык этаптарды ийгиликтүү аяктады. Эми алар менен мектепте 3 жыл үзгүлтүксүз иштөө боюнча келишим түзүлүп, жыйынтыгында 90 миң сомго жакын акча төлөнөт.
Аталган программага борбор калаадагы ЖОЖду жаңы гана аяктаган муниципалдык мектептердин мугалимдери катыша алат.
Бул программаны ишке ашыруунун артыкчылыгы жаш кадрларды тартуу, ишке шыктандыруу жана иш шарттарын жакшыртуу болуп саналат.
Бөлүшүү
Комментарийлер