БИШКЕКТЕ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН САЛТТУУ ЭКОЛОГИЯЛЫК КУБОК ӨТҮҮДӨ
- 08.04.2026
- 0
Бишкек шаарында 2026-жылдын 31-мартынан 30-апрелине чейин мектеп окуучулары арасында салттуу Экологиялык кубок өтүп жатат. Иш-чара жаштардын экологиялык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана аларды актуалдуу экологиялык маселелерди чечүүгө тартууга багытталган.
Быйылкы мелдешке шаардагы жалпы билим берүүчү мектептердин 9–11-класстарынын окуучуларынан түзүлгөн 27 команда катышууда. Ар бир команда 7 окуучудан туруп, жалпы катышуучулардын саны 189 адамды түзөт.

Кубоктун алкагында 7-апрелде катышуучулар үчүн Бишкек шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү ишканага таанышуу экскурсиясы уюштурулуп, ага командалардын өкүлдөрү жана коштоп жүргөн мугалимдерден турган 30га жакын адам катышты.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Эл аралык инновациялык технологиялар университети уюштурууда.
Экологиялык кубоктун негизги максаты — жаштарды экология тармагындагы изилдөө жана практикалык иштерге тартуу, алардын кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү, экологиялык маданиятты калыптандыруу жана шаардагы экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө коомдук катышууну күчөтүү.

Программанын алкагында бир нече сынак этаптары өткөрүлөт. Алардын катарына экологиялык долбоорлорду коргоо, интеллектуалдык оюн, «Экобатл» экологиялык акциясы, «Көк Арча» видеороликтер сынагы жана илимий макалаларды даярдоо кирет. Катышуучулар шаардагы транспорт жана калдыктар маселеси, альтернативдүү энергия, экологиялык коопсуздук, шаар чөйрөсүн жана туризмди өнүктүрүү сыяктуу актуалдуу темалар боюнча долбоорлорду сунушташууда.
«Экобатл» акциясынын алкагында командалар аймактарды тазалоо боюнча иш-чараларды өз алдынча уюштуруп, анын жыйынтыктарын фото жана видео материалдар аркылуу катташат.
Жыйынтыктоочу иш-чаралар онлайн-платформаларды колдонуу менен аралаш форматта өткөрүлүп, жеңүүчүлөр бардык сынак этаптарынын жыйынтыгы боюнча аныкталат.
Экологиялык кубок жаштардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга, экологиялык жоопкерчилигин өнүктүрүүгө жана туруктуу өнүгүү идеяларын жайылтууга багытталган.
Комментарийлер