Бишкекте кытай тасмаларынын жана телесериалдарынын көргөзмөсү өттү

  • 03.08.2023
  • 0

Бүгүн, 3-августа Бишкек шаарында «Пекиндин көрүнүктүү тасмаларынын жана телесериалдарынын чет элдик көргөзмө сезону» өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Кыргызстан, Кытай кызматташтыгынын алкагында өткөрүлгөн бул иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Кинематография департаментинин директору Акжолтой Бекболотов, Кыргызстандагы медиа тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү катышты.

Катышуучуларга көрүнүктүү кытай тасмалары, кытай маданияты жана салттарын чагылдырган көрсөтүүлөр тартууланып, тажрыйбалуу кинорежиссерлор менен эркин фораматта пикир алышуу болду.

Иш-чара теле көпүрө аркылуу Пекинде оффлайн режиминде, ал эми Кыргызстанда онлайн форматында айкалыштырылган тартипте өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер