БИШКЕКТЕ “КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮ ЖАНА МАНАС ФЕНОМЕНИ” АТТУУ ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ
- 04.12.2025
- 0
“Манас” улуттук академиясы, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана УИАнын Ч. Айтматов атындагы адабият институту биргелешип “Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана Манас феномени” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияны өткөрүштү.
Иш-чарага КР Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, КР Президентинин кеңешчиси Марат Иманкулов, “Манас” улуттук академиясынын президенти Назира Аалы кызы, академик Абдылдажан Акматалиев, КУУ ректору Догдурбек Чонтоев баштаган өлкөнүн илим, маданият коомчулугунун өкүлдөрү, ошондой эле Улуу Британиядан Жеймс Пламтри, Индиядан Пунит Гаур, Түркиядан Нажийе Йылдыз жана Мехмет Черибаш сыяктуу чет өлкөлүк окумуштуулар, Казакстандан белгилүү манасчы жана жазуучу Баянгали Алимжанов катышты. Иш-чарага мындан тышкары манас таануучулар, студенттер жана изилдөөчүлөр да кеңири катышышты.
Конференциянын негизги максаты Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый өнүгүүсүн, анын идеялык жана маданий негизи катары “Манас” эпосунун феноменин жаңы илимий көз караштар менен талкуулоо болду. Катышуучулар улуттук иденттүүлүк, руханий мурас, заманбап мамлекеттүүлүк концепциялары жана “Манас” эпосунун дүйнөлүк маданияттагы орду боюнча баяндамаларды сунуштап, терең талкууларды жүргүзүштү.
Иш-чара “Манас” эпосун илимий багытта кайра карап чыгууга, эл аралык кызматташтыкты күчөтүүгө жана кыргыз руханий мурасын дүйнөгө таанытууга өбөлгө болгон маанилүү аянтча катары бааланды.
Комментарийлер