БИШКЕКТЕ ХОККЕЙ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
- 06.03.2024
- 0
10-16-март күндөрү Бишкек шаарында үчүнчү дивизиондун («А»тайпасы) командалары арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.
Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынын президенти, Улуттук Олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти Анвар Оморканов билдиргендей, жеңиш үчүн алты өлкөнүн — Кыргызстан, Мексика, Түштүк Африка, Люксембург, Түркмөнстан жана Таиланддын командалары мөрөй талашат.
Бул беттештерде Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы экинчи дивизионго чыгуу үчүн күч сынашат. Командалар бири-бири менен бир айлампада ойношот.
Кыргызстандын хоккей чеберлер командасы беттеше турган күндөр:
- Кыргызстан — Таиланд, 10-март, саат 20:00;
- Кыргызстан — Люксембург, 11-март, саат 20:00;
- Кыргызстан — Түркмөнстан, 13-март, саат 20:00;
- Кыргызстан — Мексика, 14-март, саат 20:00;
- Кыргызстан — Түштүк Африка Республикасы, 16-мартта саат 20:00дө беттешет.
Оюндар «Бишкек Арена» шаардык муз аянтчасында өткөрүлөт. Дареги: Виноградная көчөсү 1/3. Мелдеште жеңип чыккан команда экинчи дивизионго (Б тобу) жолдомо алат.
Кабыл Макешов, “Кут Билим”
Комментарийлер