Erasmus+ DIGITECH долбоорунун старттык жолугушуусу

  • 14.01.2026
  • 0

Бишкек шаары, 2026-жылдын 12–16-январы — Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында Erasmus+ программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан DIGITECH – “Технологиялык процесстерди жана өндүрүштү санариптештирүүгө инновациялык технологияларды киргизүү” аттуу эл аралык долбоордун старттык (kick-off) жолугушуусу болуп өттү. Долбоор Capacity Building in Higher Education багыты боюнча Европа Биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.

Erasmus+ DIGITECH долбоорунун старттык жолугушуусу

DIGITECH долбоору жогорку техникалык билим берүүнү модернизациялоого жана жасалма интеллект, машиналык окутуу, Big Data жана санариптик эгиздер (Digital Twins) сыяктуу инновациялык санариптик технологияларды «Технологиялык процесстерди жана өндүрүштү автоматташтыруу» багытындагы билим берүү программаларына киргизүүгө багытталган. Долбоор Кыргызстандын, Армениянын жогорку окуу жайларында ишке ашырылат. Долбоордун жалпы бюджети 675 526 евро түзөт.

Долбоордун координатору болуп Ош технологиялык университети саналат. Бул университет үчүн Erasmus+ долбоорунун координатору катары биринчи жолу чыгышы болуп, анын эл аралык потенциалын өнүктүрүүдөгү жана регионалдык жогорку билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуудагы маанилүү этап болуп эсептелет.

Долбоорго ошондой эле Erasmus+ программасынын жаңы бенефициары — Кыргыз-Герман прикладдык информатика институту катышууда. Бул факт улуттук жогорку окуу жайлардын европалык билим берүү демилгелерине катышуусунун кеңейип жатканын көрсөтөт.

Старттык жолугушууга Кыргыз Республикасынын, Германиянын, Армениянын жогорку окуу жайларынан келген өнөктөш университеттердин өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын расмий бөлүгүндө Ош технологиялык университетинин жетекчилигинин, Кыргыз Республикасындагы Erasmus+ Улуттук офисинин жана тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү куттуктоо сөздөрү менен чыгып, эл аралык кызматташтыктын маанисин жана Германия менен Армениядагы өнөктөштөрдүн долбоорду ишке ашыруудагы салымын өзгөчө белгилешти.

Беш күндүн ичинде катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди талкуулашты:

долбоорду башкаруу жана сапатты камсыздоо системасы;

академиялык мобилдүүлүк жана окутуу программаларынын пландары;

долбоордун туруктуулугу жана узак мөөнөттүү таасир стратегиясы;

Европа Биримдигинин талаптарына ылайык жабдууларды сатып алуу принциптери;

долбоордун жыйынтыктарын коммуникациялоо, жайылтуу жана визуалдаштыруу.

Долбоордун негизги компоненттеринин бири болуп университеттерде санариптик эгиздер лабораторияларын түзүү, окуу программаларын жаңылоо жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу саналат. Долбоордо инклюзивдүүлүккө өзгөчө көңүл бурулуп, аялдарга, социалдык жактан аялуу топторго жана алыскы аймактардан келген студенттерге тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу максат кылынган.

DIGITECH долбоору Европа Биримдигинин санариптик трансформация, туруктуу өнүгүү жана жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу багытындагы артыкчылыктарына толук шайкеш келет жана Индустрия 4.0 шарттарында бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган.

Долбоордун жыйынтыктары туруктуу институционалдык таасир тийгизип, катышуучу өлкөлөрдө инновациялык жана практикага багытталган техникалык билим берүүнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер