БИШКЕКТЕ БАЛДАРДЫН ОЮН АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ

  • 06.09.2022
  • 0

Бишкектеги Фучик атындагы сейил бакта балдар үчүн жаңы оюн аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бадардын оюн аянтчасынын курулушу “Ротари-клуб Бишкек” коомдук бирикмесинин колдоосу менен ишке ашырылган.

Анын салтанаттуу ачылышына Бишкек шаардык кеңештин  төрагасы Кубанычбек Конгантиев, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев ж.б. катышты.

Келген меймандар таза абада көп функционалдуу заманбап балдардын оюн аянтчасын ачкан “Ротари-Клуб Бишкек” коомдук бирикмесинин жетекчилигине ыраазычылык билдирүү менен, шаар тургундарын балдардын буюмуна аяр мамиле жасоого үндөштү.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер