Бишкек боюнча 37 мектепте жайкы лагерь ачылды

3-июндан 28-июнга чейин борбордун 37 мектебинде мектеп лагерлери иштейт. Ага жакшы окуган окуучулар, активист улан-кыздар, көп балалуу жана социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдөн 4 275 бала катышат.

Мектеп лагерлери 20 күн бою саат 8:00дөн 14:00гө чейин иштеп, балдар ар кандай иш-чараларга катышат.

Бишкек шаардык билим берүү департаментинин адиси Мээрим Халиалдаеванын айтымында, балдар үчүн июль айында Ысык-Көлдүн жээгинде да эс алуу уюштурулат. Бул лагерлерден сырткары, балдардын чыгармачылык борборлору ачылды. Каалоочулар ар кандай ийримдерге, секцияларга катышса болот.

№7 орто мектебинде уюштурулган «Алтын балалык» лагерине жүздөн ашуун 1-класстан 5-класска чейин көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ата-энеси жок балдар кабыл алынды. Бул жерде балдардын коопсуздугун жана ден соолугун камсыздоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Анда балдар чыгармачылык борбордо, спорт секциясында, ден соолук бурчунда ар кандай кызыктуу иш-чараларга катышууда.

 

Эльвира Какиева

видео Дилде Шатанова

Бөлүшүү

Комментарийлер